Добавить статью
9:05, 9 июня 2011 36391

Өзбекстан тарабынан былтыр 8-апрелден баштап түштүктөгү жабылган чек ара криминалдык группалардын жана коррупциянын өсүшүнүн, экономикалык жана социалдык туруксуздуктун  олуттуу булактарынын бири

Катаалданган өтүү чек арада бир жылдан ашык уланып келе жатат. 7 апрелге чейин негизинде чоӊ Карасуу базарында болгон чек ара соодасы 70% төмөндөдү изилдөөнүн жыйынтыктары боюнча. Фергана өрөөндүн абдан чоӊ талабы, 10,3 млн. калкы Өзбекстан тарабынан жана 2,8 млн.калкы Кыргызстан тарабынан, соодасыз эч кантип жашай албайт. Элдер айласыздан, окко учурашын түшүнүп, чек араны мыйзамсыз түрүндө өтүшөт.

Расмий импорт статистика боюнча Өзбекстандан келген жемиштер жана жашылчалар жок, бирок факт түрүндө чоӊ партиялар камаздар менен мыйзамсыз түрүндө Халмиён жана Алга айылдар (Баткен областы) аркылуу өтөт. Бул айылдарда груздар тоскоолдуксуз өтө турган жерлер бар. Ашуу базасыга окшогон үйлөргө  Өзбекстандан келген камаздар кирип, ордунда товарды жергиликтүү кылып керектүү документтер менен оформление кылышат. Документтер чыныгы анткени аларды Казахстан жана Оруссия чек араларында көрсөтүш керек. Жемиштер жана жашылчалардын чоӊ бөлүгү Бишкектен кийин Оруссияга жана Казахстанга кетет. Мындай импорт Өзбекстанда жемиштер жана жашылчалардын 1,5 айга эртерээк бышып жетилүүсү менен түшүндүрүлөт. Чек ара соодасынын борбору акырындан Карасуу базарынан Баткен областына жылып жатат. Кытай товарларынын көлөмдөрү расмий экспортто өтө аз болгондугу бул товарлардын Өзбекстанга мыйзамсыз, контрабанда жолу аркылуу өтүүсүн далилдейт.

Экспортко окшош, импорттун расмий статистика түзүлүшүндө да айыл чарба продукциясынын (жемиштер жана жашылчалар) жоктугу анын контрабандалык мүнөзүн көрсөтөт. Чек аранын бүткүл айланасында (1099 км) же Кыргызстандын жалпы чек арасынын 28,3 пайызында ар кандай мыйзамсыз (легалсыз) жолдор бар. Алар аркылуу товарлар чек аранын эки тарабына тең өтүшөт.

Дүйнөлүк Банктын изилдөөсү боюнча Карасууда бүткүл сатылган продукциянын 70 пайызы Өзбекстанга кетет. Чек ара аймактарында калктын 80 пайызы соода менен жандарын багышат. Чек ара соодасы жумуш орундарын түзүүгө, элдердин кирешесине жана улуттардын ортосундагы мамилеге негизги таасир кылган факторлордун бири. Сооданын негизги максаты бул пайда көрүү жана жан багуу, ошондуктан соодагерлер үчүн элдердин улуттук чыгышы маанилүү эмес. 

Бир жагынан соода өсүп жатат, бир жагынан криминал өсүп жатат. Чек аранын бүткүл айланасында (1099 км) ар кандай мыйзамсыз (легалсыз) жолдор бар, алар аркылуу соодагерлер мамлекеттик органдарга мыйзамсыз төлөмдөрдү беришет. Көп менчиктештирилген жерлер бар, алардын баары анык адамдар менен каралат. Криминалитеттин мамлекеттик органдар менен чогуу өсүү процессии жүрүп жатат. Бирге иштөөчүлүк пайда көрүүнүн кызыкчылыгын көздөйт. Жыйынтыгында, криминалдык группалардын коому пайда болду, жана күнүгө бандиттердин саны өсүп жатат.

Бийлик канчалык азыркы абалга көзүн жапса, ошончолук түштүктөгү абал начарлап жатат. Түштүктүн проблемасы мамлекеттин эӊ негизги проблемалардын бири. Мындай улана берчү кырдалда ушул кылмыш группалар чек ара ачылган кезде да расмий бийлик органдарына чоӊ таасир кылат. Бандиттер бүткүл бийлик органдарында катышып, ошону менен мурдагы жакшы абалга келүү кыйын болот. Мамлекеттик бийликтин азыркы абалга көӊүл бурбагандыгы жана уюштурулган кылмыштын активдешүүсү коопсуздук менен камсыздоодо чоӊ проблемаларды жаратып жатат. Улуттук коопсуздукка опуза болгон мыйзамсыз чек ара активдүүлүгүнүн (терроризм, наркотик соодасы, контрабанда, контролсуз болгон миграция жана башкалар) ургаалдыгы күчөп жатат.

Сооданы чек араны жабуу аркылуу токтотуу мүмкүн эмес экенин изилдөө көрсөтүп жатат. Соода ар кайсы кезде уланып жатат, бирок чек ара жабылган кезде элдер, бизнес жана мамлекет зыян тартып жатышат. Чек ара жабылгандан кийин мыйзамсыз төлөмдөр 2-3 эсе өстү. Коррупция менен көмүскөй экономика өсүп жатат, мамлекет болсо бюджетке түшө турган мүмкүн болгон кирешелерди албай жатат. Көмүскөй экономиканын легалдашуу процессии жүрбөй, тескерисинче, бүткүл соода агымдар көмүскөй экономикага кетип жатат. Мисалы, азыркы учурда бир гана «Абу-Сахи» фирмасы чек арадан жүктөрдү ачык ташып өтө алат, ал эми элдер кыла албайт.

Чек ара ачык учурунда болгон расмий соода мурдагы экономикалык, саясий, социалдык жана маданий байланыштарды сактоо үчүн, чек ара кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн жакшы шарттарды түзөт. Чек ара кызматташтык регионалдык коопсуздукту жаратуунун бир фактору жана жергиликтүү проблемаларды чечүүдө чоӊ мааниси бар. Чек аранын туруктуулугу жана чек арадан өткөн агымдарды фильтрлөө жөндөмү улуттук жана регионалдык коопсуздуктун маанилүү шарты.

Чек араны ачуу жана элдер чек араны нормалуу өтүү үчүн шарттарды түзүү зарыл. Ошондо товарлардын өтүшү көбүнчөсү расмий түрдө болот, мындай өтүү коопсуздукту бир гана чек ара аймактарында эмес, ал эми акырындан бүткүл региондо көтөрөт. Өнүгүп жаткан чек ара соодасы улуттардын мамилесинде жараштыруучу болот. Мамлекет чек ара агымдарын кароо жана бюджетке кирешелерди алуу мүмкүнчүлүгү пайда болот. Бул үчүн бийликке Өзбекстандын бийлиги менен чек араны ачуу боюнча сүйлөшүлөрдү жүргүзүү зарыл.

Эгерде бул олуттуу проблеманы чечпесе, анда чек ара зонасындагы чатак чоӊ регионалдык деӊгээлге чейин өсүп кетет. Мындай кырдаалдын уланышы бир гана криминалдын жана алар менен иштеген бийлик органдардын пайдасы үчүн болот.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×