Добавить статью
9:01, 13 июня 2011 40522

Президент Р.И.Отунбаевага ачык кат

Урматтуу перзидент Роза Исаковна!

Колума калем кармап, сизге ачык кат жазуума көкүрөктө кайнап, көөдөндү жарып чыккан көптөгөн көйгөйлөр себеп болду.

Кыргызстан - эгемендүү, бакубат, экономикалык жактан кубаттуу эркин өлкө болушун, кыргыз тили - мамлекеттик тил болушун 1989-90-жылдары калың топ улуу-кичүү мекендештерим менен бирге талап кылып, Кыргызстан демократиялык кыймылы (КДК) деген уюм да түзгөн элек. Ал убактагы жаштык жигер, таза-аруу тилек менен алдыга коюлган ал максаттан бүгүн да кайтканым жок. Болгону желдей жылып өткөн 20 жылда эмнеге жетиштик, эмне кемчилдиктерди кетирдик, буга 5 млн элдин акыл-эстүү бөлүгү баарыбыз жоопкербиз.

Айрыкча атпай журттун тагдырын өз моюндарына алышкан атка минерлер, өзгөчө сиз жана сизге чейин журт башында болушкан А.Акаев, К.Бакиевдер баш болуп кыйраган экономика, чар жайыт идеология, туташ коррупциялашкан коомдук түзүлүш, бийик руханий наркынан адашкан улуттук менталитет эбак турмуштан орун-очок тапкан, кемпир-чалдар кароосуз калган, жаштар келечекке үмүтсүз караган жыйырма жылдык соңку тарыхтын күзгүсүнөн өзүңүздөрдү карап, колду көкүрөккө коюп, калыс сөздү айтууга кимиңиздердин эркиңиздер жетет?!

Ооба, өткөн он тогуз жылга менин тиешем жок, болгону мен Кыргызстанды бир жылдан бери башкарып келатам, деп жооп беришиңиз мүмкүн.

Урматтуу президент айым, Роза Исаковна! Анда жөргөмүштүн желесиндей чырмалышкан жыйырма жылдан бир жылды үзүп алып, кеп нугун уланталы.

Сизди мен кыргыздын ак элечегин кийип алып, элчи, тышкы иштер министри болуп иштеп жүргөн мезгилиңизде дүйнөлүк чоң трибунадан сүйлөгөнүңүздү көрүп, сыртыңыздан сыймыктануу менен сыйлачумун. Кийин Кыргызстанга келип «Асаба» улуттук кайра жаралуу партиясын жетектеп, укугу тебеленип, кыйроого барткан кыргыз улутунун маселесин чечүүгө киришкениңизде, накта элибиздин мекенчил, намыскөй кызы катары ансайын сый-урматым арткан.

Өзүңүздүн айтууңуз боюнча, түрдүү себептер менен социал-демократтар партиясына өтүшүңүздү түшүнүүгө аракет кылгам. Депутаттык мандат аркылуу элдин кызыкчылыгы үчүн тике туруп күрөшөт деп ишенгем. Бир жылдык президенттик ишмердүүлүгүңүздү көрүп, элдин келечеги үчүн эмес, бийликке эптеп келүү үчүн гана күрөшкөнүңүзгө күбө болуп олтурам. Калыстык үчүн айтып коюш керек-өткөн жылы ынкылаптан кийин өлкөнү өрт каптап кетээрде аял башыңыз менен саясий туруктуулукту сактап кала алдыңыз. Колунда бийлиги бар адамга бул иш албетте аздык кылат.

Согуштан кийинки талаадай чачылып жаткан Кыргызстандын бир да тармагын иретке сала албадыңыз. Конституциялык реформа бийлик бутактарынын тирешүүсүн күчөттү. Экономиканы көтөрүүнү ойлогон жеткечи да, ишенимдүү программа да жок. Батышка ыктаган, кыргызга зыяндан башка пайдасы жок идеология сиздин учуруңузда гүлдөп өнүктү. Бийлик структураларын, укук коргоо тармагын реформалоону эл менен кеңешпей НПОлор менен, батыштын идеологдору менен, ОБСЭ, БУУ жана башка уюмдар менен кеңешип чечүүгө кириштиңиз. Кыргызстанды талкалоого чоң салым кошкон Эл аралык валюта фонду, Бүткүл дүйнөлүк банк сыяктуужемге кошуп бомба салынган торболордон дале көңүлүңүз калбай биротоло капканга экинчи бутту салып бергенге даяр турасыз. Алар болсо ашкере акылдуусунуп, дүйнөлүк коомчулукка 2010-жылдагы апрель, июнь окуяларын иликтемиш болуп, кыргыздарды күнөөлөп, жыйырма жылдык даярдыктан соң коогалаңды биринчи баштаган өзбектерди жабырлануучу кылып жыйынтык чыгарышты. Бизге чала. Кандай ойдо экенине карабай келген конокторду төргө өткөрө бердик эле, жаман үйдү коногу бийлейт болууда.

Жок дегенде батыш кеңешчилери менен акылдашып жазылган азыр биз жашап жаткан Текебаевдин Баш мыйзамындагы «президент мамлекет башчысы болуп саналат. Президент элдин жана мамлекеттик бийликтин биримдигин көрсөтүп турат», - деген 60- беренедеги укугуңузду колдонуп, Акаев айткан жалпыбыздын үйүбүз болгон Кыргызстандын да ээси, президенти бар экендигин билгизип үн катып койсоңуз боло, жарыктык.

Дагы бир маселе, ошол эле Баш мыйзамдын 52- беренесинде «Жарандар мамлекеттик жана коомдук мааниси бар маселелер боюнча Элдик курултайды өткөрүүгө укуктуу. Элдик курултайдын чечими сунуш катары тиешелүү органдарга жиберилет», - деп жазылган. Ушул укугунан пайдаланып, кыргыз жарандары Элдик курултай өткөрүү боюнча демилгелүү топ түзүп, ашуу ашып, суу кечип, өз чөнтөгүнөн каражат таап, облустарда элдик жыйындарды өткөрүштү.

Анан жакындан бери Сиздин оң колуңуз болгон Э.Каптагаедин демилгеси, сиздин колдооңуз менен Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын курултайы өтмөкчү болуп жатканын угуп, сиздин аппаратыңызда Курултай маселеси боюнча азыраак убакыт иштеп калган мезгилде Эмил мырзанын мага айткан «Курултай эле дейсиңер, керек болсо колот колоттон Курултай деп чурулдатып чыгарып, Курултай дегенде элдин кускусун келтиргендей кылабыз», - деген сөзүн эстеп, анчейин таң калбай баягы айтканын жасап жаткан экен деп түшүндүм. (Ушул көңүлдү кайт кылган сөз жана Сизге кирүүгө болгон үч жолку аракетим майнапсыз аяктаган соң, президенттик аппараттан өз каалоом менен кетүүгө аргасыз болгом).

Жыйырма жылдан бери А.Акаевдин, К.Бакиевдин учурунда бийликти сактап, же бекемдеш үчүн калкан катары пайдаланып келген бул жорукту мындан ары элдин кыжырын келтирбей токтотуш керек. Анткени түпкүлүктүү эл болгон кыргыздар демилге көтөрүп, Кыргызстандын жалпы элинин өкүлдөрү катышкан, Улуттук Улуу Курултай өткөрөлү деп жатса, 30% башка улуттардын кызыкчылыгын коргогон ассамблеянын курултайын бюджеттен акча бөлдүрүп өткөрүү чоң жаңылыш кадам.

Кыргыздардын эл, улут катары өнүгө турган бир эле мекени бар - ал Кыргызстан. Ал эми Кыргызстанда жашаган башка улуттардын көпчүлүгүнүн дүйнөдө өз өлкөлөрү бар. Туура мамлекеттик идеологиянын жоктугунан алар Кыргызстанды өз мекени катары сезишпей, көпчүлүгү конок каадасын күтүшөт. Алар үчүн кыргызстандын паспорту, абасы, суусу, керемет жери эле керек. Болбосо 7-апрелдеги Кыргызстандын келечеги, адилет коом үчүн курман болгон 87 адамдын канчасы башка улуттан экен?...

Ал эми К. Батыров, Салахудинов, И.Абдрасулов башында турган өзбек сепаратистери жөн эле жыргап жашай бербей элди козутуп, автономия, тил статусун сурап, өлкөнү бөлүп-жарууга болгон аракети кан төгүү менен бүттү.

Урматтуу президент Роза Исаковна! Кең пейилдиктин, меймандостуктун да чеги болот эмеспи. Сиз Кыргызстанда жашаган башка улуттардын эле эмес, эң оболу 70% түпкүлүктүү кыргыз элинин, жалпы Кыргызстандын перзиденти болгондон кийин, өзүңүз катышып сөз сүйлөгөн Аксакалдардын республикалык жыйынында (2011.09.02.) кабыл алынган үндөөгө ылайык бөлүнүп-жарылбай бир эле Республикалык Курултай өткөрсөк болбойт беле?!

Абалдан чыгуунун жалгыз жолу катары эл үмүт байлап турган ыйык курултайды дисскритациялап талкалоого батынгандык кыргыздын душманынын гана колунан келет.

ңдолгон ката-ката эмес. Кеч болуп кала электе бул жаңылыштыкты оңдоп, жок дегенде ассамблеянын жыйыны өткөн күндө да республикалык Элдик курултайга делегат шайлоо менен гана чектелип, бизге «акыл-кеңеш» айтканын токтото туруш керек.

Ал эми кыргызстандын жалпы Улуттук Улуу Курултайы (же КРнын элдик курултайы) гана өлкө тагдырына тиешелүү маселени кароого жана тийиштүү чечим чыгарууга акылуу.

Курултай - бул бийлик бутактарын элдин атынан көзөмөлдөп, адилет коом куруунун, чыныгы элдик бийликти орнотуунун жолу.

Курултай - бул кан төгүүнүн, жол тосуунун, пикет-митингдин, ынклаптын жолу эмес, кеңешип-акылдашып абалдан чыгуунун куралсыз тынчтык жолу.

Курултай - бул төрөлөрдүн, бийлердин (атка минерлердин), билермандардын, даанышмандардын арай көзү чарай маселе чечүүчү кут түшкөн орток жайы.

Курултай - бул кыргыз демократиясынын үлгүсү эле эмес, бүтүндөй көчмөн цивилизациянын тарыхый табериги, даанышман табылгасы.

Урматтуу президент Роза Исаковна!

Айланаңызда жүргөн кыргыздын душмандары туура эмес кеңеш берип, Сизди элге жек көрсөтүүдө.

Конституциялык укугуңуздан пайдаланып, өлкө башчысы катары Курултай демилгесин көтөрүп жатышкан бардык тараптардын өкүлдөрүн кабыл алып, бийлик бутактарынын, элдик демилгечилердин, оппозициянын, аксакалдардын, илимий-чыгармачыл интеллегенциянын, жаштардын өкүлдөрү кирген уюштуруу комитетин түзүп, каржы маселесин чечип, элдин талабын угуп, Республикалык Элдик курултайды калыс өткөрүүнү өз колуңузга алууга эркиниз жетеби?

Сиз көп жылдык тажрыйбасы бар саясатчысыз, ак-караны ажырата билген энесиз, эл аралык мамилени түшүнгөн дипломатсыз, коомдук өнүгүүнү байкай билген илимпозсуз - демек тарыхта жаман атты болбой, кайра эл жаңыланууну самап турган мезгилде улуу иш жасап кетүү мүмкүнчүлүгү колуңузда турат.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×