Добавить статью
9:43, 17 июня 2011 43518

Эне тилге эптемей мамиле

«Эбепке себеп», «шылтоого шынаа» деген элибизде ойду так чыгылдырган учкул кептер бар эмеспи. Менин бул макаланы жазууга «Эркин тоо» гезитинин 2011-жылдын 12-апрелиндеги санында Өктөм Калыеванын «Кыргыз тилин кыргыздар гана көтөрөт» деген каңырыгы түтөп жазган кайрылуусу түрткү болду. Бул кайрылууну кайдыгер окуп, кабыл алууга мүмкүн эмес.

Кыргыз эли алмуздактан бери катылгандын катыгын берген кайраттуу, конок келсе, акыркы нанына чейин коюп сыйлаган меймандос, берешен болуп келип, учурда кыргыз тилинин күн өткөн сайын өгөйлөнүп баратканына этибар кылбай жатканы, чынында эле, ой калчоого аргасыз кылат. Бул абалыбыз кайрылууда сезимге таасир этеерлик деңгээлде таржымалданган.

1933-жылы жарыкка чыккан француз тилчиси Жозеф Вендериестин “Тилдердин өлүмү” деген китебинде: “Ар бир тилдин өсүп-өнүгүшүнүн солгун болушу ошол тилде сүйлөгөн элдин кош көңүлдүгүнөн келип чыгат” – деп таасын белгиленген. Балким, кыргыздардын тилдин учурдагы абалына көйгөй катары карабай, болуп жүрчү болумуш катары кабыл алгандыгы-келечекте бир трагедиянын торуна тушугубузду каңкуулап турбайбы? Айрым саясатчы сөрөйлөр, интеллигенциянын кээ бир өкүлдөрү (интеллигенция бул орчундуу көрүнүшкө үн катпайт) кыргыз тили эч качан жоголбойт, тескерисинче, өсөт, өнүгөт деп далилсиз ооз көптүрүп, элди жооткотуп айткан ойлоруна таң каласың.

“Суунун да сурагы бар” дегендей тилди кор тута берсек, камкордук көрбөсөк, узак эмес убакытта азабын тартып калышыбыз айдан ачык нерсе. “Тилим менен тикенек алам” деп куру безенеп сүйлөгөндөн көрө келечектүү, натыйжалуу жана кайтарымдуу иш аракеттерди кечиктирбестен баштоо абзел.

Түштүк аймагынын алыскы айылдарында өзбек сериалдарынын дисктерин бири-бирине кезекке туруп көрүшкөн окуучу балдардын, ар кыл курактагылардын өзбек тилинин сөздөрүн кошуп сүйлөгөнү жаңылык деле болбой калды. Бул туңгуюктан чыгуунун жолун табууну “эл жакшылары”, “жүрөгү эл деп соккон депутаттар” качан эске алат. Өткөн жылы июнь окуяларынын чыгышынын бир себеби-өзбек тилине мамлекеттик статус берүү талабы болгонун билип, калп эле унчукпай унуткарып коюу багытын тутунуп келебиз. Кылчактабай эле кыргыз тилди улуттук идеялогиянын багыты кылып, мамлекеттик атрибут катары нарк-насилин көтөрүшүбүз зарыл.

Шаарда окуган окуучуларыбыз атасын “пахан”, апасын “махан”, акчаны “бабло” деп нукура кыргызча аталашын чанып, мезгил өтүп, агро- тилдин өкүм сүрүшүнө ыңгайлашып, тилдин жоголуу багытына бара жатканы эч кимимбизди ойлонтпой жатат.

Кыргызстанда иш кагаздары толук кыргыз тилине өттү деп маашырлануу менен баяндамалар, эсеп-кысаптар берилип келет. Чындыгында кандай ишке ашууда? Мисалы: КРдин Билим берүү жана илим министрлигинен Ош МУга буйруктар, каттар, көрсөтмөлөр орус тилинде келет. Албетте, орус тилинде жооп талап кылынат.

Жалган жашык эле “Манас” эпосун бешенебизге эш тутуп, куру мактангандан көрө, кыргыз тилин таза, максаттуу колдонуп, өзүбүз дилибизди берип, ката сүйлөгөндү оңдоп, моюн толгогонду уяткарып, жапа- тырмак тил үчүн жан үрөп күрөшө турган учурду улам колдон чыгарып бара жатабыз.

КТРдеги “Жаңы башат” көрсөтүүсүндө 3 кыргыз орус тилинде маектешкенин, 2 кыргыз депутаттын орус тилинде суроо-жооп жүргүзгөнүн көрүп, күйбөгөн жериң күл болуп, телевизорду өчүргөнгө шашасың. Ал каармандар шаарда жашаган бөтөн тилдүүлөр үчүн гана (алыскы айылдарда жашагандар үчүн эмес) сүйлөшкөндөй туюлат.

“Кулак укса, курсак кайнайт” дегендей 2011-жылдын 2-4-февралында Түркиянын Премьер-министри Режеп Эрдоган баштаган делегация, ишкерлердин тобу Бишкекке келгенде, кыргыз тараптан кашайып бирөө да кыргыз тилинде сүйлөшкөн жок. Бул абалды кылдат байкаган Р.Эрдоган Кыргыз Республикасынын Гимнинин кайрмасынан төрт сапты кыргызча айтып, бүт элибиздин намысын козгоп, кытыгылап өттү. Ал эми ишкерлер менен өткөрүлгөн форумда 5 кыргыздын төртөө орус тилинде, бирөө түрк тилинде сүйлөдү. Эмне үчүн кыргыз тилинде сүйлөшпөдү? Бул жагдайды телевизордон көргөндөрдүн көңүлү иренжиди.

“Мамлекеттин, маданияттын сакталышынын негизги элементи-тил болот”-деген Мустафа Кемалдын (Ататүрктүн) осуятын эмнеге туу тутпайбыз. Тайсалдайбыз. Эмне кылуу керек?

“Сууну башынан тундур” дегендей кыргыз тилинде таза сүйлөөнү (орусча сөз кошпой) өлкөнүн жетекчилеринен, чиновниктерден, депутаттардан баштоо зарыл. Алар сүйлөгөндө аргаң жок мыйыгыңдан күлөсүң. Бирок алар эч нерсе болбогондой мантайышат. Алар моюн кайрыбай аткара турган мыйзамга катаал эле берене киргизүү, муктаждык жаратуу керек. Мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамдын 8-беренесин жетекчилер качан аткарышат? Бизде аткаруучулук милдет тегеле эске алынбайт. Миңдеген мыйзамдар кабыл алынат, аткарылбай жатканы толтура. Дегеле бийлик башына кыргыз тили үчүн күйгөн, аны негизги маселе катары эсептеген кашкөй, улутман, мекенчил (сөздүн чыныгы маанисинде) инсан келмейинче, оңолбойт көрүнөт. Себеби кошуна өткөлөрдөн көрүп, күбө болуп келатабыз.

Жетекчилерден үмүт үзүлүп баратканда, мыйзам, токтомдор арык аттап суу кечпегенден кийин, карапайым эл, ар бирибиз үй-бүлөдөн, бала бакчадан, мектептен, ЖОЖдордон жана коомчулуктан баштап жан үрөп, кыргызча так сүйлөгөнгө, туура жазганга өз үлүшүбүздү кошолук.

Кыргыз элинин жөрмөлөгөнүнөн таякка жөлөнгөнүнө чейин көкүрөгүнө эне тилин коргошундай уюта турган иш чараларды уюштуруп (ЖМКларда, телерадиодо), мекенчил сезимин оттой жалындатып, аң-сезимин ойготуп, тилдин жоюлушу-бул улуттун жоголушу экендигин тастыктаган натыйжалуу иш-аракеттерди жүргүзүү керек.

Куру сөздөн алгылыктуу иш аракетке өтчү мезгил эбак колдон чыгып бара жатканын көөдөнүбүздөн сезе билелик.

Кыскача баяныбызды кыргыз тилинин чыгаан билерманы, адабиятчы, сынчы, коомдук ишмер Камбаралы Бобуловдун ыр саптарынан үзүндү келтирүү менен жыйынтыктайбыз:

Кыргыздын кыргыздан башка жоосу жок,

Кыргыздын Ала Тоодон башка тоосу жок.

Эл эмеспиз, журт эмеспиз туугандар,

Эне тилдин ар намысын жоготсок.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×