Добавить статью
8:51, 1 июля 2011 66186

Апрель төңкөрүшү алып келген бийликтин жүзү

"…Интернетте сиздин сайтка капилет кирип калып, китебиңизди бир дем менен аягына чейин окуп чыктым. 100 пайыз сиздин ой-жорумдарыңызга кошулам. Анткени мен да сиз жазган көп окуялардын күбөсү болгон жайым бар. Көптөгөн окуяларды кудум сиз айткандай уккам… Өткөн Акаев доору менен азыркы акыбалга мындан артык акыйкат баа бериле элек деп ишенем… Ушундан улам биз сизден эскерүүлөрдү улантып, Ата - Мекенибизде болуп жаткан акыркы окуяларга анализ жасап турууңузду суранабыз. Менимче, аны китептин уландысы катары баяндаштын зарылдыгы жок. Аны макала же очерк түрүндө жазсаңыз деле болот. Негизгиси, аналитика арбын болсун… Терең урматтоо менен, Болот, Түркия ".

Жогоруда келтирилген кат 2006-жылы күзгѳ жакын менин дарегиме электрондук почтам аркылуу келген эле. Каттын авторун тааныбайт экемин, кимдир бирѳѳ: “Бул жигит Кыргызстандын Туркиядагы элчилигинде кеңешчи болуп иштеген Болот Отунбаев – белгилүү оппозиционер Роза Отунбаеванын бир тууган иниси” деп айтты. (Азыр ал премьер-министр Алмазбек Атамбаевдин КСДПартиясынын штаб жетекчиси).

Ошол эле жылдын октябрь айында “Реформа үчүн” оппозициялык кыймылынын штабында Роза Отунбаеваны жолуктуруп, тигил катты кѳрсѳттүм да: “Бул каттын автору сенин бир тууган иниң”-деп атышат го дедим. Катты алып, күлүмсүрѳп окуп чыкты да, мага унчуккан жок.

Айтылган катта анын автору менин 2006-жылдын жазында жарыкка чыккан “Восток - дело тонкое” или лицо кыргызской власти глазами очевидца” аттуу китепчем жѳнүндѳ кеп болуп жатат. Ага окшогон каттарды бул жылдары пикирлери жана каалоолору менен Кыргызстанда жана чет жакта жашаган окурмандардан алып турам.

«Апрель ынкылабынан” бери бир жыл ичинде ѳлкѳдѳ абал муруңкудан да начарлаганына байланыштуу, окурмандардын каалолорун эске алып, апрель тѳңкѳрүшү биздин элге алып келген бийликтин иш «натыйжаларынын» негизинде “биздин Ата-Мекенибизде болуп жаткан окуяларга» жана анын бүгүнкү лидерлерине ѳзүмдүн баамды берүүнү чечтим.

2010-жылдын 21-майында “24 kg” маалымат агенттигине берген “Үчүнчү каталык – суверендүү Кыргызстанды кыйроого алып келет” деген маегимде мен өзүлөрү басып алган бийликти мыйзамдаштыруу максатында “убактылуулар” Роза Исаковна Отунбаевага (мындан ары РИО) өткөөл мезгилдин президентинин (ӨМП) ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү ниетине байланыштуу “мен бул адамды мамлекет башчысы катары көралбай тургандыгымды” айткам. Анын “митингбастык сыркоосу бар экенин, куру сөзгө жакын экенин” айтып, РИО өлкөнүн биринчи жетекчисине таандык сапаттардан куржалак экенин, так айтканда, анда өлкөнү башкаруу ишинде – мыйзамдуулукту жана тартипти (туруктуулукту) камсыз кылуу боюнча саясый эркинин жана жөндөмүнүн, о.э. өзүн-өзү баалай билүү жана өлкөнүн, анда жашаган элдин тагдыры үчүн жеке жоопкерчилик сезиминин жок экенин назарга түйгѳн элем.

Маекте мен РИОнун негизги соратниктери (Атамбаев, Текебаев, Бекназаров) өлкөнүн жогорку жетекчилик кызматтарында эл кызыкчылыгы үчүн таза жана татыктуу иштөөгө жараксыз экендиктерин да айткам.

РИО жөнүндөгү өзүмдүн пикиримди ырастоо үчүн 2010-жылдын 17-июнунда “Аки пресске” жарыяланган “Кыргызстандын президенти кимге кызмат кылат?” жана “Деньги и власть” гезитинин 2010-жылдын 18-июнь №5-санында басылган “Эл кайрадан жаңылышышы мүмкүн” деген аталыштардагы макалаларымда анын дымактуу кызмат таржымалынан конкреттүү мисалдарды келтиргем.

Арийне, ошол кезде апрель окуяларынын таасири астында жүргөн көпчүлүктөн кимдир бирөөлөр менин пикириме күдүктөнүү менен карагандыр, же кимдир бирөөлөргө жакпай да калгандыр, бул табигый иш. Бирок акскал катары мен өз айткандарыма жоопкерчилик менен мамиле кылам, андыктан менин Кыргызстан өлкөмдү башкаруу боюнча “убактылуулардын” болочок ишмердүүлүгү туурасындагы мындан бир жыл мурда айткан маанайсыз божомолдорумдун канчалык ишке ашканын бүгүн текшерип көрөйүн деп турам.

БИР ЖЫЛДАН СОҢ

Жакында Кыргызстанда шору көп өлкөнү башкарууга АКАЕВге жана БАКИЕВге кызмат кылган адамдардан турган, “жем жеген акырларынан” кол жууган соң өзүлөрүнүн бийлиги үчүн аларга каршы күрөшкөн жаңы бийликти апкелген “2010- апрель ынкылабынын” бир жылдыгы белгиленди. Жаңы бийликтин жыл ичиндеги “ишмердүүлүгүнүн” же иштебегендигинин натыйжасында бүгүн өлкө туюк абалга кептелди. Мындай кырдаал жакынкы кездерде реакциондук көзкарама авторитардык режимдин келип чыгышына жол ачып, Кыргызстандын мамлекеттик суверендүүлүгүн жокко чыгарышы мүмкүн.

Өткөн бир жыл ичинде тагдыр чечээр окуялардын бүтүндөй бир тизмеги, анын ичинде чексиз трагедиялуу, массалык кандуу кыргындар болуп өттү. Ѳз элинин тагдырына кайдыгер карабаган адамдар бул туурасында тайманбай ачык айтышууда. Буга мисал катары мен Кыргызстанда өткөн жылдын башкы жыйынтыктары боюнча 3 аналитикалык бүтүмдөрдүн кыскача жерлерин келтире кетейин.

Таанымал коомдук ишмер, укук коргоочу, “Адилет” укуктук клиникасынын деректири Чолпон ЖАКУПОВА өзүнүн “«Правовая система в Кыргызстане рухнет или уже рухнула» деп аталган маегинде орусиялык “Регнум” маалымат агенттигинин: “Сиздин оюңузча Кыргызстандагы өткөн жылдын негизги жыйынтыктары кайсылар? Өлкө 2010-жылда эмнеге жетишти жана азыр эмнеге келип жетти?” деген суроосуна: “Оң жагыбыз бирөө эле - К.Бакиевден кутулдук. Бирок муну калган көп сандаган терс жактарыбыз басып кетти, алар эчак эле Бакиевдин өзү менен эмес, башкаруу системасына келген, эми көрүнгөндөй, буга таптакыр даярдыгы жок, бул тармакта же тажрибасы, же билими жок адамдар менен байланышкан...” деп жооп берет. (Сentrasia.ru,28.01.2011).

Белгилүү саясый серепчи, «Деньги и власть» жана «Чоң казат» гезиттеринин редактору Турат АКИМОВ ошол эле маалымат агенттиги берген суроого: “Кыргызстан үчүн бирден бир жетишкенибиз – бул саясатчылар жана бийлик ЖЧК (Жоопкерчилиги чектелген коом) сымал элдин, көчөнүн, жарандык коомдун пикири менен баары бир эсептешүү керектигин эми түшүнүштү... Бирок биздин саясый элита бүгүн урунттуу маселелерди чечкенге жөндөмсүз, ал өз элинин башын бириктирүү боюнча идеядан куржалак. ... Эл ишенимдүү бекем колду, парасаттуу кадамдарды, ак сөздү жана акыйкаттыкты каалап турат... Саясатчылар эмне кылып аткандарын азыр эл түк түшүнбөй да калды, андыктан ээрчиткен жагына басууда...” Сentrasia.ru, 27.01.2011.

Дагы бир аналитик жана белгилүү журналист Садырбек ЧЕРИКОВ өзүнүн «Кыргызстан. Власть новая. Грабли старые» деп аталган макаласында: “Тилекке каршы, шору арбын коомчулук зарыга күткөн жаркын үмүттөр ишке ашкан жок, эми Айкөл Манастын мекенинде, чоң эсептен алганда, олуттуу өзгөрүүлөр болгон жок деп айтууга болот. Жаңы бийликтердин өзүнө энчилеп айтаар жалгыз гана мактанычы – мурунку президентти оодардык деп гана айта алышы мүмкүн...Бирок иш жүзүндө баары баякы эле бойдон калууда... 1918-жылдагы крондштаттык козголоңдун убагындагы “Бардык бийлик партияларга эмес, элге!” деген ураан чакырыктарын эстөө абдан керек болуп турат... жана, бул канчалык айтууга оор болбосун, өлкө борбордук бийлик атрибуттарына кокустан ээ болгон, орто кылымдардагы “өзүнчө бөлүнгөн княздардын” башкаруусуна кайтып баратат... (Сentrasia. ru 10.01.2011).

СОРАТНИКТЕРДИН АЙТЫМЫНДА

Экс-оппозициянын айрым лидерлери, андан соң Убактылуу ѳкмѳттүн (УӨ) жетекчилери, азыркы бийликтин апрель окуяларынан кийинки ишин кандай баалашар экен?

Топчубек ТУРГУНАЛИЕВ, УӨтүн экс мүчөсү: “Азыркы бийликтердин башкаруусуна Кыргызстандын эли көпкө чыдабайт. Алар өткөн жылда эч нерсе жасашкан жок... Азыркы бийликтегилердин 90%ы акаевдик жана бакиевдик режимдердин чиновниктери. ... Бүгүн баарыле эски нук менен кетүүдө: элдин акчасы миллиондор менен уурдалып, бийлик өкүлдөрү өз кызыкчылыктары үчүн гана иштөөдө (24.kg, 07.04.2011).”

Темир САРИЕВ, УѲтүн экс-вице-премьери, экс-каржы министри, «Ак-Шумкар» партиясынын лидери кезектеги «ыңкылаптын» бир жылдыгы туурасында мындай дейт: «Бул убактын ичинде жаңы бийлик элдин ишенимине ээ боло алган жок, ошондуктан ѳлкѳдѳгү кырдаал опуртал бойдон калууда…Парламенттк шайлоолордун жыйынтыгы менен курулган бийликке так ошо элдин ишеними жана колдоосу жетишпей жатат. Ошондуктан ѳлкѳдѳгү абал жетишээрлик деңгээлде дагы эле татаал» («Взгляд» гезити, 07.04.2011).

Азимбек БЕКНАЗАРОВ, УѲтүн экс-вице-премьери: «Азыркы бийлик адамдары жулуп алмай, жемей-ичмей, тартып адмай менен гана алек болууда» («Associated Press International» МАсынын кабарчысы Лейла Саралаевага берген «Ачык сүйлѳшүү» маегинен, 24.02.2011).

Ѳмүрбек ТЕКЕБАЕВ, УѲтүн экс-вице-премьери, «Ата-Мекен» социалисттик партиясынын лидери: «…Кыргыздар күн сайын ѳз азаттыгы үчүн күрѳшкѳндүктѳн, 2010-жылда козголоң болуп ѳттү…Бул окуялар саясий эркиндик апкелгени менен биздин ийгиликтерибиз ушуну менен токтоду» ( «АКИpress» маалымат аганттиги, 06.04.2011ж.).

Оппозициянын, андан кийинчерээк УѲтүн экс-жетекчилеринин азыркы бийликтин ишине берген баасына байланыщтуу жана кечээки «пикирлеш-убактылуулардын Оз ара мамилелерин эске алуу менен ѳткѳнгѳ бир сарэсеп салып коюну чечтим.

2010-жылдын !-апрелинде, тагыраак айтканда, апрель окуяларына бир жума калганда укук коргоочу Токтайым Уметалиева мен «Достук» мейманкансынын залында ѳтѳ турган тегерек үстѳл талкуусуна чакырып калды. Ал жакта жалпы элдик шайлоолорду жана референдумду ѳткѳрүүдѳ бакиевдик режим тарабынан одоно бурмалоолорго жол берилип жатканы талкууланып, оппозициялык БЭКыймылынын жетекчилигинин мүчѳлѳрү Темр Сариев жана Эмил КАПТАГАЕВ доклад жасашмакчы экен…

... Мен өз оюмду кыскача айттым: “Бакиевдин режими ушунчалык “көптү”, элди көзгө илбей билгенин жасап атат. Анткени, биринчиден, президент Бакиев жана анын үйбүлөлүк кландык тегереги өзүлөрүнүн табияты боюнча чексиз ачкөз кишилер болуп чыкты, экинчиден, жадагалса менин муунумдагылардын басымдуу көпчүлүгү жеке бир кызыкчылыктары үчүн бийликке кол куушуруп барууда, үчүнчүдөн, оппозициянын өзүнүн лидерлери эл жек көргөн бийлик тарапка ооп кетип жатышат (мисалы- Алмаз АТАМБАЕВ, Омурбек БАБАНОВ, Адахан МАДУМАРОВ, Феликс КУЛОВ, Мелис ЭШИМКАНОВ ж.б.). Муну көрүп турган режим, демек, баарын сатып алса болот турбайбы деп эсептейт жана ошондуктан элге түкүргѳн мамиле жасоодо. Мен силердин араңарда кээде гана болуп калып жүрөм, ошентсе да оппозициянын жетекчилигинде “жолбашчылык” өнүккөнүн, арбири өзүн кыйын эсептерин байкап атам. Эгерде силер бийликке келип калчу болсоңор, анда максатка жана идеянын айланасына бириккендин ордуна бири-бириңерди кокодон ала баштайсыңар. Ошондуктан араңардан эң кадырлуу деп эсептеген, “прихватизацияга” катышпаган, адамдардын арасында ишенимге ээ, таза колдуу жана таза ойлуу татыктуу лидерди алдын ала тандап алганыңар оң...”

Эмил КАПТАГАЕВ менден: “Касым Исаевич, Сиз ушундай лидер деп кимди эсептейсиз?” деп сурап калды. Менин берген жообум бул болду: “Эмне үчүн мен өз пикиримди силерге таңуулашым керек? Бийлик үчүн өзүңөрдү акылдуу жана мамлекетти башкарганга татыктуубуз деп силер күрөшүп атпайсыңарбы, ошондуктан өлкөнүн жана элдин кызыкчылыгы үчүн курулай сөз менен эмес, иш жүзүндө күрөшө турган болсоңор өзүңөр тандап алгыла!”

БИЙЛИКТИН БҮГҮНКҮ ЖҮЗҮ

Өмурбек БАБАНОВ (БѲТ), КРнын биринчи вице-премьер-министри: “Ооба, Кыргызстанда азыр таза адам калбай калды”( Парламент жыйынында чыгып сүйлөгөн сөзүнөн, 24.kg 01.04.2011).

Жогоруда айтылган БѲТтүн сѳздѳрү, менимче, өзгөчө комментарийлерди талап кылбаса керек.

Биринчиден, анын бул айткандары өзүнүн таза эместигине тиешелүү, анткени так ошол мезгилде өлкөдө БӨТ сыяктуу ири чиновниктин бир нече финансылык маселелер боюнча тартип бузуулары талкууланып жаткан (салык бекитүү, россиялык “Альфа Телекомдон” акча доолоо ж.б.)

Экинчиден, ал өзүнүн дарегине экс-генпрокурор Байболов тарабынан айтылган айыптоолорду иликтөө үчүн түзүлгөн депкомиссия аны сүттөн ак кылып актап чыгарын билдиби же сездиби? Тажрыйбалуу саясый оюнчу жана чекист, экс-генпрокурор Байболов кантип эле ЖКнын жыйынында кайдагы бир куру кептерди айтып чыгат? Ал эми эки парламенттик комитеттен түзүлгөн дептоптун жетекчиси Ө. АБДРАХМАНОВдун “БӨТтүн бир нече мыйзамдар боюнча тартип бузууларын моюнга алганын” ырастаган билдирүүлөрүчү?

Бийликтин жооптуу адамдарына келгенде биз эчак эле “колдон кармап албагандан кийин ууру эмес” деген принцип менен жашап келатабыз. Маморгандардын чиновниктери (прокуратура, сот ж.б.) өзүлөрү жегич-уурулар жана бийликтин “чөнтөгүндө отурушат”, бийлик кимди карма десе ошону кармашат. Депкомиссиялар болсо булар да “жашыл” акчадан кыя өтө алышпайт. Эсиңердеби, бир кезде Данияр ҮСӨНОВ депутаттардын тогонек салган тосмосун жарып өтүш үчүн, аларды четинен сатып ала баштаган эле, бирок расмий бийлик муну танып туруп албадыбы. Мунун баары элге кийин анык болду. Эми болсо, калк арасында БӨТ аны актап берген депкомиссиянын мүчөлөрүн оозу-мурдунан чыгып кеткичекти майлап сүттөп койгону айтылууда. Арийне азыркы бийликтин тушунда бул факты деле ырасталары арсар. Бирок эл биздин азыркы депкорпустун кандай экенин ансыз деле жакшы билет да.

Атамбаевдин балп этмелери

Орусиялык көзкарандысыз журналист Григорий ПАСЬКОНУН “Манас” ТТБнын (транзиттик ташуу борбору –ред.) тегерегиндеги окуялар туурасындагы макаласында («У лжи короткие ноги» бөлүмүндө) КРнын премьер-министри АТАМБАЕВДИН (мындан ары АША) БЕКНАЗАРОВ жөнүндө “Азимбек Анаркулович адегенде бирдемени “балп” эттирип жиберет да, анан эмне айттым экен деп ойлоно баштайт” дегенин окуп калдым (24.kg, 07.02.2011). Биз АШАнын өзү деле “балп” эттирип жүргөнүн, бирок, ага чейин да, андан кийин да ойлонбогонун көрүп эле жүрбөйбүзбү.

АШАнын 2010-жылдын 12-майында эски аянттагы митингде жеңүүчү –революционер катары “ким элге каршы чыкса, аны дубалга такайбыз” деп айтканы эске келет (анын түшүнүгүндө “эл” деген анын өзү жана анын тегерегиндегилер турбайбы). Ошондон бир нече күн өтпөй телеге берген маегинде өлкөдөгү таанымал аялдар Чолпон БАЕКОВА жана Жаңыл ТҮМӨНБАЕВАЛАРды «бети жоктор» деп айтып чыкты. Мен адамдардан “буга эмне болгон?” деп сурасам, “анын кѳктѳмдѳ козголо турган ошондой ооруусу бар” дешет. Жадагалса, муну ММКлар да чуулдатып жазып чыгышпадыбы.

Эми төмөндө АШАнын бул жолку көктөмдө айткандарын келтире кетели. Зирек окурман КРнын премьер-министринин жоопкерчилие деңгээли канчалык экенин өзү териштирип алаар деп ойлойм.

АШАнын 2011-жылдын 7-апрелиндеги бир жыл мурда өткөн окуяларга арналган “Форумдун” алдындагы митингдеги сөзүнөн: “Бакиевчилер мага: өзүңөрдүн майрамыңарды өткөрүп алгыла, 10-апрелден кийин биз бийликти тартып алабыз деп ачык айтып атышат. Саясатта да чек болуш керек. 7-апрелден кийин Кыргызстандын жок болушун каалагандар толтура. Парламентте бүгүн Камчы Көлбаевдин, Азиз Батукаевдин, Курманбек жана Максим Бакиевдердин кулактары көрүнүп турат”. Анын айтканына ынансак, бүгүн жанында жүргөндөрдүн баарысы эле каза болгондорду унутуп коюп, “бакиевчилерге ыктап”, саясый оюндарды ойноп жатышкан экен...“Эмнеге биз менен чогуу келген “Ата Мекен” четке буйтап, оппозицияга өтөм деп турат...Биздин көптөгөн үмүттөрүбүз ишке ашкан жок. Биз менен чогуу жүргөн саясатчылардын көпчүлүгү биз бийликке, акчага жеткенден кийин адамдарды, кудайды унутушту”. (АКИpress 07.04.2011).

АШАнын айткандарына карата жаш депутат Жоомарт САПАРБАЕВ («Ата-Мекен» фракциясы) мындай дейт: «Кыргызстанда баалар ѳсүп жатат, бирок ал жѳнүндѳ ачык айтууга болбойт, себеби премьер министрдин каргышына каласызң… 7- апрель окуяларынын бир жылдыгына байланыштуу АШАнын сүйлѳгѳн сѳздѳрү, менин ичимди жылыткан жок…Айтылган сѳздѳр тарыхий окуянын духуна, премьер-министрдин даражасына дал келген жок. Жаңы саясий системанын башатында турган революциячыл партиянын лидери катары, жакында эле чоң кайгылуу кандуу окуяны башынан ѳткѳргѳн ѳлкѳнүн ѳкмѳтүнүн башчысы деп аталгандан кийин кырдаалга жараша сүйлѳшү керек эле…» («24.kg», 11.04.2011).

АШАнын дагы бир маегинен:

Кабарчы: Коомчулукту кызыктырган дагы бир маселе: банктардын ячейкаларынан алынып, УѲтүн мүчѳлѳрүнѳ берилген акчалардын тагдыры тууралу. Эмне үчүн ал акчалар бюджетке киргизилген жок?

АША: Бул сурооңуз боюнча комментарий бербей эле коёюн, себеби УѲтүн биринчи эле отурумунда каржы министри Темир Сариев банктар чѳйрѳсүнүн куратору болуп аныкталган. Ошондуктан банктар ячейкалары жана акчаларды бѳлүштүрүү боюнча бардык суроолор Сариевке. (2011-жылдын бюджетин түзгѳн Атамбаевдин ѳкмѳтүнүн курамында Темир Сариев каржы министри эмес да).

Кабарчы: Ячейкалар менен байланышкан чуулгандуу маселени дыкаттык менен текшерүүгө тапшырма бердиңиз беле, ушуга укугуңуз бар беле?

АША: Муну парламент иликтеп атат, ошого ишенүү керек. Ал жакта бардык фракциянын өкүлдөрү бар, териштире беришсин. Өкмөттүн болсо өзүнүн функциясы бар (24.kg, 20.04.2011). (Каржы маселеси өкмөттүн функциясына кирбейби, же премьер –министр жоопкерчиликтен качып, башын катып атабы?)

«…Демократия — бул мыйзамдын диктатурасы. Бул биринчи кезекте карапайым эл үчүн. Адамдар ушуну түшүнүүсү керек,”- АШАнын 2011-жылдын 4-майында КТРК жана 5-каналга берген маегинен. ( Мыйзамчылыкты сактоо бийликке тийиштүү эмеспи?)

“Эгерде эртең кимдир бирөөлөр талап кылса, бизди бийликтен кетип калат экен деп эчким ойлобой эле койсун”,- АШАнын өкмөт жыйынында сүйлөгөн сөзүнөн. (АКИpress», 11.04.2011). (АША менен БӨТ эгерде шайлоо алдындагы убадаларыбызды аткаралбасак, анда ээлеген кызматыбыздан өзүбүз эле кетебиз деп айтышпады беле?) АША өзү “ажыдаарга” айландыбы?

“Айрым үйбүлөлөрдө эркектен көрө уйдун болгону артык. Ал жок дегенде сүт берет, балдарды багат”,- АШАнын 2010-жылдын 7-апрелинде курман болгондорду эскерүүгѳ арналган “Форумдун” алдындагы митингде сүйлөгөн сөзүнөн(7-апрель 2011ж.)

АША дагы көктөмдөгү сыркоого чалдыкканбы?

«Шаршембиде мамрезиденцияда апрель окуяларынын башында турган чиновниктер чай ичкенге чогулушту. Чай үстүндө, “ак молдодон” аянбай бастырып алса керек, АША өз сүйүнүчүн жашыра албай: “Республикачы” Алтынбек СУЛАЙМАНОВ «алтын» жигит экен, көпкөн Качыбек ТАШИЕВди өз ордуна коюп койду” деп жиберди. – Президент болчу кишинин жүрүм –туруму ушул болсо, анда биз кайда баратабыз деги?» (Vesti.kg, 08.04.2011). Мына ушундай адам Кыргызстанды башкаргысы келет...

РИОнун жел кептери

Эми ѲМП РИОнун сүйлөгөн сөздөрүнүн жана сөз чайкамаларынын мисалында анын мамлекет башчысы катары деңгээлин кѳрсѳткүм келет. Ушул жылдын 6-апрелинде 7-апрель окуяларынын бир жылдыгына арналган салтанаттуу жыйында ал өзүнүн төмөнкү “терең ачылыштарын” шардана кылды:

“Кыргызстанды гүлдөтүш үчүн эки эле принципти карманыш керек: уурдабоо жана алдабоо керек. Мен өзүмчө ушундай бүтүмгө келдим...”.

“...Мен тазалануунун маалы келди деп эсептейм!”

“...Жакынкы Чыгыш, Түндүк Африка өлкөлөрүндөгү авторитаризмге массалык каршы чыгуулар 2010-жылдын апрелиндеги окуялардын ролун жана маанисин аныктап, Кыргызстан басып өткөн жол бул мамлекеттер үчүн үлгү болуп калды..” ( «centrasia.ru», 06.04.2011).

“Кыргыз ынкылаптары дүйнөлүк коомчулук үчүн феномен болуп калды...Азыр Кыргызстанды социалдык революциялардын өлкөсү катары кабыл алышууда” ( «24.kg» МА, 06.04.2011).

2010 –жылдын 26-декабрында “Азаттык” радиосуна берген маегинен:

“...Биз менин соратниктеримдин кантип дымагы кагылып, уюштуруу иштеринин жоктугунан утулууга ээ болгонуна күбө болдук.

...Акча дагы чоң роль ойноорун да биз көрүп турабыз. Биздин шайлоолордун жүрүшүндө акча басымдуу роль ойноду... ( «centrasia.ru» МА, 29.12.2010). (ӨМП РИОнун бул айткандары анын негизги соратниги АША үчүн алдыда турган президенттик шайлоолорго карата финансы каражаттарын чогулта бер дегендей белги болду белем. Антпесе эмнеликтен премьер-министр өз сүймөнчүгү, КРнын бажы кызматынын жетекчиси К.Кулматов тарабынан жол берилип жаткан мыйзам бузууларга - анын РФнын жараны болуп чыккан фактысы боюнча гана эмес, өзүнө өзү казынадан ай сайын ири суммадагы акчалай сыйлык алып жаткандыгы боюнча факты туурасында да лам деп ооз ачпайт? Бажы - өлкөдөгү эң коррупциялашкан тармак экени белгилүү да.(18.02.2011«24.kg» МАде жарыяланган «Зачем лукавит главный таможенник Кыргызстана?» аттуу макаланы кара).

ӨМП РИОго мүнөздүү болгон, маалымат катары гана мааниси бар, ОБСЕнин Бишкектеги Академиясындагы айткандары булар:

“Биз Кыргызстанда туруксуздуктун баскычында турабыз, буга чыдашыбыш керек...Момундай түшүнүк бар: парламент үч жолу алмашкандан кийин гана система турукташат”;

“Кыргызстандагы сот системасы- биздин талуу жерибиз”;

“Мамлекетке тийиштүү болгондун баарын бийлик азырынча өз көзөмөлүнө ала элек”;

“Кыргызстанда пара алмайлардын системасы дагы эле сакталууда сыягы... Адамдардын массасы МАИ, паспорттук столдор, бажы, чегара кызматтарына дуушар болушууда. Бардык жерде пара алмайлардын системасы сакталып жатат окшойт. Булардын баарын кызматка мен дайындагам. Мен аларды абдан таза адамдар, коррупцияга аралашпайт деп эсептейм. Бирок система дагы эле тирүү”; ( «24.kg», МА, 15.04.2011).

“Башкаруу системасы өзгөрдү. Менде укук да, бийлик да жетишээрлик, бирок ошого карабай парламент жана анын туундусу -өкмөт- негизги оюнчулар, саясый актерлор болуп саналышат”. (Айрыкча АША менен БѲТ).

“Өлкөнү өнүгүүнүн жаңы деңгээлине чыгаруу үчүн бийликтин бардык бутактарынын ортосундагы жемиштүү кызматташтыктын бар экенин белгилегим келет (Чын элеби?!). Бийлик бутактарынын ортосунда тең салмактуулук орноду, алардын кимиси болбосун, бири-бирин көзөмөлдөөдө (”vesti.kg”, 22.03.2011).

“Дело№”...” гезитинин 2011-жыл 17-февралындагы жарык көргөн санына басылган “Я вам сейчас такое скажу” деп аталган макаладан үзүндү келтирейин: “Ансыз да чайпалып бүткөн өлкөдө, башкасын айтпаганда да, өлкө башчысынан жок дегенде кичине бир турууктуулуктун кепилдигин көргүң келет. Бирок Роза Исаковна Отунбаевага карап турсаң, тагыраак айтканда, анын ар кандай жолугушууларда, жыйындарда, кеңешмелерде сүйлөгөндөрүн угуп отурсаң аргасыздан ичиркенесиң: Кыргызстандын президенти же бүткөн пессимист, анткени ал төрөлгөндөн ошондой, же кыргызстандыктар коймаарек тартып жатып албасын дейби, маал маалы менен атайын коркутуп тургусу келет сыягы».

“Террордук топтордо дагы эле болсо курал көп, алар дагы 5 теракты өткөрүүнү пландаштырууда...” Бул кепти Р. Отунбаева жыл башында Ошто, ал жактагы күч структураларын текшерип жүргөн чагында айткан эле...Атайын кызматтар мындай маалыматты ага “өзгөчө жашыруун” же “кызматтык пайдалануу үчүн” деген гриф басылган папкелерге салып беришсе керек (тартип ушундай –ред.), Роза Исаковна болсо мунун кесепетин ойлобой туруп эле тарс айтып салганы кандай. Же тескерисинче, ойлоп туруп айтты бекен...

“... Бүгүн мени менен кошо УКМКнын, Коргоо Министрлигинин жана ИИМдин башчылары жүрүшөт. Аларга толук күжүрмөн даярдыкта туруу милдети тагылган. Биз республиканын бардык булуң –бурчтарында коркунуч туулганда душмандын катыгын бергенге болгон күчтү жумшайбыз”. Бул Роза Исаковнанын Токмоктогу “Скорпион” аскер бөлүгүн текшерип жүрүп айтканы. Бул сөздөр кимдир бирөө эмес, мамлекеттин башчысы тарабынан айтылып аткан соң өлкө аскерий мезгилдин мыйзамдары менен жашап жатабы деген ой кетет...

“...КРнын УКМКнын маалыматы боюнча Ысык-Көл облусунда “координациялык кеңештерди” түзүүгө өз позицияларын жергиликтүү бийлик органдарында жана пайдасы арбын курорттук-дарылоо мекемелеринде бекемдеп алышкан криминалдык элементтер активдүү катышышыкан...” Бул сөздөрдү Р. Отунбаева жакында эле ысык-көлдүктөр менен болгон жолугушуусунда айткан болучу. Кийин негизи ушул эле сөздөрдү ал региондорго кыдырып барган чагында Баткен, Жалал-Абад, Оштун жашоочуларына да айтты...Түштүктүктөр анын бул ачылышын кандай кабыл алышты, белгисиз. Алар ансыз деле бир жылдан бери “убактылуулардын” айынан чоктун үстүндө отургансып жашап келе жатышпайбы. Көлдүктөр болсо курорттук сезон башталганы турганда минтип айтканы эмнеси дешип мамлекет башчысына нараазы болушту...Роза Исаковна Отунбаеванын буга окшогон сөздөрүн айта берсең түгөнбөйт...” («Дело №…» гезити, 2011-жылдын 2-февралы).

ТЫШКЫ БАГЫТ

ӨМП РИО өлкөнүн тышкы саясатына да “баалуу салымын” кошууда. Euronews телеканалы аркылуу Кыргызстандын мисалында анын арап революционерлерине берген кеңештери бул: “Эң башкысы – убакыттан уттурбоо керек. Мындай окуялар болгондо, албетте болгон “көбүк”ѳйдѳгѳ калкып чыгат, калган бардык масса, түбүндө жаткандай (ал дайыма ошол жакта болушу керек). Аларды чыккан жерине кайра кубалап кийирүү үчүн чечкиндүү, кескин чараларды көрүү керек, анткени криминалдык маанайга ээлигип алган же криминалдык таасирге берилген коомчулуктун келечеги жок. Жана ошондой эле иш аракеттердин так жана аёосуз күрѳшүү программасы болууга тийиш... («24.kg» МА, 05.03.2011). (Кыргыз революционерлеринде ошондой иш-аракеттердин программасы болгондо, апрель “ынкылабынын” кесепеттери мынчалык кайгылуу болмок эмес).

2010-жылдын 6 –ноябрында "centrasia.ru" сайтында Н. Нечаевдин "Геополитические грезы Отунбаевой. И сойдется Запад с Востоком, во имя Благоденствия Великой Киргизии" аттуу макаласы жарык көрдү. Анда автор РИОнун: “Менин көзүм жетип турат, мен билем, Россия менен Американын ортосундагы мамилелерди кайрадан куруу маселеси баарыбыз үчүн өз ара ыңгайлуу чечилет. Мисалы, биз ижара акысы үчүн АКШдан 60 миллион доллар алып турабыз, Россия менен болсо биргелешкен ишкана -“Манас” май куюучу комплексин түзөбүз, жана ал АКШнын учактарын тейлейт” деген сөздөрүн мисалга тартуу менен “баарысы үчүн Отунбаева эле чечип койду” деген бүтүмүн айтат. (Балким Отунбаева ушундай болот деп ойлогон чыгаар, бирок башкалар муну өзүлөрүнчө чечишти: Пентагон тез аранын ичинде "Mina corp.” компаниясы менен келишим түздү, Россия болсо Кыргызстанга жиберилчү күйүүчү жана майлоочу майларга пошлина акысын көбөйттү. Менимче,өлкөнүн кейпи бул болуп жаткан бүгүнкү учурда мамлекет башчысы “алыбай алына жараша” деген элдик накылды эстей жүргөнү оң эле).

2010-жылдын 7 –ноябрында «Кабарларга» берген маегинде РИО Кыргызстандын өкмөтү АКШнын Mina Corp. менен бекиткен келишимине каршы экенин, аталган компанияга КРнын Башпрокуратурасы тарабынан кылмыш иштери козголгонун маалымдаган. РИОнун пикиринде ТТБдан (транзиттик ташуулар борбору –ред.) түшчү акча каражаттары КРнын бюджетин кыйгап өтүп, кайсыл бир көрүнбөгөн, эч бир мамлекетке карабаган компанияларга сиңип кетип жатат.

Россиялык эркин журналист Г.Пасько ушул жылдын 25-январындагы “Манас” ТТБнын тегерегиндеги окуялардын өөрчүшү менен байланышкан макаласында (“Когда мало ума, проблем много” деген бөлүм) минтип жазат: “Бул сөздөрдү Аламүдүн базарында отурган кемпир айтса го бир жөн, мамлекет башчысы айтып жатпайбы. Кептин баары ушунда болуп жатат да. Андан тышкары мындай деңгээлдеги жүйөөлөр абдан таразаланган болушу керек, алар ММКда жарык көргөн публикацияларга эмес, укук коргоо органдарынын бекем далилдерине негизделиши керек эле” (“24.kg”, 07.02.11).

Авиамайды “Манас” ТТБна ташып жеткирүү боюнча РИО өзүнүн Вашингтонго болгон иш сапарында 2009-жылдагы жетишилген келишимдердин шарттарын колдоорун дагы бир жолу ырастады. Бул туурасында 11-март күнү Кыргызстандын журналисттери менен болгон телефондук сүйлөшүүдө АКШнын Мамкатчысынын Түштүк жана Борбор Азия маселелери боюнча жардамчысы Роберт Блейк билдирди. (АКИpress, 12.03.2011).

“Манас” ТТБна куючу майларды жеткирүү маселеси боюнча РИО баштаган эпопея дагы эле уланууда. КРнын энергетика министри Аскар ШАДИЕВ ЖКнын комитетинде “КРнын жана АКШнын өкмөттөрүнүн ортосундагы 2011-жылдын 8-февралында кол коюлган келишимди ратификациялоо жөнүндөгү кабыл алынган мыйзамга ылайык, ТТБун 50% май менен мамлекеттик компания камсыз кылаарын” билдирди. Анын айтымында бүгүнкү күндө авиакересин 100 % америкалык “Mina corp.” компаниясы тарабынан ташылып жеткирилүүдө (24.kg», 04.04.2011). Бирок жакында эле АКШнын тылдык камсыздоо боюнча Агенттиги “Манас” ТТБна май жеткирүүгө тендер жарыялады («Деньги & власть» гезити, 20.05.2011).

…Муну мындай кое туруп, жалпы кепти улайлы. Биз баарыбыз 2010-жылдын 30-августунда ӨМП РИО бүткүл дүйнөнүн көз алдында, дипломатиялык корпустун катышуусу менен акыркы жылдардагы бирден бир улуттук долбоор - Камбар –Ата -2 ГЭСнин биринчи энергоблогун ишке кийирүү үчүн түймөнү басып «шоу» жасаганын теледен көрүп турдук. Ошондон 3 ай өтүп, акыры 2010-жылдын 27-ноябрында энергетиктер ММКлар аркылуу Камбар –Ата -2 ГЭСнин 400 миң квтс. электрэнергиясы Токтогул районунун керектөөчүлөрүнө бериле баштаганын чуулдата айтып киришти. Бирок 2 эле күндөн кийин, б.а. 2010-жылдын 29-ноябрында РИО “Кабарлар” мамрадиосуна берген маегинде “Биз азыр Камбар –Ата -2 ГЭСин ишке кийирүүгө аракет кылып жатабыз (?), айрым техникалык көйгөйлөр чыгууда. Жаңы өкмөт келсе, Камбар –Ата-1 жөнүндөгү маселе ачык” деп билдирди. (АКИpress, 29.11.2010).

“Агрегатты кайрадан ишке кое берүү учурунда генератордун иштен чыкканы белгилүү болду, ошондуктан 1-агрегат иш жүзүндө 23-декабрдан тарта гана иштей баштаган. Кышында араң ишке кирген агрегат анан кантип күзүндө бирдеме өндүрсүн?” деп суроо салат Vesti.kg.2011. 21.01. Кыскасы, кандай түшүнсөң ошондой түшүн окурман. Президент премьери менен баш болушуп менин өлкөм калпычыга айланды.

«ШОУ» ДАГЫ ЭЛЕ УЛАНЫП ЖАТАТ

Жеке мени РИОнун ар кандай салтанаттарда жана иш –чараларда тынымсыз сүйлөп жаткан куру ой жүгүртүүлөргө жана жел убадаларга толо “программалык сөздөрү” тажатып бүтүрдү. Анын келтирген фактылары же божомолдору көчө кептеринин деңгээлинен ашып түшө албайт. Бирок президент эмне көйгөй көтөргөнү менен анын бири да ишке ашпаарына биз көнүп деле калдык. Мунун баары СССР заманындагы кайра куруу учурундагы М.ГОРБАЧЕВдун ошондой эле КРнын мурдакы эки президенти АКАЕВ менен БАКИЕВдин жеңил баа ой жүгүртүүлөрүнө жана куру убадаларына окшошуп турат. Алардын куру сөз менен башкаруу ыкмасынын аягы эмне болуп бүткөнүн элдин баары билет, алар жөн эле, орус туугандар айткандай, "они просто проговорили и приговорили страну”. Ошол «шоу» андан да бетер дагы эле уланып жатат...

РИОнун суверендүү өлкөнүн кадыр-баркын ого бетер түшүргөн жеңил баа, ойлонбой туруп жасаган билдирүүлөрү менин жана башкалардын итиркейин келтирет. Биз ӨМПнен “пионердик” жоопторду эмес, тереңирээк аңдалып, ойлонулган, салмакталган ырааттуу, иреттүү, маанилүү сѳздөрдү уккубуз келет. Ал эми РИОнун 2010-жылдын 11-ноябрында ЖКнын биринчи жыйынындагы “Убактылуу өкмөт алдыга койгон бардык максаттарга жетти” деген дымактуу билдирүүсүн кантип түшүнсөк болот?

Кайсы бир өкмөт бирөөлөрдүн койгон максаттарынан улам эл кыйналбасы үчүн, адамдардын айыпсыз каны төгүлбөсү, жарыбаган турмуштун айынан жана ачкачылык коркунучунан улам өзүнүн туулган жерин таштап тентип кетпеси үчүн, өлкөдө тынчтык жана туруктуулук болушу үчүн кичине болсо да өйдөрөөк максат кое албайбы?

Бүгүн менин көз карашымда өлкө алдында орустун баягы эле “Ким күнөөлүү?” жана “Эмне кылуу керек?” деген түбөлүктүү суроолору кечээкиден да курч турат. Кыргызстандын тагдырына кайдыгер карабаган ар бир жаран жана патриот “Ушундай жол башчылар менен келечекке бара алабызбы жокпу?” деген суроого баш катырышыкерек.

Ал гана эмес, өлкөнүн чыныгы патриоттору чукул арада жоопкерчиликсиз жана жөндөмсүз бийликтер тыгып таштаган биздин өлкөнү ал туюктан чыгаруу боюнча жаңы прагматтык бардык мүмкүн болгон жолдорун сунуштоого тийиш. Мен бул баамды чын пейилимден өлкөдөгү түзүлгөн кырдаалга карата айттым, анын уландысын жана балким өзүмдүн сунуштарымды кийинки макалада айтаармын.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×