Добавить статью
4:41, 8 августа 2011 28155

Кыргызстанда героинди кимдер ташып, кимдер «крышовать» этет?

Афганистанда өндүрүлүп даярдалган баңгизаттар Тажикстан аркылуу Кыргызстанга ташылып келип жаткандыгы эч кимге жашыруун эмес. Ал эми аны кимдер ташып жатышат? Кептин төркүнү мына ушунда жатат. Албетте, алыс барбай эле өлкөбүздө болуп жаткан окуялардын бирин мисал келтирели...

Жакында эле Оштон келаткан «Тайота» маркасындагы Джип автомашинасын Сосновка постунан кармап текшергенде анын арткы бөлүгүндө атайын жасалган жашыруун жайдан 50 кг героин баңгизаты табылат. Машинаны 1968-жылы туулган, Ош шаарынын тургуну Нурматов Фархад Базарбаевич айдап келаткан. Фархад Нурматов деген ким?, - деген суроого төмөнкүлөрдү кошумчаласа болот: Ал 1989–2007–жылдар аралыгында ички иштер кызматында иштеген. Анын ичинде ИИМдин баңгизаттарга каршы күрөшүү Башкы Башкармалыгында да эмгектенген. Милициянын майору болгон, кийин өзү наркозаттарды мыйзамсыз ташуу, сатуу кылмыштарын жасагандыгы үчүн кызматынан айдалып, сот тарабынан кылмыш жоопкерчилигине тартылган адам.

Бүгүн эми мына ушундай кылмыштуу өнөкөт ишин улантып, кайрадан 50 кг героин менен кармалып жаткан адамды жоопкерчиликтен бошотуп алууну көздөгөн адамдар чыгып жатканы айтылууда. Апрель революциясынан кийин Жалал-Абад областтык милиция Башкармалыгынын начальнигинин орун басары болгон, учурда ИИМдин кадрдык карамагында турган Аким Арапбаев кармалып жаткан Ф.Нурматовдун жакын тууганы болот экен. Ал азыркы учурда ортого «таасирдүү» кишилерди салып, тергөө органдарына басым көрсөтүү менен тууганын кылмыш жоопкерчилигинен куткарып кетүүнүн амалында жүрөт имиш. Ф.Нурматовдун мурдагы кылмыш учурларында да аны жаап-жашырууга болгон күч-аракетин жумшагандыгын эске алсак, ал экөөнүн ортосунда тууганчылыктан башка да «кызыкчылыктар» бар болушу мүмкүн.

Жакынкы күндөрдөн бери Жалал-Абадды дагы бир жаңы каңшаар аралап баштады. Кармалып жаткан Ф.Нурматовдун жакын санаалаш адамдарынын бири, учурда ИИМдин Түштүк региону боюнча күзөт кызматынын начальниги Таалай Төрөканов Жалал-Абаддык ишкерлер арасында сөз таратып: «Мен жакында областтын УВДсына начальник болом. Ал үчүн Ак үйдөн баштап тиешелүү адамдарга берчү акчасын берип койдум. Баары макулдугун беришти», - деп жүрөт экен. Кошумчалай кетчүжагдай Т.Төрөканов былтыркы апрель окуясына чейин Жалал-Абад областтык милиция Башкармалыгынын начальнигинин орун басары болуп турган. Революциядан кийин милицияда жүргөн орун алмаштыруунун натыйжасында жогоруда сөз болгон кызматка барып олтурган эле. Тагыраак айтканда ал Ошко Аким Арапбаевдин ордуна барып, ал экөөнүн кызмат орду алмашат. Мындай кадрдык орун алмаштыруулардын зарылдыгы бар беле?..

Жалал-Абад милиция жетекчилигине Т.Төрөкановду келет имиш деген сөздөн кийин кызматкерлер арасында нааразычылыктар күчөп жатат. Өлкөнүн маанилүү стратегиялык аймактарынын бири болуп эсептелип, түндүк менен түштүктү бириктирип турган, ошол эле учурда наркотрафик аталган Хорог–Ош –Жалал-Абад–Бишкек жолунда үзгүлтүксүз наркозвено эсептелген региондун милициясын шектүү адамдарга, кылмыш чөйрөсү менен байланышкандарга башкартуу эч кимге, биринчи кезекте азыркы кыргыз бийлигине аброй алып келбеси түшүнүктүү. Себеби, ортодо миңдеген карапайым адамдардын тагдыры турат. Элдин коопсуздугун камсыздап, кылмышкерлер менен күрөшүүчү органдын жетекчисинин басып өткөн жолу шектүү болбоого тийиш.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×