Добавить статью
6:05, 8 августа 2011 0

Келечекке кең дарбаза ачалы

Автор: Ө.Текебаев

Урматтуу делегаттар! Жолдоштор, мекендештер! Бүгүн биз маанилүү чечим кабыл алуу үчүн чогулуп отурабыз. Кыргызстанда 30-октябрь күнү президенттик шайлоо өтөт. А бул шайлоодо бүтүндөй бир муундун тагдыры аныкталат.

Шайлоонун жыйынтыгына карап, айрымдар бизди жеңилди деп санап жаткандыгына карабастан, утулуштан утушубуз басымдуулук кылат.

Өткөн жылдагы парламенттик шайлоо биздин партия үчүн чоң сыноо болду. Бирок, башты жерге салып, демибизди өчүрө турган жөнүбүз жок. Тарых биз тарапта. “Ата Мекен” 19 жылдан бери демократия, жарандардын өз тагдырын өзү аныктоосуна мүмкүнчүлүк алышы үчүн күрөшүп келген. Өткөн шайлоодон кийин жарандарыбыз өздөрүнүн шайлоо процессиндеги ролуна, таасир этүү күчүнө көбүрөөк ишене башташты. А буга биздин партиябыздын тарыхый салымы бар.

Бул жылдар ичи биз ийиндешип, оорчулукту бирге көтөрүү эмне эмне экенин билдик. Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарган ынтымак-биримдик менен достуктун баасы канчалык экендигин сездик. Жакын адамдарыбызды жоготтук. Ар бирибиз татаал кырдаалга бет келип, канча ирет шайлоолордо тик турдук!? Анткен менен, дагы деле биз-биргебиз!

Биздин биринчи курултайыбыз али да жакшы эсимде. Ошондогу жаш жигит-кыздар азыр бала чоңойтуп, алды небере жыттап калды. Ооба, он тогуз жылдык күрөш көптөгөн партиялаштарыбыздын чачын агартты. Айрым жолдошторубуз азыр арабызда жок. Дээрлик 20 жылдык өмүрүңүздөрдөгү талыктаган күрөш бекем ишенимиңиздер үчүн сиздерге кандай сыйлык ыроолоп, урмат көрсөтүү керек, билбейм. Бирок, ушуга чейин сиздер өмүрүңүздөрдү арнап келген иштин келечеги тууралуу кеңири айтып бере алам.

Эсиңиздердеби, биз бутуна бекем туруп, өнүккөн өлкө курсак деп кандай кыялданчу элек? Адилеттүү мыйзамдар жөнүндө, даана жана таза бийлик жөнүндө, билимдүү жана жоопкерчиликтүү жарандар тууралуу да… Кургак эле кыялдануу менен чектелбейбиз ошол максат үчүн бел чечпей күрөшүп келдик. Айлар айга алмашып, жылдар узап, эки он жылдык карыса да күрөшүбүздү токтоткон жокпуз. Бүгүн биз үчүн артка жол жок. Бүтүндөй өмүрүбүз ИДЕЯ үчүн өтөлүп келаткан соң, чегинүү биз үчүн жат жорук.

Биздин реформалар

«Ата Мекен» узак убакыт бою жаңы саясый система үчүн күрөшүп келген. Өткөн жылдын жайында Кыргызстан эли аны Конституция формасында кабыл алды. Бул биздин реформанын биринчи этабы болуп калды. Реформанын экинчи этабы жаңы Жогорку Кеңеш менен байланыштуу. Парламентте биз жергиликтүү өз алдынча башкаруу, административдик-аймактык реформа, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, өкмөт, сот, шайлоо системасы, прокуратура жөнүндөгү мыйзамдарды өткөрдүк. Убактылуу өкмөттүн эң башкы миссиясы конституциялык реформа жасап, толук легитимдүү жана туруктуу бийлик органдарын түзүү болгондугун сиздер жакшы билесиздер.

Убактылуу өкмөт болгону үч ай иштеп, жаңы Конституция кабыл алынгандан бери бир жылдан ашуун убакыт өткөнүнө карабай, өлкөдө өткөөл учур аягына чыга элек. Бардык жерде убактылуу бийлик жана убактылуу чиновниктер иштеп жатат. Судьялар корпусунун толук бойдон алмашышын жыл бою күтүп келатышкандыктан, соттор да өздөрүн убактылуу сезишет. Мэр, аким же айыл өкмөт башчысынын милдетин бир жылдан ашуун мезгилден бери аткарып келатышкан жергиликтүү жетекчилер да ушундай эле акыбалда. Алардын көпчүлүгүндө убактылуулук, тактап айтканда, эптеп күн өткөрмөй аң-сезими калыптана баштады. Алар ээлеген кызмат ордуларында дагы канча убакыт каларын билбегендиктен улам, калктын камын көрүп, өз милдеттерин кынтыксыз аткарууга көп баш оорута беришпейт. Айрымдары чөгүңкү маанайда, «сол чөнтөгүн» толтуруу үчүн гана иштеп жатышат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттиктин маалыматы боюнча, бүгүн Кыргызстандын 11 шаарынын мэри жана болгон 459 айыл округунун 163үнүн башчысы убактылуу милдет аткарат. Ошондуктан, парламент ишмердигинин биринчи жарым жылдыгында биз жаңы, легитимдүү судьяларды жана өлкөнүн район, шаар, айылдарынын жетекчилерин шайлоону өткөрүү үчүн мыйзамдарды даярдадык.

Реформаныны экинчи этабы судьялар корпусун люстрациялоо, айыл өкмөт башчыларын, айрым шаарлардын мэрлерин шайлоо, анан да, буюрса жаңы президенттин келиши менен аяктаганы турат. Ушуну менен Кыргызстандагы өткөөл мезгил аягына чыгат .

Реформанын үчүнчү этабынын алкагында табигый ресурстарды жергиликтүү калктын кызыкчылыгын эске алуу менен пайдалануу жөнүндөгү , ошондой эле, турак-жай- коммуналдык секторду, энергетика тармагын, укук коргоо органдарын реформалоого багыттаган ж. б. мыйзамдарды кабыл алуу талап кылынат. Бул этап бүткүл өлкө боюнча жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо менен бүтөт. Биз саясий партияга мүчө болгон да, мүчө эмес да жаңы лидерлер өз мүмкүнчүлүгүн көрсөтүп, күчүн сынай ала турган шарт түздүк. Мурда жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилерин Борбор дайындоочу. Эми региондордун жашоочулары жогорку жактын көрсөтмө, буйругусуз эле өздөрүнүн жергиликтүү жетекчилерин шайлай алышат. Региондордун жаш жана жөндөмдүү өкүлдөрүн биз жергиликтүү кеңештерди шайлоого активдүү катышууга чакырабыз. Жаңы шартта алардын утушу Бишкекке, өкмөттүк же партбосстор менен жеке байланышына, мамилесине эмес, жергиликтүү калктын ишенимине жана колдоосуна багыңкы. Бул шайлоодон кийин аким, мэр жана айыл өкмөт башчылары алмашат. Жер жерлерде саясий элитанын жаңылануусу жүрөт.

Реформанын төртүнчү этабы бир топ узакка созулушу мүмкүн.

Жергиликтүү деңгээлден иш баштап, жаңы лидерлер айыл, шаар, райондорду башкаруудан тажрыйба алышат. Алар конкреттүү проблемаларды чечүү, өнүктүрүү программасын жүзөгө ашырууну жана эл менен иштөөнү үйрөнүшөт. Ошентип тапталып, бышып-жетилип, анан республикалык деңгээлге чыгып өздөрүн реалдуу саясый күч катары көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк алат.

Жазып- тайып кетпесе , 2014- жылы жаңы парламентке шайлоо өтөт. Эркин, таза шайлоолорду өткөрүү менен биз жөндөм-дарамети жеткилең жана активдүү жаш лидерлердин саясий системанын жогорку тепкичине чыгышы үчүн саясий “ шаты” орнотобуз. Мисалы, мына ушундай шарт үчүн мен 20 жылдык өмүрүмдү коротсом, болочок жаштар аны 5-10 жылда эле басып өтө турган мүмкүнчүлүк түзүлүүдө. Ушинтип, башкаруунун эң төмөнкү тепкичинен башталып, республикалык денгээлдеги саясий элитанын алмашышы менен аяктай турган кадрдык бурулушка кадам койдук. Андан ары саясатчылардын жаңы муунунан өздөрүнүн жаңыланган башкаруу жана саясий маданиятын өлкөбүздүн булуң-бурчтарына чейин таратып, жайылтуусу талап кылынат.Конституция менен мыйзамдар эле жашоону өзгөртүп жибербейт. Болгону алар ар кайсы деңгээлдеги саясатчылар менен башкаруучулардын жаңы мууну турмушка ашыра турган өзгөрүштөр үчүн шарт түзөт. Жаңы муун жөнүндө тегин жерден айтып жатканым жок. Биздин реформаларда ага чечүүчү роль ыйгарылууда.

Саясатчылардын жаңы мууну деп мен эмнени түшүнөм? Алар – мамлекетке, мамлекеттин ролуна жана дүйнөдөгү ордуна жаңыча көз караштагы адамдар. Алар мамлекеттик жана саясый башкаруунун натыйжалуу стандарттарын колдоно билет. Мында курак маанилүү эмес, принципиалдуу жаңы көзкараш, жаңы типтеги саясий мүнөз мааниге ээ. Мурда мамлекеттин саясий элитасы жогортон куралып, анын өзөгүн тууган-урук, жоро-жолдош, жердештер түзчү. Жаңы элита акыйкат, калыс атаандаштыктын негизинде жана табигый иргелүү аркылуу төмөндөн түптөлүшү кажет. Жаңы лидерлер саясий системага ишенимдүүлүк, приципиалдуулук, көзкарандысыздык сыяктуу ийги сапат, мүнөздөрдү киргизиши абзел. Ушул муун аркылуу мезгил алмашат, а бул өзгөрүүлөрдөн мамлекет четте калбайт.

Биздин муун мамлекеттик көзкарандысыздыкты жарыялады. Жаңы социалдык-экономикалык мамилелерге өтүп, тарыхтын жаңы барактарын ачып, мурда өздөрүнө таптакыр бейтааныш болгон кесиптерди өздөштүрдү. Эми биздин алдыбызда өзүбүздүн мураскерлерди аренага алып чыгуу милдети турат.

Мына ушул айда биз Кыргыз Республикасынын мамлекеттик көз карандысыздыгынын 20 жылдыгын белгилейбиз. Бул жөн гана кезектеги маараке эмес, Кыргызстандын өнүгүүсүнүн жаңы этабынын башталышы болуп каларына ишенем. Бул этапта өлкөбүздүн эгемендүүлүгү кургак декларация, концепциялар менен эмес, реалдуу иш, реалдуу адамдар аркылуу чыңдалып, бекемделиши керек. Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн таза сакталышы үчүн жарандарыбыздын акылы менен сезиминде терең байырлаган жигер, дээр болушу шарт.

Бүгүн кезектеги муундун укук-мүмкүнчүлүгү жөнүндө сөз кылса болот. Кыргызстанда азыр, маселен, 30 жаштагылардын мезгили келди. Бул эми шарттуу чек, анткени, бирөөлөр башкаруу ишине жана саясый жоопкерчиликке эртерээк көнүгүп, бышып жетилсе, бирөөлөр кечирээк даяр болот. Эске алынган курак саясый элитага кирүү үчүн автоматтык түрдөгү пропуск болуп калбасы өзүнөн өзү түшүнүктүү деңизчи, ошентсе да, алар жаңы генерациядагы саясатчылардын башатын түзүүгө жөндөмдүү. Бул саясый муун өздөрүнүн тарыхый миссиясын так аткарып, олуттуу саясый иш-аракеттерди турмушка ашырышы керек. Биз баштаган реформаларды аягына чыгарып, Кыргызстандын жаркын келечегин түптөө вазыйпасы алардын үлүшүнө тиет.

Бизге азыр борбордук деңгээлден айыл-шаарларга чейинки бир канча миң жаңы жетекчилер зарыл. Кыргызстандын бардык партияларынын жана региондорунун жаштарына кайрылабыз: бизге эки муундун союзу, биримдиги керек! Алдыңкы келечек үчүн бүт күч-аракетибизди бириктирчү мезгилде турабыз. Биз өз коомубузду биргеликте гана өзгөртө алабыз!

Кыргыздар “Элүү жылда эл жаңы” деп коет эмеспи. Үзгүлтүксүз алмашуу, өзгөрүүлөр менен коштолгон биздин мезгил бир кыйла ылдам өтүп жаткансыйт. Ошондуктан, биз саясый элитанын алмашуу процессин да тездеткибиз келет. Эки шайлоо цикли, же болбосо, дагы 5-10 жылдан кийин Кыргызстанда мамлекет башкаруу жоопкерчилигин жаңы башкаруучулардын мууну өз колуна алып, жашоого жаңыча көз караштагы адамдар жетекчиликке келиши керек.

Биздин мураскерлер

Эмне үчүн биз бүгүн 30 жаштын тегерегиндегилерге басым жасап жатабыз? Адамдын табиятында бири-бирине кайчы келген прогрессивдүү жана консервативдүү эки башаттын күрөшү жүрөт. Адам канчалык жаш болсо, өзгөрүш, реформаларга ошончолук жакын, даяр болот, умтулат. Ал эми жаштын өйдөлөшү менен этиетчил сезим күчөп, консервтизм бекемделе баштайт.

30 жаш куракта адам жашоодогу көп нерселерге каныгып, үй-бүлө куруп, социалдык, экономикалык, жарандык жоопкерчиликти сезип-туюп, чоң милдетти моюнга алганга даяр деңгээлге жетет. Ошону менен бирге анда жаңылануу, өзгөрүш, өстүрүп-өнүктүрүүгө ышкылуу рухий дем-күч, моралдык камылга калыптанат. Тарыхтагы алгылыктуу реформалардын көпчүлүгүн мына ушул курактагы адамдар ишке ашырышкан. Жаштардын мындай саясый потенциалынын талаага чачылып, жөн гана «күйүп» кетишине жол бербейбиз. Алар – Кыргызстандын чыныгы бурулуш мүмкүнчүлүгү. Алар – биздин жаркын келечекке алган жолдомобуз!

Мындан 22 жыл мурда, мен, Базар-Коргондогу жөнөкөй айылдык мугалим өз окуучуларымдын кызыкчылыгын коргоп чыккан элем. Окуучуларды арзан жумушчу күчү катары пахта терүүгө жөнөтүшчү. Ал балдар жакын арада мектепти бүтө тургандыгы, анан ЖОЖго кирип, татыктуу адистикке ээ болушу үчүн аларга талаадагы кулчулук эмгек эмес, мектептеги сабак маанилүү да, зарыл да экендиги баарыбызга белгилүү болчу. Мына ушул маселе мени өзгөчө түйшөлткөн. Эмне үчүн кээ бир балдар мектепке барып, кадимкидей окуп жүрөт, а кээ бирөөлөрдү мал сыңары талаага айдашат? Алардын айыбы эмнеде? Алыскы региондо, борбордон ыраактагы айыл жергесинде туулуп калгандыгыбы? Же ата-энелери жөнөкөй дыйкан болгону үчүн күнөөлүбү? Чиновниктер менен партиялык босстордун балдарынан алардын эмнеси кем?! Ошентип мен окуучуларымды пахта талаасына чыгарбай койгом.

1988-жылы мен ошондогу өспүрүм балдар-кыздардын татыктуу билим алып, чоң турмушка ишенимдүү кадам ташташы үчүн күрөшкөн элем. Азыр эми саясый турмушубузда алар өздөрү татыктуу болгон жана аткара ала турган ролду алып, орундарын ээлешине жетишким келет.

Каршылык эмне үчүн керек болду эле? – деп, менден дале сурашат. А мен ошол «унутулган» муунга назар таштайм да, андан башкача аракет кыла албастыгымды түшүнөм. Анткени, алардан улуурак, тажрыйбалуурак болгондон кийин аларга жардам беришим керек болчу. Аларга үстөмдүк кылып, жумушчу күчү атары пайдалануу адилетсиз саясат эле. Алар көп нерсеге, чоң иштерге жөндөмдүү экендигин мен жакшы билчүмүн.

Жол баштоочулар жана оппоненттер

Кээ бирөөлөр мени Акаев менен Бакиевдин жеке душманы катары эсептешет. Жок, андай эмес. Алардын жеке өздөрүнө эч качан каршы болгон эмесмин. Мамлекетти, коомду алардын туура эмес багытта башкаруусуна каршы чыкканмын.Алар жайылткан идеологияга жана өздөрү моюнга алгысы келбеген жаңылыштыктарына каршы болгонмун.

Мурдагы эки президенттин тең жаңылыштыгы мында: алар бүтүндөй элдин байлыгын өздөрүнүн балдарына энчилеп бергиси келди. Балдарына достордун, санаалаштардын муунун калтырганды ойлобой, көрдүйнөнүн азгырыгына алданышты. Ошондуктан, мына эми өздөрүнүн курбалдаштарынын мезгили келген кезде Айдар менен Максим өз өлкөсүнүн босогосун аттай албай жүрөт. Буга өз аталарынын адилетсиздиги жана тайыздыгы айыптуу. Биз болочокто “ханзаада”, “ханбийкелерге” атайын сый-ургалды таптакыр унутуп, Кыргызстандын бардык уул-кыздары үчүн бирдей мүмкүнчүлүк, бирдей шарт түзүшүбүз керек.

Азыр дагы биздин көзкараш, пикирлерибизди баары эле тең бөлүшө беришпейт. Баары эле элибиздин дарамет-күчүнө, Кыргызстандын өз алдынча өнүгүп кетүү жөндөмдүүлүгүнө ишенип турушкан жок. Алтургай, элди кайра артка: жарандарды үй-бүлөлүк диктатура алдындагы кулчулукка, мамлекетти сырткы күчтөр, кубаттуу державаларга көзкарандылыкка чакырып, үгүттөгөндөр да жетиштүү. Мен аларды түшүнөм. Алар келечекти кантип курууну билишпейт. Болочок өзүнүн алдын ала белгисиздиги, купуя, сырдуулугу менен алардын жүрөгүнүн үшүн алып жатат. Ошондуктан, алар өздөрүнө тааныш, түшүнүктүү болгон өтмүшкө бизди да кошо тартып, түрткүлөшүүдө. Бул адашкандык. Биз эми советтик мезгилге дагы, Акаев менен Бакиевдин режимине дагы кайтып бара албайбыз. Өткөн чак өттү да, кетти.

Мамлекет жана партия

Президенттикке менин талапкерлигимди көрсөтүү боюнча партиялаштарымдан сунуш түшкөндөн кийин мамлекет башчысынын жаңы саясый системадагы ролу жана миссиясы жөнүндөгү өз көз карашымды сиздер менен бөлүшүүнү оң таптым. Баарынан мурда саясый партияларга жана Кыргызстандын Конституциясында алар үчүн белгиленген ченем, чектөөлөргө токтоло кетким келет.

Бүгүн биз жаңы коомду эски кадрлар менен курганга аргасыз болуп турабыз. Учурдагы саясый элитанын басымдуу көпчүлүгү – мурунку режимдердин туундусу. Андыктан, алар каалайбы, каалабайбы, өткөн чактын идеология, психологиясын жана жүрүм-турум эреже, салттарын чагылдырып келатышат. Азыркы партиялардын башында негизинен мурунку режимдин нравасынан таалим алган эски чиновниктер турат. Андагы бийлик кланы Кыргызстанды кандайча кокту-колотко бөлүп, феодалдык сүр менен башкарганын алар жакшы билишет. «Эскичилдер» ошол эле духтагы бөлүп-жарып башкаруу саясатын эми саясый партиялардын байрагынын астында жүргүзүүгө далбастап турушат.

Ошондуктан, башкаруучу коалицияга кирген партия лидерлери өз жакындарын мамлекеттик постторго коюу боюнча атаандашып, кадимкидей мелдеш уюштуруп жиберишти. Партияга мүчө болбогон жетекчилердин, кызматкерлердин укуктарынын тебелениши боюнча бизге ар кай жактан даттануулар байма-бай келип түшүүдө. Так кесе айтып коеюн, мындай саясат мыйзамсыз! Конституцияга каршы келет, ага жол берүүгө болбойт!

Айтыңыздарчы, жаңы саясый системаны биз эмне үчүн түздүк? Партжетекчилер мурдагы президенттердин тууган-урук, дос-жоролорунун жорук-жосунун кайталашы үчүнбү? Же партия лидерлери бүтүн облус, шаар, район, айылдардагы кызмат ордун бири-бирине “тартуу” кылсын деппи? Болбосо, калың калк жашаган округдарды бийлик менен алмашып, соодалашышы үчүнбү? Жок! Бул бай-манаптык жоруктарды ооздуктап, орто кылымдык феодализмге тиешелүү мындай жосундарга биз акыркы чекитти коебуз! Ушул жагдайда аз эмес иштерди жасаганга үлгүрдүк. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү жаңы мыйзамдар биздин партия тарабынан жылдырылды

Эми жергиликтүү калк жогору жактан – президенттик администрация, өкмөт же парламенттик фракция лидеринин буйрук, көрсөтмөсүн күтүп отурбастан, өздөрүнүн жетекчилерин өздөрү тандайт.

Саясый партиялар мамлекетти өнүктүрүү программасын сунуш кылып, ал программаларды иш жүзүнө ашырууга жооп бере турган саясый ишмерлерди аныктап, жылдырышы керек. Анын ордуна кээ бир партиялардын лидерлери мурунку муун, мурунку өкмөттөрдүн күчү менен түптөлгөн же топтолгон мекеме, мүлк, инфраструктураларды өз ара бөлүшүп алууга чакырык таштап жүрүшөт. Партиянын саясый процесстеги ролун бурмалаган мындай ыплас түшүнүк – биз күрөшүүгө милдеттүү болгон көрүнүш.

Биз ар дайым өзүнчө бир үй-бүлө же бир партия тарабынан болсун, бийликти «менчиктештирүүгө» каршы чечкиндүү каршылык көрсөтүп келгенбиз. «Эч кандай бирикме мамлекеттеги бийликти менчиктеп ала албайт» деп Конституциянын 5-статьясына жөн жерден жазылган эмес. Бул айрыкча саясый партияларга тийиштүү. Мамлекеттик аппаратты массалык түрдө “партиялаштыруу” мыйзамга каршы келген, акыл-эске сыйбаган көрүнүш. Биз саясый партиялар жана алардын өкүлдөрү өздөрүнүн конституциялык ыйгарым укуктарынын чегинен чыкпай ишмердик жүргүзүүсүнө жетишебиз. “Ата Мекен” партиясы өткөн жылдагы парламенттик шайлоодо эмне үчүн административтик ресурсту пайдаланган жок?” деп көп адамдар сурашат. А эмне үчүн? Анткени, мамлекеттик аппаратты партиянын кызматчы-жандоочусуна айлантууга эч кимдин укугу жок! Административдик ресурсту пайдаланбоо, бул – биздин кетирген катачылыгыбыз, же колдоно албай калган мүмкүнчүлүгүбүз эмес, тескерисинче, ал – биздин принципиалдуу позициябыз. Мурда да, азыр да...

Биздин Президент

Жаңы саясый системада президентке арбитрдик роль ыйгарылган. Ал партиялык системадан тышкары, андан жогору турат. Ага өлкөнүн көзкарандысыздыгына, бүтүндүгүнө, коопсуздугуна жооп бере турган маанилүү мамлекеттик органдар баш ийет.

Деги Кыргызстан президенти кандай болушу керек?

Бийлик, бул – коргосо да, жараласа да, боло турган кош миздүү кылыч. Ошондуктан, президенттен акыл-эстүүлүк, кыраакылык, коомдо жүрүп жаткан процесстерди жеткилең түшүнө билүү сапаты талап кылынат. Ал келечектин стратегиялык өңүтүн көрө билип, региондо жана дүйнөдө болуп жаткан окуяларды, өзгөрүштөрдү алдын ала аңдай алышы шарт.

Президент жеке өзүнүн эле балдарынын, жердештеринин же партиялаштарынын атасы болуп чектелбестен, өлкөнүн бүт уул-кыздары үчүн ата катары болушу кажет. Анткени, ал-бир үй-бүлөнүн же партиянын гана башчысы эмес, бүтүн мамлекеттин, жалпы улуттун лидери.

Ал идеологиялык, партиялык, регионалдык ажырым, айырмачылыктардан дагы жогору турууга тийиш. Мамлекет жетекчилеринин арасынан жалгыз президентке гана саясый партияга мүчө болууга Конституцияга тыюу салган.

Анан дагы, эң башкысы, президентте адилеттүүлүк сезими күчтүү болушу керек. Адилеттүүлүк, бул – ар бирибиз үчүн чоң мүмкүнчүлүк. Кимдир бирөөлөр муну либерализм деп айтат, башкалары аны социализмге байлап түшүндүрүшү мүмкүн. А мен үчүн ал жөн гана – акыйкат, адилеттүүлүк, ар бир адамдын ооматы. Аны кандай пайдаланат, бул ар кимдин өз аракетине, деңгээлине жана турмуштук кырдаалга жараша болот. Өз күчүн сынап көрүүгө ар бир адамдын укугу бар. Мурдагы президенттердин эң чоң адилетсиздиги: алар бардык байгерчиликти бир үй-бүлөгө же партияга гана ыраа көрүп, мүмкүнчүлүк, укукту ошолордун гана колуна берип, ошолордун ооматы үчүн гана шарт түзүшкөн. Бул туура эмес жол экендигин түшүндүрүүгө биз канча аракет кылдык. Бирок алар уккусу келген жок. Ошентип отуруп, өлкөнү эки революцияга жеткирип тынышты.

Президент регионализм, уруучулук жана кландашуудан бийик туруп гана бүткүл элдин ишенимине ээ боло алат. Биринчи президент « Алга, Кыргызстан» партиясы аркылуу, а экинчи президент «Ак жол» аталган партия аркылуу мамлекеттик бийликти менчиктештирүүгө аракет кылды. Учуру келгенде «Ата Мекен» дагы башкаруучу партия болот. Бирок, мурдагы «бийлик» партияларынын жолуна түшүп, мамлекеттик бийликти жеке билип, менчиктиштирүүгө эч качан, эч кандай аракет жасабайбыз. « Ата Мекен» партиясы – бийлик үчүн көзү тунарган мансапкорлордун партиясы эмес. Мына ошол себептен узак жол арбытып келе жатат.

Кээде бизге жашоону өзгөртүүгө таптакыр мүмкүн эместей сезилип кетет. Андай эмес. Эгер акыйкат үчүн тик туруп күрөшүүгө даяр болсо, эрки жетсе, адамдын күчү көп нерсеге жетет. Антпесең, адилетсиздикке моюн сунуп, аны менен аргасыз келишүүгө барып, жакшы мезгилдин келишин күтүп жүрө берсең, жашоону эч качан өзгөртө албайсың.

Кыргызстандын экинчи «секириги» орду толгус жоготуулар менен коштолуп, жаңы заман, жаркын келечек үчүн мекендештерибиздин өмүрү кыйылды. Күрөштө алар менен бир максатта болуп, бир катарда турган биз эми тетири бурулуп, татыктуу келечек үчүн күрөштөн чегине турган болсок, мен өзүмдү кечире албайм. Өмүр курмандыктары текке кетпеши керек. Биз алардын үмүтүн ишке ашырып, маркумдардын арбагы сүйүнө тургандай өнүккөн өлкөнү курууга милдеттүүбүз!

Эгер президент болуп калсам, Кыргызстанды өзгөртө турган муунду бийликке тартам. Президенттик мөөнөттүн аякташына чейин бийликке жаңы саясый элитаны алып келем деп сөз бере алам. Өнүгүүгө жетишкен бардык өлкөлөрдүн ийгилиги баарыдан мурда өз күчүнө таянуудан башталган. Биз адегенде өзүбүзгө өзүбүз ишенбесек, бизге эч ким ишенбейт. Өз элибизге ишенип, таянууга көнүкчү мезгил келди. Ошондо башка иштердин баарын биз азыр ойлогондон кыйла ылдам жүзөгө ашыра алабыз.

Андыктан, алдыдагы шайлоого биз сөзсүз катышышыбыз керек деп эсептейм. Биз анда жеңишке жетүүгө милдеттүүбүз! Бул – биздин парз. Ишенимдүүлүк менен чечкиндүүлүккө убакыт келип жетти!

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

24-09-2011
Артка чегинүүгө жол жок!
46820

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×