I. Премьердик тройка – 'статус кво'чуларга 'өзчүйлүк' бийлик кумары... Өлкө экономикасынын жоопкерчилигинен качкан Атамбаевге 'кызыкдар' болгон Ак-Шумкар 'чабал өрдөк' болуп учуп жатса, 'нысаптуу' Бабанов ''Өлкө үчүн эмес, 'Республика' үчүн'' жан үрөөдө.. Деген менен, 1 жылда Бабанов 'Республикасы'нын рейтинги 7,25 % ден 4,5 % ке төмөндөду. MegaCom, MegaOil - BabanGate деген терс коомдук пикир жаратты?!.
II. Президенттик альянс - 'Ордолу Оштон' башталышы күтүлөт. 2-турда Ата-Журт, Бүтүн Кыргызстан жана Ар-Намыс партияларынын бир блокко биригүү ыктымалдуулугу бар. Буларды да ириде регионалдык факторлор менен опозициялык нуктагы 'күчтүү президенттик бийлик' талаптары айкалыштырат.
III. Шайлоонун кульминациялык чегинин ачкычы - центристерде болот! Текебаев менен Султанов-Түлеевдин (аз да болсо Субаналиевдин) жана Мырзакматовдун позициялары саясаттын багытын аныктайт. Прагматик чечим, кеңири консолидация 2 альянстын бирине шайлоонун жеңишин алып келиши мүмкүн.
Post scriptium:
Парламент 'БИГ БОСунун' аныкталбаган өңү - кыргыз өңүбү же 'саясатчынын' өңүбү?!. Спикердин конгуроолору кимге чалат? Өз партиясы - Ата-Журт үчүнбү, өз уругу - Марат жээн үчүнбү же 'премьер-спикер' статус-квосун коргоого ылайык ӨЗY үчүнбү?!..
OSHington'дун көзү кайсы тарапта? Оштун 'эгемен мэри' Мырзакматов кимди колдойт, Мадумаровдубу, Ташиевдиби же Султановдубу?..
Саясий күчтөрдүн консолидациясы
1-Альянс:
Премьерлик лига
Бийлик статус-квосу: Атамбаев КСДП + Бабанов (Республика - баары эмес) + Сариев (Ак Шумкар - баары эмес) + Сатыбалдыев (түштүк округдардагы добуштарынын бөлүнүүсү күтүлөт – жыйынтык негатив) + Бөлекбаев /Жашылдар + Иманкулов (атайын кызмат), Асанбеков ж.б.. 2- Альянс:
Президенттик күч
Ата-Журт /Ташиев (+ Осмонов) + Бүт. Кыргызстан/Мадумаров (+ атайын кызмат Медетбеков) + Ар-Намыс (Кул-матов, Жапаров + Бакируулу ЕРК) + Республика/Түштүк - баары эмес (Торобеков, Сулайманов, Пирматов, Султанбекова) + Масалиев ж.б.
3-Блок
Центристтер + доминант парламентаризм
Принципиалдуу доминант парламентарист Текебаев / Атa-Мекен (+ Байболов) + ЦЕНТРИСТтер: Султанов/Тулеев ( + 7-Апрель - баары эмес) + Субаналиев (+ Ак-Шумкар – баары эмес) + Улуттук Конгрес (Акыйкат/Жекшенкулов + Замандаш - баары эмес + ж.б.) + Республика/Чүй - баары эмес (Исаев-Акназарова) + БЭК (Бекназаров + Абылов) + Жарандык коомдор