Добавить статью
10:25, 22 августа 2011 78382

Безгек (малярия) оорусу тууралуу

Безгек (малярия) оорусунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү иш абалын билүү максатында Жалал-Абад шаардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун врачы Орозалиева Гульмираны сөзгө тартканымда ал буларга токтолду.

Безгек оорусунун алдын алуу боюнча кандай иштер жүргүзүлүүдө?

Безгек оорусунун алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министрлигинин 2007-жылдын 4-июлундагы №260 «Кыргыз Республикасында безгек оорусу менен күрөшүү жана анын алдын алуу иштери боюнча чараларды күчөтүү тууралуу» буйругун негизинде аталган министрлик Кыргызстанда СПИД, туберкулез, малярия ооруларына каршы күрөшүү боюнча глобалдык фонд менен түзүлгөн келишимге ылайык Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-мартындагы «2010-2015-жылдарга Кыргыз Республикасында безгекти элиминациялоо (жок кылуу)» программасы кабыл алынган. Бул жылы Глобалдык фонд тарабынан областка караштуу райондордун, шаарлардын тиешелүү медициналык мекемелеринин башкы дарыгерлери, лаборанттары жаңы ыкмалар менен окутулуп, сертификаттарга ээ болушту. Жер-жерлерде безгек темасында маалыматтар калкка жеткирилди. Безгекти шарттаган чиркейлерди, деги эле башка дагы курт-кумурскаларды жок кылып, тазалоо иштери үчүн аталган фонддон Базар-Коргон районуна 150кг, Ноокен районуна 300кг, Сузак районуна жана Жалал-Абад шаарына 100кг инсектицид каражаты берилип, чектеш аймактардагы күрүч эгилген талаалар, ошондой эле көп кабаттуу үйлөрдүн жертөлөлөрү, подьезддери, жер үйлөрдүн короолору залалсыздандырылды (обработка). Мындан тышкары 20 000 пологи (пашакана) область боюнча үйбүлөлүк медицина борборлору аркылуу 14 жашка чейинки балдарга жана кош бойлуу аялдарга таркатылып берилди, себеби бул курактагы балдарда жана кош бойлуу аялдарда безгек оорусу оор өтөт. Бул иштер эпидсезон деген учурда апрелден октябрга чейинки убакытта жүргүзүлө турган болгондуктан, биз бул жылы май айында аткардык.

Ноокен районуна каражат көбүрөөк берилиптир го?

Туура байкадыңыз, себеби ал жерде былтыр безгек менен ооруган 3 оорулуу катталган, ошондуктан ал тарапта 2 сыйра залалсыздандыруу иши жүргүзүлдү.

Бул каражаттардын сапаты, залалсыздандыруу иштери жеринде кимдер тарабынан ишке ашырылганы тууралуу айтсаныз, ошол жерлер канча убакытка чейин таза болот деп эсептелинет?

Айтып кете турган нерсе, бул каражаттар өтө кымбат турат, толук камсыз кылууга бизде каражат жетишпейт, ошондуктан Глобалдык фонддун жардамы менен биз жалпы аймак боюнча эмес, абал дурус болбогон жерлерге, ошондой эле чектеш, мисалы Жалал-Абад шаары менен Сузак району чектешкен тилкелерге көңүл буруп, иштерди жүргүзө алдык.

Залалсыздандыруу иштерин жүргүзүүдөн мурда бул ишке тартылган дезинструкторлор ишти аткара турган дезинфекторлорду бир күн окутушту, андан кийин кооптуу деген тиешелүү жерлерде жашоочулардын үйлөрүнө барышып, безгектин алдын алуу үчүн залалсыздандыруу иши маанилүү экендигин айтып, идиш-аяктарды, тамак аш азыктарын сыртка алып чыгуу ж.б. түшүндүрүп, ар бир жарандын уруксатын тастыктоо иретинде китепчеге кол койдургандан кийин жүргүзүлдү. Бул иштин натыйжасында 2-3 айга чейин ошол жерде тазалык болот деп эсептелинет.

Мындай иштерден соң аны аткаргандар, ошол жердеги жашоочулар тарабынан зыяны болбойбу деген тынчсыздануудар болдубу?

Бул ишти аткаргандар атайын кийимдер жана бут кийимдер менен камсыз болушкан жана алар түшүнүшөт. Калк менен иштөөдө адегенде кыйынчылыктар, туура кабыл албагандар да болду, ошого карабай биз аларга бул зарыл экендигин айттык. Негизи чиркейерди жок кылуучу биологиялык: бактериялык препараттар, жумуртка жечү балыктар, энтомопотогендер, химиялык: ар кандай препараттар түрүндөгү инсектициддер, физикалык: мунайзаттар, коммерциялык майлар, ж.б., буларды чен-өлчөмү, эрежеси боюнча колдонсо зыяны деле болбойт. Ал эми залалсыздандыруу иштери аткарылган жерлердин жашоочулары «бул жылы чиркейлер аз»,- деп бизге кайра ыраазычылык билдирип да жатышат.

Чиркейлер бардык эле адамдарды чагат, ошондо кимдер ооруп калышы мүмкүн жана бул оорунун белгилерин адамдар кандай билип, дароо кандай чара көрсө болот?

Дүйнөдө чиркейдин 500дөй түрү жашайт. Алардын ичинен анофелес түрүндөгү чиркейдин ургаачылары гана безгек оорусун жугузат. Алар жумурткаларын жетилтиш үчүн адамдардын канын соруп, аны сиңирүү үчүн турак-жайларда, камыштар менен чөптөрдүн арасында күндүзү бекинип жатышат да, кечкисин күн батаарда жана эрте менен күн чыгаарда ууга чыгышат. Тамагын сиңирип, жумуртка таштаар учурунда көлмөлөрдү, саздарды, ж.б. суулуу жерлерди издеп таап жетилген жумурткаларын ташташат. Ушул учурда адамды чакса кан аркылуу безгек мителери адамдын организимине киргенде гана бул оорунун андан ары өөрчүп кетишине шарт түзүлөт.

Оору жугуп калгандагы алгачкы белгилери: 3 күндөн же андан көп күн дененин ысышы, алсыроо, чыйрыгуу; кан куюдан соң жакынкы үч айдын ичинде дененин ысышы, себепиз аз кандуулук, боор жана көк боордун чонойушу. Бул белгилер байкалаар менен дароо дарыгерге кайрылуу оң. Кайдыгерлик жана өзалдынча дарылануу дайыма эле дурус натыйжа бере бербейт. Негизгиси чактырбоого үй шартында бөгөт коюуга, маселен терезелерди тор менен тосуу, кечкисин ысырык салуу, маздарды колдонуу, шалы талааларында гамбузия балыктарын өстүрүү, ж.б. аракетин көргөнү дурус. Ал эми тропикалык чиркейден пайда болгон безгек өтө кооптуу экенин билүү ашыкча болбойт.

Айтмакчы, илгери Жалал-Абад шаарынын бир нече жерлеринде чиркейлердин жумурткаларын, личинкаларын жеп туруучу гамбузия балыктары өстүрүлгөн питомниктери иштээр эле, азыр ошолор барбы?

Жалал-Абад шаарында азыр алар жок, Сузак районунда бир питомник иштеп жатат.

Бул оорунун таркашына табигый шарттардан башка дагы себептери барбы?

Кийнки мезгилде безгек оорусун шарттаган факторлордо өзгөрүүлөр байкалууда. Афганистан, Африка, Индия ж.б. өлкөлөрдө тараган безгек оорусу мурдагы союздук республикаларга, анын ичинде Кыргызстанга да тарай баштады. Мында миграциялык активдүүлүктүн күч алышынын, коммерциялык иштердин өнүгүшүнүн таасири күч, атап айтканда соодагерлер, студенттер, аба лайнерлердин экипаждары, туристтер, мезгилдүү жумушчулар, келишим менен иштеген аскер кызматкерлер, качкындар, көчмөндөр, ж.б.кыймылы.

Демек, комплекстүү иш алып баруу талабы турат экен да?

Бул жаатта биз жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары, өзгөчө кырдаалдар, суу жана айылчарба, коргоо, билим берүү жана илим, коргоо, ички иштер министрликтери, бажы кызматы менен бирге иш алып баруу аракетин көрөбүз. Ал эми айыл жерлердеги ФАПта иштеген кызматкерлерден ошол айылга башка жактан келгендер же айылдын тургундары бир жактарга барып келгенде малярияга шектүү белгилер байкалса анализ тапшыртып, алдын алуу аракетин көрүүнү дайыма иш тартибинде талап кылабыз, деги эле анализ үчүн тапшырылган кандардан 10% Мамлекеттик эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментине жөнөтүп турабыз. Ошондой эле Ички иштер министрлигинин жарандарды каттоо жана андан чыгаруу боюнча аймактык бөлүмдөрүнө башка жактан келген жарандарды каттоодо санэпидстанциядан безгек боюнча атайын справка алуусун талап кылуу сунушун даярдап жатабыз.

Учурда бул ооруну жуктуруп алгандар барбы?

2010-жылы 3 учур катталган болсо, бул жылы, тилекке жараша, азыр безгек менен катталгандар жок.

Себебин эмнеден көрөсүз?

Биздин өзүбүздүн иштин натыйжасынан го дейм.

Жакында эле Жалал-Абад областтык мамлекеттик администрациясынын агроөнөржай бөлүмүнүн башчысы Жаныбек Осмоналиев бул жылы күрүч аянты суунун тартыштыгынан, малярияга каршы күрөшүү жана жердин асылдуулугун жогорулатуу макстында 52 гектарга же 2%га азайганын айтты эле. Сиздердин мекеме да дыйкандарга тике кайрылабы?

Биз күрүч аянттарын кыскарткыла же күрүч экпегиле деп дыйкандарга тике айта албайбыз, бул менчик ээлеринин өздөрүнүн укугу. Анын үстүнө айылчарба жерлеринин туура иштетилишин жергиликтүү башкаруу органдары тескөөгө тийиш болсо керек. Биз болгону күрүч өстүрүү менен алектенгендерге жашаган турак жайы шалы талааларынан 3-5 чакырым алыс болуусу тууралуу сунушубузду, ал эми тиешелүү ишкана, мекемелерге, жергиликтүү башкаруу органдарына санитардык-техникалык маселелер боюнча талаптарды коебуз.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×