Добавить статью
3:24, 7 сентября 2011 18871

Өзбек-кыргыз бир бололу!

Менин атам өзбек, апам кыргыз, эки тилде тең таза сүйлөй алам. Өзүм Базар-Коргон районунда туулуп, кыргыз класста окуп, кыргыз, өзбек дебей ынтымак болуп достор менен тең чоңойдум. Ошондуктан, азыркы башаламандыктан чыгуу үчүн элдин башын бириктире турган лидерди шайлап,кайра-кайра эле революция жасап, жаңжалдаша бербей, элибиз ынтымакта жашаса деп тилек кылам. Элибиз эмки президентти шайлоодо акчага, бийликке азгылбаса. Эки улуттун ортосунан пайда болгон данакер адам катары Кыргызстанды мекен тутуп жашап жатып, улутташтарымдын айрым пикирлерине макул эмес экенимди билдирип, мамлекетти туура жолго алып чыга ала турган адам керек экендигин айткым келет. Ал адамда мекенчил, патриот, башка улуттун өкүлдөрүн өз канатына калкалай ала турган, сөзүнө бек турган, башка мамлекеттерге уят болбогон сапаттар болуш керек. Мен кыргыз мамлекетинде кыргыздардын тили, рухий байлыгы, маданияты, каада-салты артыкчылык кылса, туура болоорун түшүнөм. Анткени ар бир мамлекетте ошондой. Мына, Өзбекстанды алалы - тажик улутундагылар 8 млн, казактар 4,5 млн, кыргыздар 1,5 млн, бирок алар титулдук улут менен тең тайлашам деген жери жок, ынтымакта эле жашап жатышат.

Каримов өзбек экенин баса белгилеп, сыймыктанып айтып эле канча жылдан бери мамлекетти башарып жатат. Биз мамлекеттик башчыны электен туура өткөзбөгөндүктөн, ар жыйырма жылда кан төгүүнү өзүбүз жасап жатабыз.

Мен элди тиги, же буга үгүттөп жаткан жокмун. Мен мамлекеттин башчысын шайлоодо улутка бөлүнүп алып шайлап, ал эртеси дагы проблемага айланбаса экен деп кооптоном. Шайлоодо өзбек, кыргыз болуп бөлүнүп шайлашыбыз – бул жаман жол. Биз сепаратисттерди ээрчибей, улутчул, мекенчил болсо да, бир эр-азамат келип, элдин биримдигин сактап, башка элдерди калкалай ала турган болсо болду. Кеп ушунда.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×