Добавить статью
9:12, 21 сентября 2011 22567

Укук коргоо системасын реформалоо - мезгил талабы

Урматтуу Роза Исаковна!

Урматтуу Ахматбек Келдибекович!

Урматтуу Алмазбек Шаршенович!

Мамлекеттик ишмер жана саясатчы М.Садыркуловдун өлүмүнүн бети ачылышы мурдагы авторитардык режим укук коргоо органдарын зөөкүрлүк менен өз кызыкчылыгына пайдаланып келгендигин бүткүл дүйнөгө ашкере кылды. Бул окуя биздин мамлекетибиздин, анын ичинде Ички иштер министрлигинин, Улуттук коопсуздук жана Мамлекеттик күзөт кызматтарынын тарыхында өчпөс кара так болуп кала берет.

Мамлекеттүүлүктү жана улуттук кызыкчылыктарды коргойт деген маанилүү мамлекеттик институттарыбыздын минтип кылмыштарга аралашып келгендиги бизди терең ойлондура турган маселе. Элибиздин жакырлануусуна, коррупциянын деңгээлинин тереңдешине ушул институттардын да жоопкерчилиги чоң.

Сиздердин бийликке келгениңиздерге бир жарым жыл болду. Бирок кылмышка аралашкан ушул уюмдардын системасы жана маңызы ошол бойдон калууда. Алардын кээ бир жетекчилери гана алмашканы болбосо, негизинен ошол эле адамдар дале иштеп, мурда бир топко кандай кызмат кылып келген болсо бүгүн да дал ошондой жол менен башка бир топко гана кызмат кылуу мүмкүнчүлүгү сакталып турат.

Биз 2010-жылдын апрелинен тарта өлкөбүздө ачык айкын, демократиялуу өкмөттү жана таза иштей турган мамлекеттик институттарды түзөбүз дегенбиз. Бирок ал ой-тилектерибизди али күнгө чейин ишке ашыралбай жатабыз.

Сиздерге элдин талабы менен бийликке келген лидерлер катары кайрылып, мамлекетибиздин коопсуздугун коргойт деген, бирок ишенимди актай албаган, ушул күнгө чейин эски советтик системанын негизинде иштеп келаткан Ички иштер министрлигин, Улуттук коопсуздук кызматын жана Мамлекеттик күзөт кызматын тез арада реформалоону талап кылабыз.

Биринчиден, Улуттук коопсуздук кызматында чалгын, контрчалгын, терроризм жана диний экстремизм менен күрөшүү милдеттери гана калуусу кажет. Ал эми ички коопсуздук жана экономикалык маселер, чек араны кайтаруу жана оперативдик көзөмөл (СОРМ) өңдүү функцияларын профилдик мекемелерге өткөрүп бергенибиз туура болот.

Экинчиден, Ички иштер министрлиги да эски система жана методдор менен иштеп келатат. ИИМге криминал жана уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү өңдүү негизги функциясын калтырып, калгандарын жергиликтүү бийликтердин карамагына өткөрүү зарыл. Жол милициясын өз алдынча кылуу менен иштин эффективдүүлүгүн арттырса болот.

Үчүнчүдөн – бюджеттен канча акча алып, курамында канча адамы бар экендиги белгисиз болгон Мамлекеттик күзөт кызматын да радикалдуу кыскартып, чакан, мобилдүү жана ачык мекемеге айлантуу мезгил талабы.

Бул кадамдар жогорудагы маанилүү мамлекеттик институттардын мындан ары адам өлтүрүүлөргө, бандиттик иштерге жана бийликтин саясый куралы болуусуна бөгөт коет. Демек, жалпы элге кызмат кылган, өлкөбүздүн коопсуздугун жана экономикалык өнүгүүсүн камсыздай турган ачык-айкын жана демократиялуу мамлекет курууга жардам берет. Өлкө жетекчилери бул сунуштарды эске алып, реформаларды тез арада ишке ашырат деп үмүт кылабыз жана ишенебиз.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Р. Жээнбеков, У. Кочкоров, Ш. Айтматова, Д. Бекешев

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×