Добавить статью
6:17, 24 сентября 2011 70764

Өзбек, орус тил мектептерде кыргыз тилин окутуунун мааниси жана өзгөчөлүктөрү

Тил адам коому менен бирге пайда болгон жана аны менен бирге өсүп өнүгөт. Коомдо адамдардын өз ара пикир алышуусу аңсезимдердин байышы, турмуштук эңзарыл нерсе болуп саналат. Ушул зарылчылык тил аркылуу орундалат. Тил аркылуу муундар мурун жашап өткөндөрдүн тажрыйбасын, билимин, маданиятын, тарыхын билишет жана үйрөнүшөт. Тил аркылуу биз бири-бирибиз менен баарлашабыз, сүйлөшөбүз, элдин-жердин тарыхын, салтын, үрп-адатын билебиз. Жашап жаткан жериңдин-элиңдин тарыхын билүү үчүн биринчи анын тилин билүү керек.

Тил түрдүү улуттардын өкүлдөрүн бири-бири менен байланыштырып, жакындаштырып, өз ара мамилелерин чыңдоочу каражат. Бекеринен элдибизде «Тил билсең, дил билесиң» деген накыл кеп айтылбаган.

Улуттун улут экенин билгизген башкы көрсөткүчү-эне тил. Биздин жергиликтүү тилибиз бул-кыргыз тили.

Эне тилибиз-улутубуздун жүрөгү. Эне тилибиз ар бир Ала-Тоолук атуулдун, ал орус болобу, өзбек болобу, же башка улуттун өкүлү болобу, ар намысы, сыймыгы деп ойлойм.

Кыргыз жергесинде туулуп өскөн, ушул жердин абасынан дем алып, суусун ичкен ар бир адам кыргыз тилин билүүгө, түшүнүүгө, сүйлөшүүгө тийиш.

Бул ишти кай даражада аткаруу, канчалык деңгээлде үйрөтүү бул бизге, мугалимдерге тийиштүү. Биз башка улуттун өкүлдөрүнө эне-тилибизди үйрөтүү менен бирге, алардын кыргыз тилине болгон кызыгуусун артырууга тийишпиз. Биз аларды кыргыз тилине үйрөтүп, тарбиялап, өлкөбүздү таанып билүүгө, элибиздин улуттук өзгөчөлүктөрүн жаратылышын, тарыхын, адабиятын, салтын билүүсүнө көмөктөшөбүз.

Эгемендүү, көп улуттуу, ыйык өлкөбүздө мамлекеттик тил катары укук алган кыргыз тилин окутуу орус , өзбек тилдеринде жүргүзүлгөн мектептерде окутуу, үйрөтүү учурда эңмаанилүү маселелердин бири болуп саналат.

өткөн кылымдарда эне тили, эненин бешик ыры, атанын насааттары, сөзмөр карылардын коломто жанындагы аңгемелери, санжыралары, чоңэнелердин жөө жомоктору аркылуу балдардын сезимдерине сиңирилген. Ал эми айылдан айыл кыдырган ырчы, жомокчулардын, комузчулардын келиши айыл эли үчүн кадыр эсе майрам болгон. Азыркы убакта биздин балдар кыргызча чыгармаларды, китептерди окушат. Аларга энелер бешик ырын ырдашпайт. Кыргыз жомокторун энелер балдарына айтпайт, бул чаралардын баарын мугалимдер жасашы керек болуп жатат. Болгондо да башка улуттардын өкүлдөрүнө гана эмес кыргыз улутундагы балдарга да үйрөтүшүбүз керек.

Бүгүнкү күндөгү көп улуттуу республикабыздын шартында, улуттардын өз ара бири-бирибиздин тилин билип, дилин түшүнүү турмуштук бирден бир зарылдык болуп турган учурда, окутууну пикир алышуунун тилин үйрөтүү багытында кайра уюштуруу, анын усулдук мазмунун өркүндөтүү балдардын кызыгууларын жана талаптарын арттыруу зырылдыгы өзгөчө көрүнүүдө.

өлкөбүздө түрдүү улуттун өкүлдөрү көптөгөн жылдар бою жанаша жашап келе жатышат. Ушундай шартта кыргыз тилин үйрөтүү зарылдыгы, айрыкча мамлекеттик тил мыйзамы кабыл алынгандан кийин даана байкалды жана социалдык маданият, турмуш бул тилди талаптагыдай окуп үйрөнүү керектигин ырастап турат.

Тил үйрөтүүнүн коммуникативдик максаты –окуучуларга таалим-тарбия берүү, аларды атуул кылып калыптандырууга өбөлгө түзүү, атап айтканда, өлкө таануу кыргыз элинин улуттук өзгөчөлүктөрүн, жаратылышын , тарыхын таанып билүү.

Ал үчүн кыргыз тилин жаш муундарга мектеп партасынан тартып атайын предмет катары үйрөтүү, ал аркылуу бир тууган улуттардын өкүлдөрүнө элдин тарыхы, маданияты, үрп-адаттары жөнүндө маалымат берүү бүгүнкү күндө тил үйрөтүү ишиндеги эңнегизги маселе. Ушул маселени туура чечип, жаш жеткинчектерге мамлекеттик тилди үйрөтүүгө биз- Жалал-Абад шаарындыгы орус, өзбек мектептериндеги кыргыз тилинен сабак берген мугалимдер-окуу жылынын башында август кеңешмесинде иш-чараларды түзүп, ошол иш-чаралар менен иш алып барабыз.

Мурункуга салыштырмалуу кыргыз тилин үйрөтүүгө өтө чоңмаани берилип жатат. Мурда биз тилди гана үйрөтсөк, эми башка улуттун өкүлдөрүн кыргыздын улуу жазуучулары, академиктери, тарыхта калган инсандары менен да тааныштырып жатабыз. Жыл сайын Жалал-Абад шаарындагы окутуу орус, өзбек тилдеринде жүргүзүлгөн мектептердеги кыргыз тилчи мугалимдер август кеңешмесинде бир жылдык иш планыбызды бирге түзүп алабыз жана ошол иш чаралар боюнча иштейбиз. Бул дегенибиз, мугалимдер кеңешмеде кыргыз тилин окутуудагы жетишкендиктер, проблемалар жөнүндө сөз козгошот, бири-бири менен маектешип тажрыйба алмашышат. Биз түзгөн иш-чаралар боюнча мектептер семинарлар, кечелер, ачык сабактар өткөрүшөт. Биз өткөргөн иштер аркылуу окуучулардын кыргыз тилин, кыргыздын тарыхын, үрп-адаттарын канчалык деңгээлде билүүлөрүнө күбө болобуз.

Кыргыз тилиндеги мектептердедин абалына келсек, менин оюмча, биз жакшы жетишкендиктерге жеттик. Мурункуга салыштырмалуу азыр окуучулардын тилге болгон кызыгуусу өтө чоң. Алар кыргыз тилин өз эне тилдериндей окушуп мектептердеги, шаардагы сынактарга, олимпиадаларга катышып жогорку орундарды алып жатышат. Эми адабият сабагына токтолуп кетейин «Эл жөнүндө анын адабияты аркылуу билишет» деп белгилүү жазуучу Вектор Гюго айткандай, адабият сабагын өтпөй туруп, улуу жазуучулардын чыгармаларын, элдик оозеки чыгармаларын окутпай туруп, биз тарыхта, элдин турмушун, маданиятын басып өткөн жолун, үрп-адаттарын окуучуларга уйрөтө албайбыз.

Ошондой экен, биз окуучуларга адабият сабагы аркылуу кыргыз элинин өткөнү, бүгүнкүсү жана келечеги жөнүндө маалымат бергенибиз аябай туура болот. Адабият сабагы 5-11класстарда жумасында бир сабак өтүлөт. Бул сабакты өтүүдө мугалимдерден өтө чоңэмгек талап кылынат. Адабият сабагы боюнча орус мектептер үчүн болгону 5-6 класстар үчүн гана адабият китеби бар. Башка класстарда мугалимдер праграмма боюнча өздөрү китептерди таап, маалымат чогултуп окуучуларга беришет. өзбек мектептерде да ушундай абал.

Мына биз, сиздер менен кыргыз тилин башка улуттун өкүлдөрүнө окутуудагы жетишкендиктер менен таанышып чыктык. Эми проблемаларга токтолсок. Тилди үйрөтүүдө бизге керек болуучу эңнегизги нерсе бул- китеп маселеси. Орус мектептеринде кыргыз тили китеби жетиштүү, бирок көп учурда китеп менен мамлекеттик праграмма бири-бирине дал келбейт. өзбек мектептеринде китеп жетишпейт. Ошондой эле кыргыз тилинин орус, өзбек мектептери үчүн стандарттык көргөзмө куралдары жок, дагы өзбек мектептер үчүн атайын методикалык китептер, диктанттар жыйнагы жетишпейт.

Мына урматтуу агайлар, эжекейлер ушундай бир ыйык, жооптуу кесипти тандап алган экенбиз, өз кесибибизге татыктуу инсан болушубуз шарт. Биз келечекте элине, тилине, жерине күйгөн, элдин тили үчүн ак дилден кызмат кыла турган жаштарды окутуп, тарбиялашыбыз керек.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×