Добавить статью
6:46, 24 сентября 2011 26802

Артка чегинүүгө жол жок!

Өмүрбек Текебаевдин «Ата Мекен» партиясынын мүчөлөрүнө жана Кыргызстандын жалпы шайлоочуларына кайрылуусу

22-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын президентин шайлоодон өз талапкерлигимди алуу туурасында арыз бердим. Эмне үчүн?

Өткөн жылы Кыргызстан драмалуу да, трагедиялуу да окуяларды баштан кечирди. Кыжырданып козголгон эл 7-апрелде Курманбек Бакиевдин кылмыштуу үй-бүлөлүк-кландык режимин кулатты. Ондогон жөнөкөй жарандар каза таап, бир жарым миңден ашуун адам жарадар болду. Президент менен кошо, анын “Ак жол” партиясынын негизинде түзүлгөн Жогорку Кеңеш менен Өкмөт дагы куулду. Региондордо жарандар жергиликтүү чиновниктерди да кууп чыгышты. Өлкө мамлекеттик башкаруусуз калды. Мына ушундай кыйчалыш саясый кырдаалда коом тагдыры боюнча жоопкерчиликти Убактылуу өкмөт өз мойнуна алып, ошол замат өзүнүн негизги милдеттерин жарыя кылды. Ал конституциялык реформа жүргүзүү, социалдык-экономикалык абалды турукташтыруу жана легитимдүү бийлик органдарын түзүү үчүн эркин шайлоолорду өткөрүү милдеттери болчу. Бул тапшырмалар аткарылды. Июнь айында Конституция кабыл алынды, октябрда Жогорку Кеңештин жаңы курамы шайланды, а декабрда Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу коалициялык өкмөт түзүлдү.

Анткен менен өткөн жыл коомдогу ушул окуялар менен гана эсте калган жок. Демократиялык реформалар үй-бүлөлүк-кландык режим менен байланышып, чырмалышкан чиновниктер тарабынан айыгышкан каршылыкка тушукту. Мурунку президенттин жакын айланасында жүргөн чиновниктер жаңы бийликти күч менен оодарып түшүүгө кайра-кайра жандалбастап жатышты. Апрель, май айларында Кыргызстандын түндүгүндө жана түштүгүндө провокация жасалып, анын натыйжасында кайрадан айыпсыз адамдардын каны төгүлдү. А июнь айында иш жүзүндө бийликсиз калган Ош, Жалал-Абадда улутчул маанайдагы радикалдардын уюштуруусу менен улут аралык жаңжал чыкты. Жүздөгөн адамдар каза тапты. Түштүк регионунун калкы оңбогондой материалдык жана моралдык зыян тартты. Бул трагедия Убактылуу өкмөттүн жана ага кирген партиялардын рейтингин түшүрдү. Анын ичинде “Ата Мекендин” да. Бул кырдаалды реваншисттик мүнөздөгү саясатчылар пайдаланып, алар бирдиктүү фронтко биригүү менен көңүлү чөккөн шайлоочулардын басымдуу бөлүгүнүн колдоосуна жетишишти. Шайлоонун жыйынтыгында Жогорку Кеңешке Курманбек Бакиевдин санаалаштары эсептелген жоон топ чиновниктер депутат болуп келди. Ошентип саясый элитаны түп тамырынан жаңылоо боюнча коомдогу үмүт акталбай калды.

Жакында Кыргызстандын шайлоочулары өлкөнүн жаңы президентин шайлайт. Бул Кыргызстандын келечегин аныктаган өтө маанилүү шайлоо. Өткөн учурубуз кандай болгондугун биз эч качан унутпоого тийишпиз!

Жакында Медет Садыркуловдун өлүмүн иликтөө мурдагы бийликтин чыныгы жүзү ачылды. Бакиевдин жакындары, бир туугандары аны уурдап, кыйнап, өлтүрүүнү алдын ала пландаштырып, ага түздөн-түз катышышкандыгын, ошондой эле, жогорку рангдагы мамлекеттик чиновниктер жана генералдар кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү менен биргелешип аракеттенишкендигин тергөө аныктады. Ал режим мамлекетти кылмыш уюмуна, мафияга айланткан болчу.

Бүгүн, 7- апрель революциясынан бери бир жарым жыл убакыт өткөн кезде эски режимдин тартип, жол-жоболорун кайра калыбына келтирүү коркунучу мурда болуп көрбөгөндөй реалдуулукка жетишти. Мурдагы президенттин жакын айланасында жүрүп, кылмыштуу үй-бүлөлүк-кландык режимге берилип кызмат кылган саясатчылар дагы президенттикке талапкер болуп чыгышты. Алар бийликтин авторитардык үй-бүлөлүк-кландык системасын кайра орнотууга ниеттенгендиктерин жаап-жашырып жатышкан жок. Биз моюнга алууга аргасызбыз, Кыргызстандын шайлоочуларынын ичинде бул саясатчылардын да колдоочулары аз эмес.

Мындай шартта прогрессивдүү күчтөр биригип, шайлоодо бирдиктүү фронт менен чыга албай койгон өткөн жылдын катачылыктарын кайталоого акыбыз жок. Ал өзгөрүштөр үчүн берилген добуштардын бөлүнүп-чачылып, жоголушуна алып келген болчу. Ошол каталыкты кайталабоо үчүн мен шайлоодо президенттикке өз талапкерлигимди алып салдым.

Кең келечек үчүн күрөштө мени колдогон мекендештеримдин баарына ыраазычылыгымды билдирем! Татыктуу жана адилеттүү коомдук түзүлүштү курууга болгон биздин чечкиндүү умтулуубузду мезгил мокото албай тургандыгына мен бекем ишенем.

Өзүмдүн бардык тилектештеримди Кыргызстандын Конституциясынын өзөгүндөгү демократиялык баалуулуктарга, идеяларга жана принциптерге берилгендигин, башталган реформаларды жана кайра түзүүлөрдү уланта тургандыгын жар салган талапкерди колдоого чакырам. Биз артка кайтууга жол бербешибиз керек!

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×