Добавить статью
7:21, 28 сентября 2011 24859

Шайлоо тууралуу билдирүү

«Ак шумкар» саясий партиясынын билдирүүсү

Урматтуу мекендештер!

«Акшумкар» саясий партиясы Кыргызстан элинин келечектеги кызыкчылыктарын көздөп 2011-жылдын 10-августунда келе жаткан Президенттик шайлоого өз талапкерин көрсөтпөй тургандыгы боюнча чечим кабыл алган. Талапкерлердин саны көбөйүп кетсе, Өлкөнүн бытыраңдыгына, региондорго бөлүгө, коомчулуктун ичинде жектешүүнү күчөтүгө, артка кетүүгө алып келишүү мүмкүн деп эсептейбиз. Коомдук жана мамлекеттик кызыкчылыкта жеке мансаптан жогоруу болуга тийиш экендигин тууралуу да айткан элек. Биз ар дайым өз иш аракетибизде ыраатулукту сактаганбыз, азыр да биз туура чечим кабыл алдык деп айталабыз.

Ошондой эле биз, 2010-жылдын апрель айында башталган, коомубуздагы өзгөртүүлөрдү уланта алган талапкерди колдой турганыбызды билдиргенбиз. Ал талапкер, саясый жана экономикалык реформалардын андан ары улантылышына шарт түзгөн талапкер болууга тийиш.

Партия ичиндеги жана өзүбүздүн бардык жактоочуларыбыздын маанилүү кеңештеринен кийин шайлоодо Алмазбек Атамбаевдин талапкерлигин колдоо чечимин кабыл алдык. Бул адам, биздин көз карашыбызда, реформаларга өзүнүн берилип иш кылгандыгын көргөзө алды жана өлкөнү кайрадан артка – авторитардык башкарууга тартпайт.

Урматтуу мекендештер,

Алдыдагы президенттик шайлоо – Кыргызстандын өнүгүүсүндөгү орчундуу этап. Биз үчүн гүлдөп өскөн Кыргызстанды өзүбүздөн башка эч бир адам, жана элдер куруп бербейт. Биз өз турмушубузду жакшыртуу үчүн бардыгыбыздын, саясый партиялардын, мамлекеттик кызматчылардын, жөнөкөй жарандардын алдында көп нерсе жасоо жоопкерчилиги турат.

Биз реформалоо ишин баштаганбыз, ушул күндөрдө анын алгачкы жыйынтыктары бар. Ошого байланыштуу саясый чөйрөдө көп нерсени аягына чыгарып, көп иш жасоо керек. Парламенттик система көрсөткөндөй, анда авторитаризмге каршы күрөшүүнүн жана ар кандай саясый, социалдык топтордун ортосундагы тил табышуунун мыкты механизмдери түптөлгөн. Реформа ушуну менен гана токтолбош керек. Коррупцияга жана бийликтеги кесипкөйсүздүккө (тажрыйбасыздыкка) каршы күрөшүүнүн олуттуу натыйжалары азырынча жок.

Өлкөдө адамзаттын коопсуздугу, анын саясый жана экономикалык укуктарын коргоо боюнча бул чөйрөдө көп иштеш керек, ал эми кээ бир учурларда күрөшүүгө да туура келиши мүмкүн. Менчик укугу мурдагыдай эле начар корголгон жана бул өлкөнүн маанилүү көйгөйлөрүнүн бири деп эсептейбиз.

Кыргызстандын экономикалык өнүгүүсүндө кубаттуу секирик жасоонун кайталангыс мүмкүнчүлүктөрү бар. Барынан мурда, ал инфраструктураны өнүктүрүүгө тиешелүү. Автомобиль жана темир жолдорун, ГЭСтерди, электр өткөргүчтөрүнүн жана байланыштын линияларын куруу жана модернизациялоо боюнча пландар ишке ашырылып, турмуш чындыгына айланууга тийиш. Ал үчүн саясый туруктуулук жана мыйзамдын так аткарылуусу керек. Биз өз өлкөбүздү тартипке келтирүүгө милдеттүүбүз.

«Акшумкар» саясий партиясынын өлкөнүн экономикасынын артыкчылыктуу тармактары жөнүндө өзүнүн көз карашы бар. Бул тармактар – айыл чарбасы, энергетика, кийим тигүү өндүрүшү, тоо-кен казуу өнөр жайы жана туризм. Биздин сунуштардын бардыгы жана бардык учурда болбосо да Өкмөттүн ишинде колдоого ээ болуп турат. Биз бул багытта иштөөгө даярбыз.

Биз бир нече жолу Кыргызстанга келечектүү ири долбоорлор менен иштей турган институттардын керектигин билдиргенбиз. Ушул багытта иштей турган Өнүктүрүү банкын түзүүнү сунуш кылганбыз. Бүгүнкү күндө Өкмөт бул көз карашыбыз менен макул болууда. Бул банк, каражаттарды чакан топтогу адамдардын пайдасына жумшабай, популизмдин негизинде иштебестен, кесипкөйлүк менен иш жүргүзүп, биздин республиканын андан ары өнүгүүсүнө шарт түзөөрүнө ишеним артабыз.

Биз региондорду өнүктүрүү программасын кабыл алууну сунуш кылган элек. Ал дагы бүгүн Өкмөттө колдоого алынууда.

Урматтуу мекендештер,

Шайлана турган Президенттин алгачкы иши төмөнкү үч маселеге артыкчылык менен мамиле жасоосу керек. Булар: адамдын коопсуздугу, анын материалдык турмуш шартын жогорулатуу жана эркиндигин камсыз кылуу болуп саналат. Биз мамлекеттин жаңы башчысына чоң үмүт артабыз жана ага ар убакта жардам көрсөтүүгө даярбыз.

Биз колдой турган президенттикке талапкер, жалпы эл тарабынан шайланса, ал талыкпай, чынчыл иштеши керек. Биз ага ар тараптуу колдоо көрсөтөбүз жана бүгүнкү күндө ал биздин ыйык Кыргызстанга өтө зарыл болуп жаткан реформалардын баштоочусу болууга тийиш.

Биз бардык прогрессивдүү күчтөрдү адилеттүү жана ак ниеттүү шайлоолорду жүргүзүүнү камсыз кылуу үчүн «Кыргызстандын келечеги үчүн» кыймылына биригүүгө чакырабыз. Биз, демократиялык реформалардын ишке ашуусуна жана биздин экономикабыздын өнүгүүсүнүн пайдасына Кыргызстан жарандарынын туура чечим кабыл аларына ишенебиз!

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×