Добавить статью
4:46, 10 октября 2011 3570

СССРди башкарган бир чиновникке кат

Баягы жылдары СССРди башкарып элдин эсин эки кылган Андропов Юрий Владимирович өлбөй эле тирүү экен. Россиянын бир курорттук аймагында жашайт экен. Дүйнөнүн жаңылыктары менен өтө жакшы кабардар экен. Ушул тапта Кыргызстандагы акыбалга өтө кабатыр экен. Менин угушума караганда, биздин үлкөн-үлкөн чиновниктер менен сүйлөшүп макулдугун бериптир, «болуптур Кыргызстанды башкарып элин бекерпозчулуктан арылтып жеп ичкендерди тартипке салып, экономикасын көтөрүп берейин» дептир. Эми балээ басты мамлекеттин эсебинен көлөкөдөгү экономикадан байып маашыркап, чиренген чиновниктердин көргөн күнү эмне болот, себеби бүткүл чоң кичинесине карабай бардык атуулдардан тыкан декларация алат экен, ар бир атуулга бир сыйра кийим менен бир айга жете турган аш-тамагын, и баса дагы ар бир жанга 9м2ден жашоо үчүн калтырып ашык үйлөрдүн бардыгын мамлекетке алат экен. Көбүн жазалоого дейре барат экен.

Кокуй ботом анын бетин ары кылып мындайдан кудай сактай көрсүн. Мамлекетти талап тоноп жеп ичкенге уруксат, демократияны берген Акаев менен Бакиевди эстеп арман кылабыз го. Урматтуу Юрий Владимирович! Бизди эстеп кабатыр болгонуңузга чоң рахматыбызды айтабыз, сиз карыдыңыз андан көрө ошол курорттук зонада эс ала бериңиз өзүбүз сиз ойлогондой тартипке келебиз, ашык байлыгыбызды биз өзүбүз эле ыктиярдуу мамлекетке өткөрүп беребиз. Мамлекеттин эсебинен машина, бензин сыяктууларды албайбыз. Бекерпоздорду, селсаяктарды өзүбүз эле жоготобуз. Көпкөн байларды өзүбүз эле жазалабайбыз, коррупция менен байланышпайбыз. Колхоз, совхоз, завод, фабрикаларды ошол демократия башталганда эле куран окуп коштошуп койгонбуз. Анан дагы ашка жүк башка жүк кылбай көптөгөн кызгыздарды жана башкаларды дүйнө жүзүнө таратып тынып эле калганбыз. Кыздарыбыз көбөйүп кетип, топ-тобу менен Кореяга күйөөгө жөнөтүп аяктан дагы пайда таап жатабыз, кыз экспортуна дагы заказдар келүүдө, акчалар жетишээрлик. Жашообуз ойдогудай ири ишканалар менен баш оорутуп убара болбой, оңой эле Кытайдан келген товарлар менен алып-сатаарлык оокат кылып жан сактоодобуз, жашонун оңой жолу алып-сатаарлык менен кыз экспорту экен, кыйналып баратсак дүйнөлөк донор мамлекеттерден тилемчилеп акча ала коебуз. Дүйнө жүзүнө тентип элибиз деле 5 миллионго жетпейт. Донор мамлекеттерге 3 млрд.га эле жакын доллар карызбыз, акыры карызыбыздан кутулабыз, кутула албасак бизде жер көп, жерибизден бөлүп бере коебуз. Берген жериңер аздык кылат десе иш таппай жүргөн бекерпоздор көчөлөрдө сансыйт Кыргызстанда, мына ошолорду оптом кулчулукка келишим түзө коебуз, миграция министрлигибиз тууралап коет. Карызыбыздан бир четинен кичине кутулсак, жардам бербесеңер жашоо кыйын болуп калды деп донор мамлекеттерден дагы акча сурайбыз, мүмкүн карызыбыз 4 миллиардга чыгып кетет. Чыкса чыга берсин бизде жаратылышта дымып жаткан байлыгыбыз жетишээрлик, алтын кен, темир кен, көмүр кен айтып отурса сан жеткис, алар аздык кылса биз кыргыздар ГЭСтерге да байбыз. ГЭСтерибизди чекеден кармата беребиз, эмне ГЭСтерди көтөрүп кетет беле, өзүбүздө эле калат да, келечекте небере – чөбөрөлөрүбүз бирдеме кылым кайтарып алышаар, айлыгыбыз аз болсо да оңой оокат донорлордун акчасын алып кыйналбай жашай беребиз.

Юрий Владимирович! Бизди текшергенден көрө кошуналарыбыз Өзбекстан менен Казакстанды текшерип, ушул эки мамлекеттен акчабызды алып берсеңизчи, себеби кылымдардан бери биздин суубузга акча бербей ичкени аздык кылгансып газ, бензин алдыңар деп бизди миллиондогон долларга карызсыңар деп кычашкансып ызгаардуу январь айында газдын түтүгүн жаап салышып мыйыгынан күлүшүп «куп кыргызларны яйиладык» дешет. Жоош коңшуну тапкан экен, биздин берешен экенибизди баалашпайт. Сууларыбызды бекер алганына ыраазы болбой Ноокен, Сузак, Аксы, Баткен райондорунан жердин асты менен нефти газдарыбызды да «эмчек эмген баладай» түтүк менен сордуруп алып, «алганыбыз жок» деп аны да моюндарына алышпайт. Ушул эки кошунага араң чыдап жашап жатсак чыгыштан арстандай азуусун көрсөтүп айбат кылып Кытай деген да турат. Жер сурап, кен сурап, унчукпасак көзгө басар көлүбүз менен бүткүл Наарынды картасына кошуп чийип алгыдай, анан дагы кетмени менен кертип тажиктер чек арабызга кирип келе жатышат. Эмне биз ушул 3-4 мамлекетти бакканы жаралыппызбы? Иштешсин, өздөрүн өздөрү баксын. Илгери Ленин деген деле айткан, «иштеген тиштейт» деп, ушундай кылбай кудайдын буйругун да аткарбай жатышат. Сиз өзүңүз ушулардан аласабызды алып бербесеңиз жашообуз кыйындап калды.

Өзбекстан менен Казакстанды текшергенге убактым жок дейсизби? Андай болсо бизге деле келбей эле коюңуз, биз ыраазыбыз.

Эмесе өзүбүздүн эле ичибизде бир орчундуу иш болуп жатат, ошону жайларына коюп ирээттеп бербесеңиз пайдасы жок иштер дагы көбөйүп баратат. Телеграмма аркылуу эле кат жөнөтүп койсоңуз болот. Эми биз кыргыздар чоң болгонду кыйын жакшы көрөбүз. 10,100,1000 кишини башкарып көрбөй эле оптом миллион кишини башкарганды эңсейбиз. Себеби жакында президенттик шайлоо болот. Ошол бир орунга 80ден ашык киши «мен президент болом» деп жулунуп, баары эле кыйын баары эле өздөрүнө ишенишет, өмүрүндө аты чыкпаган өздөрүнүн жакын туугандарынан башкалар тааныбагандар деле тизмеге жазылып алышыптыр, шайлоо жакындагай сайын сорттолуп атып жыйырма чактысы калды. Капырай десе, ушундай да болобу, буларың президенттик кызматты эчки перме, үндүк перме, тоок пермедей ойлошот. Юрий Владимирович! Ушуларга айтып коюңузчу уят болот деп, өздөрүн да, элдерди да убара кылбай эки эле кишиге жол бергиле деп, биздин тилибизди албай жатышат. Эмнеси болсо да сиздин кадырыңыз менен сүрүңүз бар. Андан көрө айыл чарбасына, жеңил өнөр жайга, илимге, маданиятка көңүл буруп, жаңы техникаларды ойлоп тапкыла деп, мына ушундай болсо өлкөбүз тез эле байып кетээр эле.

Владимирович! Владимирович! Кичинекей бир эле суранычым калды. Биздин Кыргызстанда кылмышкерлер деле көбөйүп баратат. Себеби хулигандар алсыздарды кордоп уруп, денесин көк-ала кылып койсо да милиция жоопко тартпай кое беришет, себеби башың жарылбаптыр, колу-бутуң сынбаптыр же сени өлтүрүп койбоптур деп. Дагы көп эле мамлекеттик кызматкерлер көмөктөшүп кылмыш жасап ийишет. Ушуларды текшерип бер деп арызданып мекемелерге жана милицияга барсаң мындай ишти сот чечет, сотко бергин дешет. «Кылмышты кылып кыл жип менен бууп» коюп сотко шылташат. Биздеги соттор деле калыстыкта тез эле чечишине көз жетпейт. Сот отуруму күндөн-күнгө, айдан-айга, жылдан-жылга созулуп кетет. Бара берип чарчайсың да, кийин сотко баргың деле келбей калат.

Депутат Санжар Кадыралиевдин өлүмүнө байланыштуу сот отуруму деле 3 жылдан бери 40 жолу болуп бүтпөй атпайбы.

Юрий Владимирович! Арыз арманымды аяктап жатам.

Турмушубуз жакшы, көчөлөрүбүзгө иномаркалар батпайт, жашообуз мыктай! Биз башка элдин акылына муктаж эмеспиз. Ишенип коюңуз, келбеңиз сиз ойлогондой эле кылып Өзбекстан, Казакстан, тажиктерди эмес өзүбүздү өзүбүз эле туздайбыз. Эс ала бериңиз, келбеңиз, бизди эстеп жүргөнүңүзгө чоң рахмат. Биздин ак калпагыбыз бар! Бизди арбагы колдоп жүргөн Манасыбыз бар. Келе көрбөңүз!

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

18-10-2011
Эмдиги президенттик шайлоого сунуш
1928

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×