Добавить статью
9:49, 11 октября 2011 39671

Элет жериндеги жаңы конуштарды өнүктүрүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2012-жылга Республикалык бюджетинин долбоорунда Бишкек шаарынын жаңы конуштарын өнүктүрүү максатында 500 млн сом акча каражаты каралган. Бул колдоого ала турган өнөктүк.

Ошол эле мезгилде акыркы 10-15 жылда өлкөбүздүн аймактарында 10 миңдеген жаш үй бүлөөлөр турак жай үчүн жер участокторун алышып, там салышкан. Бирок, алардын ыңгайлуу жашоосу үчүн мамлекет тарабынан бир да шарт түзүлбөй келүүдө. Натыйжада айылдардагы жаңы конуштарда жолдор салынган эмес, электр линиялары тартылбаган, таза суу жеткирилбеген, бир сөз менн айтканда аталган маселе өкмөттүн көз жаздымында калууда.

Ошондуктан, Кыргыз өкмөтү 2012-жылдын бюджетинен 1 млрд. сом акча каражатын таап (аз дегенде 500 млн. сом), аймактардагы элет жериндеги жаңы конуштарга деп деп бөлсө, ар бир айылдык округуна 2 млн. сомдун айланасындагы сумма бөлүнмөк. Бул каражаттар жаңы конуштардын жашоочуларына стимул берип, бул суммаларга алардын акчалай түрдөгү, жумушчу күчү менен да демилгелери кошулат эле. Натыйжада жакынкы 5-10 жылда айыл жерлериндеги жаңы конуштардын тургундары болгон жаш үй бүлөөлөрдүн жашоосуна колдоо болуп, жаштардын айылдан кетүүсү деген проблема жеңилдеп, өлкөбүздүн 80 % түзгөн айыл тургундарынын нааразычылыктары азайып, бийликке ишеним көбөймөк.

Менин сунушум 2012-жылга малекеттик деңгээлде Элет жериндеги жаңы конуштарды өнүктүрүү Программасын киргизүү мезгили жетти деп эсептеймин. Бул үчүн бийликтен көп күч талап кылынбайт , ансыз деле “эл керек болгондо” биз тигил же бул тармактын кызматкерлерине эмгек акыларын бир нече эселеп көтөрүп жатпайлыбы. Бул программа менен болсо калктын калың катмарын камтып, чыныгы элге жакындаган болот элек.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×