Добавить статью
5:21, 13 октября 2011 28465

Жердеши Б.Төрөбаевди коргоодо

Кыргыз Републикасынын президенттигине талапкер Адахан Мадумаровдун 2010-жылдын 10-октябрында Сузак айылында, Жалал-Абад шаарында болгон жолугушууда сүйлөгөнүнө нааразылыгын билдирип, Сузак районунун жашоочулары массалык маалымат каражаттарына кайрылуу жолдошуп, Жалал-Абад областы жана жалпы эле Кыргызстандын энергетика тармагынын өнүгүүсүнө салым кошуп, КР Жогорку Кеңешине 4 жолу депутат болуп шайланган Сузак районунун ардактуу атуулу, ардагери, учурда ардактуу эс алууда жүргөн 84 жаштагы Эргеш Төрөбаевге акарат келтирип, анын уулу, ЖКнын вице-спикери Бакыт Төрөбаевге асылганына кыжырданып жатышканын айтышкан.

Бул тууралуу аймактык кабарчы Орозалы Карасартовго «Республика» партиясынын областтык штабынын пресс-кызматынан Тыныч Мамаев билдирди.

А.Мадумаров жолугушууда «Бакыт Төрөбаевдин атасы ким? Эргеш Төрөбаев убагында Акаев кетсе биз өлөбүз деп жүргөн. К.Бакиев келгенде сизден артык президент жок деп чыккан. «Алма сабагынан алыс түшпөйт, деп Б.Төрөбаеди мазактаганын айтышкан. .

Укук коргоо органдардын, соттордун, район-шаарлардын жетекчилеринин бардыгын эле жамандап жатат. Ким жаман экенин ачык айтпайбы? Алар да элден чыккан. Мадумаров деле Бакиевдин тушунда анын этегин кармап, ушул жерге келип «Ак жол» партиясын колдоп бергиле деп бал тилин салып сайрап турбады беле» дешет кайрылуу жасагандар. «Ак жолчу Мадумаров» кылган кызматына Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланганы жалганбы. Ишти алып баралбай кетүүгө аргасыз болгон. Депутат болгондо Каркыраны кайын-журтуна саткан. Анан ал элдин баарын жегич, ичкич, кошоматчы, ээрчиме кылып каралай бергенге кандай акысы бар?

Анысы аз келгенсип, мен президент болсом, кылыч менен башкарам, 40-50 адамдын башы курмандыкка кетет, деп эмненин башын кылтыйтып турат дешип нааразы болушууда.

Биз Төрөбевдерге кошомат кылган жокпуз. Анын туулуп-өскөн мекени Сузак жергесине акыркы 15 жылдан бери такай кылып келе жаткан кызматын баалап айтып жатабыз. Бакыт Төрөбаев Сузак районуна эле акыркы учурда 3 млн сомдон ашык жардам берди. Канчалаган адамдарды иш менен камсыз кылды. Республиканын түштүгүн сапаттуу ун менен камсыз кылып жатат. Анан тилинен башка колунун тыйынчылык иш кылбаган Мадумаров айтса эле эп боло береби» деп жазылган кайрылууда. Кайрылууга 17 адам кол койгон.

Кайрылуу элдин атынан

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×