Добавить статью
8:35, 13 октября 2011 49186

Р.Отунбаевага кат

Кыргыз Республикасынын Президенти Отунбаева Р.И. айымга

«Манас Журт Биримдиги» кыймылынын коомдук

Эске Салуусу жана Талабы

Урматтуу Президент – айым!

I.

Манас бабабыздын кыргыз улутуна кылган кызматын, калтырган мурасын, айткан керээзин улуу жана ыйык деп таанып:

- алардын негизинде кыргыз элинин жана мамлекетинин жаңылануусун жана кайра жаралуусун аруу-тилек, ыйык максат, атуулдук милдет деп эсептеп;

- өлкө абалы бүгүн керегелери ажырап, ууктары сынып, түндүгү түшкөн боз үй кейпин элестеткенге терең кайгырып;

- туташ (системалык) кризиске учураган саясий жана мамлекет башкаруу түзүлүшү, илим аныктагандай, оңдоп, түзөтүүгө жатпаганын билип, бул кризистен чыгуунун бир эле жолу бар – саясий башкаруу түзүлүштү түп тамыры менен өзгөртүү керектигин моюнга алып;

- элдик ынкылаптарынын кайталанышы - өлкөбүздө орун алган батыш үлгүсүндөгү саясий жана башкаруу түзүлүш кыргыз элин миңдеген жылдар бою сактап, өзүн толук актап келген өзүн өзү башкаруу тарыхый тажрыйбасына келишпестик карама-каршылыкта болгонун белгилеп, бул карама-каршылык жоюлмайынча ынкылаптар кайталана бериши мүмкүндүгү кала берээрин эскерип;

- жыйырма жыл бою эл байлыгы уурдалып, тонолуп, өлкө алсызданып, элибиз тентип, адилетсиз бийлик коррупцияга батып, калкыбыз жакырланып, мамлекетибиз тунгуюкка түшүп баратканын токтотуп, ага чекит коюлбаса кыргыз мамлекетүүлүгүн жоготуу чегине жетип калганын биз, «Манас Журт Биримдиги» кыймылынын мүчөлөрү толук жоопкерчилик менен билдирип;

- өлкөбүздү ушул абалдан алып чыгууда дагы да болсо сиздин салымыңыз зор болот деп үмүттөнүп;

- ушул багытта төмөнкү жагдайларды сиздин эсиңизге салууну ылайык көрдүк.

II.

Биринчи.

Жыйырма жыл бою бийлик жүргүзгөн президенттер өзүн кыргыз элинен бийик коюп, элди сыйлабай, эл менен эсептешпей, бир дагы жолу элге жооп (отчет) бербей, өз иштерине элдин калыс баасын албай коюшту.

Натыйжада, экөөнү тең кыргыз эли өлкөдөн айдап чыкты.

Мындай катага жол бербей, кыргыздын жаңы тарыхында сиз элге жооп (отчет) берип, элдин сынын угуп, ага чыдап, жаңы салт түптөгөн биринчи президенти катары тарыхта калышыңызды каалайт элек.

Экинчи.

Сизди бийлик башына үч саясий партиянын мүчөлөрү же Кыргызстан элдеринин ассамблеясы алып келген жок.

Сизди бийлик башына кыргыз эли токсон баатыры окко учуп, бир жарым миңи майып болгон эрдиги менен алып келди, бүткүл өлкө боюнча элдик курултайларга чогулган мекенчил атуулдардын колдоосу аркылуу.

Yчүнчү.

Кыргыз эли баа жеткис кун төлөп, элдик ынкылапты жеңишке жеткизип, жаңы турмуш болот деген үмүтүн сиз жетектеген убактылуу өкмөт актай албады (ата бейитте элге берген антын унутуп).

Төртүнчү.

Бакиевдин бийлиги саясий себеп менен далай адамдарды өлтүргөнүнүн биринин эле бети ачылды.

Эмне себептен калгандарынын бети ачылбайт, буга кимдер кызыкдар жана тоскоол болууда?

Бешинчи.

Эмне себептен бакиев бийлигинин учурунда Ширшов, Балкибеков, Yсөнов, Максим, Елисеев ж.б. далай министрлер, депутаттар, губернаторлор тарабынан жасалган жүздөгөн эмес, миңдеген экономикалык кылмыш иштеринин бири да иликтенбейт, тергелбейт, бети ачылбайт?.

Же далайын качырып же кайра бийликке алып келип жатканда алар убактылуу өкмөттүн көңүлүн алуу менен кошо, жасалган экономикалык, каржы кылмыш иштер иликтенбейт – деп, сиздерден кепилдик алышты беле?

Алтынчы.

Сиз 2011-ж. жайында Кыргызстан Элдеринин Ассамблеясынын кезексиз жетинчи курултайын бюджет эсебинен каржылап, өзүңүз башында туруп өткөрдүңүз.

Эмне себептен Кыргызстанда жашаган сексен улуттун өкүлдөрү курултайга катышып, курултайга кыргыз элинен бир дагы өкүл шайланбай, катыштырылган жок?

Эгерде Кыргызстан элдеринин арасына сиз кыргыз элин киргизбесеңиз, өкүлдөрүн курултайга шайлатпасаңыз, анда кыргыз эли Өзбекстан же Казакстан элдеринин арасынан өзүнүн ордун издеш керекпи?

Кыргыз элин минтип кемсинтүүгө, мазактоого, басмырлоого ким жооп берет?

Жетинчи.

Сиз декретиңиз менен Конституциялык сотту жоюп, ордуна Конституциялык палата болот деп чечтиңиз.

Бирок, бүгүнкү күнгө чейин анын курамы түзүлө элек.

Демек, Баш Мыйзамга, анын аткарылып, сакталышына президент катары сиз жалгыз кепил болуп келатасыз.

Ошого карабай, Баш Мыйзамдын бир нече түпкү беренелери, аларда коюлган башкы талаптар одоно, орой түрдө бузулуп жатса да, сиз ага көңүл бурбай, билмексен болуп келатасыз.

Тактап айтканда:

- Баш Мыйзамдын 4-беренесинин 4-тарамы: «Кыргыз Республикасында мамлекеттик жана партиялык институттардын кошулушуна тыюу салынат» деген талабы тепсендиде калды;

- Баш Мыйзамдын 5 беренесинин 2 тарамы: «Элдин эч бир бөлүгү, бир да бирикме, бир да адам мамлекетте бийликти өзүнө ыйгарып алууга укуксуз» деген талабы үч саясий партия тарабынан четке кагылды;

- Баш Мыйзамдын 20 беренесинин, 1-тарамы; «Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктарын жокко чыгаруучу мыйзамдар кабыл алынбашы керек» - деген талабы орой бузулуп, 70 берененин 2-тарамы «Жогорку Кеңешке шайлоо партиялык система менен жүргүзүлөт» деп, бир дагы партияга мүчө болбогон жана болгусу келбеген Кыргызстан элинин 95 пайызын Жогорку Кеңешке шайлануу укугунан мыйзамсыз ажыратып койду;

- Баш Мыйзамдын 72 беренесинин 2-тарамы: «Жогорку Кеңештин депутаты жеке ишкердик менен алектениши, коммерциялык уюмдун жетекчи органын же байкоочулар кеңешинин курамына кириши мүмкүн эмес» - деген талабына карабай, Жогорку Кеңештин көпчүлүк депутаттары (70 пайыз) ири ишкерлер экенин элибиз жакшы билет.

Бул тизмени уланта берсек болот эле, бирок анын кажети жок...

Бийликке жеткен бай адамдарга келгенде «Баш Мыйзам өзү иштебей калганына сиз макул болсоңуз (демек, колдосоңуз), андай Баш Мыйзам элди «ак сөөк», «карасөөк» кылып бөлүп жатса, кантип элде ынтымак, биримдик болуп, коомдо туруктуулук сакталсын?

III.

Ушул жана башка жагдайларды эске алып, өзүңүздү элден бийик койбой, өз ыктыярыңыз менен элге – элдик Курултайга (дүжүрлөр эмес, эл шайлаган чыныгы Курултайга) отчет беришиңизди талап кылабыз.

Берки эки президенттердей, чытырап кийимине батпай, элге чыйт түкүрүп басып кетем деген ойдо болсоңуз сиз терең адашасыз.

Бүгүн элдин маанайы бөлөк, эчкимди качырып жибербейт.

Бийликте турганда элге отчет берип албасаңыз, кийин кыйын болуп калышы мүмкүн.

Андай болуп калса, «Манас Журт Биримдиги» сиздин жоопкерчилигиңизди аныкташ үчүн эл аралык сотко кайрылууга аргасыз болот.

Качанга чейин улуу кыргыз эли бийлик тарабынан кордолуп, азаптан башы чыкпай, тентип жүрө бериши керек?

Сизди урматтоо менен «Манас Журт Биримдиги» кыймылынын негиздөөчүлөрү, Бакай Кеңешинин мүчөлөрү:

“Теңир Ордо” фонду – Д.Сарыгулов,

“Боорукер” кайрымдуулук фонду Г.Таджиева,

“Улутман” саясий партисынын тєрагасы С.Турдумалиев,

“Улут Ордо” саясий партиясы – Н.Токтоболотов,

“Эл Бийлиги – Элдик Курултай Тилектештиги” 117 адамдын колу,

“Парапсихолог жана биоэнергетика” коомдук бирикмеси Э.Мамбеталиев,

“Улуу Кыргыз Улуттук Коому” А.Осмонов,

“Апрель баатырлары” коому Р.Соорбеков,

“Кардинальные реформы Кыргызстана” А Кудайбердиев,

“Бириккен Улуттук Кыймылы” А.Чолпонбаев,

“Өчпөс элестер” коомдук бирикмесинин жетекчиси Д.Буларкиева,

“Кыргыз Чоролору” коомдук бирикмеси,

“Түштүк коогалаңдуу кандуу окуянын” Бишкектеги тєрагасы А.Ураимов,

“Элдик Кеңеш” кыймылы С.Момбеков,

“Теңир башат” коомдук бирикмеси,

“Ар-Намыс” коомдук уюму,

“Коомдук парламент”,

“Жаштар үчүн колдоо партиясы” У.Ж.Какелеева,

“Арыш” коомдук бирикме,

“Асанбай” коому Б.Мусаев,

Коомдук ишмерлер: М.Мусабаев, И.Айдаралиев, ж.б.19 адамдын колу,

ОсОО ПКФ “ТАС” башкы директор У.Асанов,

Ардагерлер: А.Балтабаев, Д.Искеналиева, Н.Ковун, А.Исакова ж.б. 41 адамдын колу,

ОсОО “Басма Тамга” Д.Мамырканов,

“Марат” дыйкан чарбасы, Талас областы К.Бектурсунов,

“Үч-Эмчек” коому К.Абдрахманов,

ЖЧК “Стройдворсервис” Ш.Уметбаев.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×