Добавить статью
7:13, 18 октября 2011 1922

Эмдиги президенттик шайлоого сунуш

Америкада Барак Обама элди эмес, эл Обаманы сатып алып президенттик такка отургузушкан. Бизде болсо кылмыш жолу менен элдин добушун сатып алышып президент болобуз деп жатышат. Президент болуучу инсан да, эл да кылмыш жасап жатканыбызды эске албай жатабыз. Акча бербе акчаларын албагыла деген менен баары бир берет да ала беришет да экен. Кой десең тил алышпайт. Шариятта да добушту сатып алганга жол бербейт. Ушуларга байланыштуу элди да убара кылбай, рекмаларга, талааларга көздү жумуп акчаларды чача бербей, мамлекетибизди байытуунун жолун таптым.

Эмдиги шайлоолордо элибиз кылмышка барбай таза жол менен шайлоолорду аукционго коюп президент болом дегендер акчаларын чек аркылуу мамлекеттик казынага төгүшсүн, ким көп акча салса ошол адамды Президент кылып шайлап алалы. Калгандарды акчасынын суммасына карап премьер, губернатор, аз төкөндөрүн бүткүл райондорго акимдерди шайлап баардыгынын берген акчаларынан кутулалы. Депутаттарды да сотторду да министирлер замдарынан бери кудум ушундай жол менен шайлайлы. Эч кимиси нааразы да болбойт, бирдеме десе чегиңди көрсөт дейбиз да. Эми биз кыргыздар океандын ар жагындагылардан кем бекенбиз, Америка техника жагынан кыйын болсо биз экономикалык саясат жагынан кыйын болуп жатабыз. Бийликтегилер кыйналып убара болбой эле, байлар өз ыктыяры менен акчаларын мамлекетке салуунун, өлкөбүздүн байуусунун жолун таап дүйнөдө биричилерден болуп отурабыз. Мына ушундай кылсак жылдап миң- миңдеген адамдар убара болбой үч эле күндө президенттин тагдыры чечилет экен. Баарынан дагы мамлекетибиз байып калат. Экономика деп ушуну айтсак болгудай. Эки жолу ушундай шайлоолорду уюштурсак үч миллиардка жакын карызыбыздан да кутулабыз.

Урматтууу депуттатар андан көрө баардык шайлоолорду чек менен аукцион сымал акчаларын алып бийликтегилерди шайлай турган мыйзам чыгарсаңыздар.

Мекендештер ушул жол туура болсо туура, чатак болсо чатак деп, жооп берип койуңуздар.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

10-10-2011
СССРди башкарган бир чиновникке кат
3567

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×