Добавить статью
10:31, 28 октября 2011 8358

Кыргызстандын жарандарына кайрылуу

Урматтуу мекендештер!

Биздин өлкө кезектеги тарыхый өзгөрүүлөрдүн босогосунда турат. Шайлоо кампаниясы акыркы айлампасына чыгып марага жакындап калды!

30-октябрдан кийин кандай жыйынтык болот, өлкө кандай жолго тушөт - бүт бойдон биздин өзүбүзгө байланыштуу болот.

Биз, Кыргызстан медиаторлор Ассоциациясынын мүчөлөрү, жарандык коомдун өкүлдөрү өлкө башчылыгына айрым талапкерлердин «үгүт иштериндеги» колдонуп жаткан ыкмаларын көрүп терен тынчсыздануудабыз. Биздин ар-намысыбыз дүң жана чекене сатып алынууда жана да шайлоо күнү жакындаган сайын баа өсүүдө.

Акылы жетик адамдардын бардыгы ким, кандай жол менен бийлик тактысына жетүү аракеттерин жүргүзүп жатканын баамдап билип турушат.

Дал ошол шайлоочулардын добушун сатып алып, өзүнүн кызыкчылыгы үчүн электораттарды кайраштырып жаткан адам эңсеген тактыга отура турган болсо, өлкөбүздүн президенти кандай болоору бештен белгилүү.

Биз, өлкөнун аймактарында шайлоо иштерине байланыштуу айрым өлкө башчылыгына талапкерлердин саясий жактан өтө «кыраакылыгынын» айынан кырдаалдын курчуп, коомдун түндүк жана түштүк болуп бөлүнушүнө сиздердин көңүлүңүздөрдү бургубуз келет.

Биз Кыргызстандын баардык жарандарын, бышып жетилип келе жаткан кырдаалга олуттуу мамиле жасап, былтыркы жылдын кайгылуу окуяларынын кайталанышына жол бербөөгө чакырабыз!

Шайлоо тирешүүнүн себеби болуп, кезектеги башаламандыкка алып келбеши керек. Бардык карама-каршылыктарды тынчтык жол менен чечүүгө болот жана чечүү керек, себеби шайлоодон кийин да жашоо керек. Дал ушул шайлоо Кыргызстан үчүн жаңылануунун, өнүгүүнүн башталышы болуп калышын каалайбыз.

Биз бардык жарандарга, биздин мекендештерге кайрылабыз!

Бүгүн өлкөнун тагдыры, мамлекеттүүлүктүн сакталышы, улут келечегинин тагдыры, мына ушунун баары ар бирибиздин колубузда!

Өлкө алдында, өз абийирибиз алдында, балдарыбыздын алдында жоопкерчилигибизди аткаралы!

Мекендештер! Чыр-чатак кырдаалдарды көз ирмемдеги кызуу кандуулукка алдырбай күч колдонуудан, агрессия колдонуудан баш тартууга чакырабыз!

Акыл-эсибизге, жүрөгүбүзгө ылайык, эл үчүн иштеген талапкерди шайлайлы!

Кыргызстанды урпактарыбыз үчүн биргелешип сактап калалы!

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×