Добавить статью
5:25, 10 ноября 2011 34270

Элге убадасын берди эле...  

Шайлоонун шайтан оюндары бул өткөн шайлоодо да кайталанбай койгон жок. Бюллетенди пачкалап салууга болгон аракеттер, бир талапкерге добуш берүүгө мажбурлоо, журналисттерге мыйзамсыз мамиле, айрым шайлоочуларга арак берүү, акча сунуш кылуу сыяктуу көрүнүштөр орун алды.

Каракол шаарынын «Журналисттер үйүндө» уюшулган түз байланышына келген телефон чалууларда айылдык студенттерди Каракол шаарынан шайлайсынар деп арыз жаздырышкан. Аны шаарыбыздагы «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясынын өкүлдөрү ырасташты. Дагы бир телефон чалууда кайсы бир талапкердин кишилери 200 сомдон акча таратканы тууралуу билдирүү болгон.

Ак-Суу районундагы №3122 шайлоо участкасында, Каракол шаарынын № 3160 шайлоо участкасында бюллетендерди саноо учурунда «Азаттык» радиосунун жана «Issyknews» сайтынын журналисттерин бөлмөдөн чыгарып жиберишкен. Ошол эле №3160 шайлоо участкасында бюллетендерди тобу менен салып жиберүү аракеттери болгону тууралуу факты катталып, байкоочулар акты түзүшкөн.

Ал эми Караколдогу № 3145 шайлоо участкасына караштуу көчөлөрдө бир талапкердин жактоочулары түштүк коогалаңына байланышкан дисктерди таратып жүрүшкөнүнө ушул шайлоо участкасынын мүчөлөрү күбө болушкан.

Эми атаандаштардын арасынан Караколдо ким мөөрөй алды деген суроого кайрылсак, баардык шайлоо участкаларында Атамбаев көп добуш алды. Бир эки мисал келтире кетели. Каракол шаарынын №3141 шайлоо участкасында 487 адам шайлоого катышса анын 414ү Атамбаевге добушун беришкен. №3145 шайлоо участкасында 642 шайлоочу катышса алардын 545и Алмаз Шаршеновичти шайлаган. Башка талапкерлер жөнүндө айтсак, кээ бирлери ар бир участкада 3- 4төн добушка жетишсе, кээси бир да добуш алышкан жок. Бир аз башы көтөрүлүп , шайлоочулардын көбүрөөк добушун алып, Көлдук Темирбек Асанбеков айырмаланды окшойт.

КСДП партиясынын штабында иштешкен анын мүчөлөрү жана колдоочулары артыкча даярдык менен келишкени сезилди бул шайлоонун жүрүшүндө. Арасында «95 пайызды беришибиз керек» деп өздөрүнчө милдеттенме кабыл алышып,чуркап жүргөндөр да болду, бөрк ал десе баш алчудай урунуп беринип. Иши кылып, колдо болгон мүмкүнчүлүктөр жетиштүү пайдаланылды. А, эмне үчүн көпчүлүгү Атамбаевдин талапкерлигин колдошту деген суроого жооп издесек аны ар башкача түшүндүрүүгө болот.

Жөнөкөй бизге окшогон каратамандарга тынч жашоо керек болду. Атамбаев стабилдүүлүктү камсыз кыла алат деген ишеним эл арасында жаралып калганына баарыбыз күбө болуп жүрөбүз. Ал убагында айлык акыларды, пенсияларды көбөйтүп, ал жагынан да өзүнө упай топтоду. Ал эми Көлдөгү бийликте, майлуу сүттүү орундарда отургандар кызматымдан ажырап калбайын деп бийлигинин күчүн пайдалануу аркылуу аракеттеништи. Аз улуттун өкүлдөрү болсо, улуттук кызыкчылыкты көбүрөөк ойлогон Ташиев өңдүү күчтүү саясатчыдан чочулашты. Мурдагы шайлоолордо Текебаевге да ошондой мамилелер болгон. Анткени өздөрү үчүн ыңгайлуу канааттандырган шартта жашап жаткандар үчүн Ата Мекен партиясы жана алардын лидерлери тарабынан келип турган сестендирген саясий дем бар эле.

Атамбаев консерватор экени көрүнүп турат. Көпчүлүк анын бир ыктай, ыраттуу жүргүзгөн саясатына ыраазы. Себеби, жетекчи кызматчылар өз орундарында калышты, элдин эсебинен жашап, бийлик башында турушуп, өз билгенин кылып жатышат. Атамбаев Көлгө келгенде эл алдында сүйлөп, корупцияны жоюуу боюнча атайын бир түзүм уюштуруп, алдым жуттумдарды жоебуз деген убадасын берди эле. Ошонусун унутуп калбас бекен? Биз өндүү катардагы пенделерге бийликтин деле, байлыктын деле кереги жок. Кийимибиз бүтүн, курсагыбыз ток болуп, анан элибиз тынчтыкта жашаса болгону. Азыркы шайланган президентибиз элдин камын көбүрөөк ойлоп, эл журтунун ишенимин актайт деген үмүттөбүз.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×