Добавить статью
10:50, 11 ноября 2011 17570

Студенттердин юридикалык клиникасы

Каракол шаарында Ысык- Көл областтык юридикалык академиясынын алдында студенттердин юридикалык клиникасы уюштурулуп анын ийгиликтүү иштеп келе жатканына үч жылдан ашты.

Студенттер бул клиникада граждандык иштерди кароо менен шаар тургундарына юридикалык жардам көрсөтүшөт.

- Мен юридикалык клиникага киргениме аз убакыт болду. Сентябрь айынан бери бизге 22 адам жардам сурап кайрылган. Алардын көбү арызды кантип жазуу керек, кайда, кимге кайрылыш керек деген сыяктуу суроолор менен кайрылышат. Мен мында жүрүп алган билимимди иш жүзүндө улантууга мүмкүнчүлүк алдым. Граждандык ар кандай талаш-тартыш иштерди кароодо көп нерселерди үйрөндүм-дейт 3-курстун студенти Евгений Сайфулин.

Ал эми юридикалык академиянын ошол эле 3-курсунда окуган Курманалиев Мараттын айтуусунда юридикалык клиниканын шаардыктарга тийгизген пайдасы көп. Өткөн жылы 5- курстун студенттери сот ишин кароодо сот процесин жеңип алышкан. Биздин ишибиздеги дагы бир белгилей кетүүчү жагдай, клиниканын мүчөлөрү консультация, кенеш берүүнү бекер жүргүзүшөт. Бизде мамлекеттик түзүмдөрдөгүдөй болбосо да өзүбүздүн уставыбыз, каттоо журналыбыз бар, кадимкидей график боюнча жарандарды кабыл алабыз.

Ооба, бул сыяктуу элдин пайдасына иштеп, колунда жок жакыр үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүүгө далалат кылган жаштардын аркетин колдоого алууга чакырабыз.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

10-11-2011
Элге убадасын берди эле...  
34269

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×