Добавить статью
11:14, 15 ноября 2011 38465

Баатырлык наам кимге берилет?

Кыргыз эл акыны Майрамкан Абылкасымованын ысымы жана чыгармачылыгы кыргыз журтчулугуна гана эмес, алыскы-жакынкы чет өлкөлөргө чейин кеңири таанымал.

1961- жылы «Кичинекей досторго» деген биринчи поэтикалык жыйнагы жарык көргөн. «Быйыл жаздын гүлдөрү көп» (1965ж.), «Гүлдөр суу сурайт» (1970 ж.), «Ата журт» (1973 ж.), «Менин бүтпөс ырларым» (1977 ж.), «Жашыл көлүм» (1986 ж.), «Үшүк» (2001 ж.) ырлар, поэмалар жыйнактары, «Атаке баатыр» (2004 ж.) драмасы менен окурмандарга кеңири белгилүү. Чыгармалары орус, украина, казак, англис, француз, монгол, болгар ж.б. тилдерине которулуп чыгарылган.

М.Абылкасымовага кыргыз адабиятын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн 1980-жылы «Кыргыз Эл акыны» ардактуу наамы ыйгарылган. 1968-жылы «Сен билесиң менин мекеним» чыгармасы үчүн Бүткүл Союздук Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты болгон (Бул наамга Кыргызстандан болгону эки гана акын М.Абылкасымова, С.Суслова арзыган). Ал 1984-жылы «Гүлдөр суу сурайт» поэтикалык жыйнагы үчүн Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты болгон. 1970-жылы «Эмгектеги каармандыгы үчүн» жана 1972-жылы «Тынчтыкты коргоо» медалдары, 2005-жылы III-даражадагы «Манас» ордени, 2006-жылы Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин «Ардак» медалы, 2008-жылы Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун (ВОИС) Алтын медалы менен, 2010-жылы Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин 85-жылдыгынын медалы менен сыйланган.

Ушул тапта да ал чыгармачылыгын үзүрлүү улантууда. Кыргыз Улуттук жазуучулар Союзунун президиумунун жана республикалык аялдар комитетинин мүчөсү катары коомдук иштерге активдүү катышууда.

Кыргыз улуттук адабиятынын жана маданиятынын өнүгүшүнө кошкон зор салымын, республиканын коомчулугунун, маданий-илимий ишмерлердин кайрылуусун эске алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан Кыргыз эл акыны, III-даражадагы «Манас» орденинин ээси, Т.Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Майрамкан Абылкасымовага «Кыргыз Республикасынын Баатыры» наамын берүү Кыргыз Республикасынын Президентине сунушталган.

Кыргыз журтчулугу, коомчулук жана окурмандар залкар акын, сүйүктүү эжекебиздин жарым кылымдан ашуун мезгилдеги үзүрлүү эмгеги татыктуу бааланарына ишенимдүү болушкан.

Бирок, баарыбызды Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат жетекчиси, мамлекеттин сыйлыктар боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Э.Каптагаевдин жообу суу сепкендей үмүттү өчүрдү. Анда комиссия мүчөлөрү тарабынан анын талапкерлиги колдоого алынган жок деген кургак сөздөр гана айтылган.

Ушундан улам, дегеле Комиссиянын дарегине бир катар суроолор өзүнөн өзү жаралат. Чыгармалары, таланты жана ысымы кыйла жылдардан бери кыргыз элине гана эмес, азыркы КМШ аймагына кеңири белгилүү акын эжебиздин эмгеги кандай критерийлер менен колдоого алынбай калды экен?

Ушундан улам мамлекеттик сыйлыктар боюнча мамлекеттик комиссиянын коомчулукка белгисиз мүчөлөрүнүн адилеттигине, калыстыгына күмөн саноолор пайда болбой койбойт.

Кийинки учурларда мамлекет тарабынан бир катар көрүнүктүү акын-жазуучулардын эмгеги жогорку баалангандыгы жакшы көрүнүш. М.Абылкасымова өзүнүн чыгармачылыгы, таланты, активдүү коомдук ишмердүүлүгү боюнча алардын катарында, эл-журт тарабынын эбак эле өзүнүн жогорку баасын алгандардын бири. Комиссиянын төрагасы эмне себептен татыксыз экендигин белгилеп кетсе болмок, кургак, дежурный-көнүмүш, көңүл калтыргын сөздөр менен чектелгени Комиссиянын мындай олуттуу маселеге, зор таланттын чыгармачыл-коомдук ишине кайдыгер, көңүл кош мамиле жасагандыгын гана билдирет.

Дегеле, кийинки учурларда ушул комиссиянын дарегине жүйөлүү дооматтар айтылып келет. Урматтуу Президентибиз баш болуп бардык иштер ачык-айкын, кеңири маалымдуулук кырдаалында жүргүзүлүшү көп айтылат.

Бирок, аталган комиссиянын иши, сыйлыкка талапкерлер кандай критерийлер менен тандалары жөнүндө эч бир маалымат берилбейт. Комиссиянын мүчөлөрү да кимдер экендиги да өтө жашыруун сакталат. Калайык калк, коомчулук ар бир мамлекеттик органдардын иши жөнүндө кабардар болууга тийиш. Ошондуктан Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы мамлекеттик комиссия өз ишин ачык-айкын жүргүзүүгө, сыйлыкка көрсөтүлгөн талапкерлердин ар-биринин эмгегин калыс, адилеттүү балоого, ар бир каралган маселе боюнча далилдүү жооп берүүгө милдеттүү деп эсептейбиз.

Айрыкча комиссиянын мүчөлөрү кимдер экендиги, кандай жол менен тандалгандыгы жөнүндө көптөгөн күмөн туудурган суроолор өтө эле көп.

Алар бир эле кызмат адамы тарабынын тандалып калган деген күдүк саноолор да жок эмес.

Ошондуктан, алар өз иштерине өтө жоопкерчилик менен мамиле жасоого милдеттүү болуш керек. Эбак эле окурмандар тарабынан эмгеги, чыгармачылыгы жогору бааланган, татыктуу баасын алган Майрамкан Абылкасымова сыяктуу кыргыз улуттук адабиятына жана маданиятына зор салымын кошкон инсанга жөн эле талапакерлиги колдоого алынган жок деген көнүмүш сөздөр жарашпайт.

Комиссия өз тарабынан кетирилген капыстыкка кайта кайрылып келип, элибиздин, улутубуздун сыймыгы болгон Майрамкан Абылкасымованын эмгегин татыктуу баалоого тийиш.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×