Добавить статью
5:07, 17 ноября 2011 9871

Радио көп, бирок жарытылуу музыкасы жок

Бүгүн Кыргызстанда, асыресе Бишкекте радио дегендер жайнайт. Угулушу ашкере тунук келген FM радио толкунун кабылдагычыңыз бар болсо болгону, менимче, бери эле дегенде 20дан кем эмес ар кыл радиону четинен тандап тыңдай аласыз. Ошолордун бардыгы тең күн-түн дебей жапырт жарыша ар кыл музыканы жаңыртуу аркылуу ѳзүнѳ угармандарды табуу түйшүгү менен алек. Тилекке каршы, алардын кѳпчүлүгүнѳн жергиликтүү калкка түшүнүксүз келген чет элдик музыка сыбызгып, анан бул да аз келгенсип, жалаң орус тилинде гана, же түрк, англисин аралаш сүйлѳп, кыргыз жергесинде чет ѳлкѳлүк музыка жана тил астейдил ѳкүмдүк кылган чак. Бир караганда тили да, дили да түшүнүксүз келген ушул жайнаган радиону ким угар дээрсиз. Албетте, мындай радиолордун угармандары  адатта -  жаштар, берүүлѳрү ошолорго арналган. Жакында эле ушундай радиолордун биринен жаштарды уюлдук телефонунун номурун таанышуу максатында жалпыга жарыя калтыртуу үчүн  уйдай мѳѳрѳткѳнүн, иттей үрдүргѳнүн, мышыктай мыялоотконун угуп жакамды кармандым. Ѳзгѳчѳ ошондогу «түз байланышка» бир ыймандуу кыз телефон чалып, ал кыздардын уюлдук телефон номурларын жигиттер чалсын деп калтырышы накта жеңил ойлуулук деп баалаганын алып баруучу анчейин этибарга албай койгону ѳтѳ ѳкүндүрдү… Кыскасы, ушул радиолордо биздеги бүгүнкү «демократиянын» шарданында Батыш турмушун үлгү кылуу, аны «цивилизациялуу» жашоо мүнѳзү катары кѳрүү, андыктан аны акырындык менен билгизбей таңуулоо тенденциясы жүрүүдѳ. Демек алар буга чейин эле кейпи кеткен кыргыз рухун, маданиятын, салт-санаасын андан ары тамтыгын чыгарууга салымдарын кошушууда, ѳсүп келаткан муундардын абийир-ыйманын кетирүүдѳ…

Албетте, ушундай дил бузар радиолордун болушуна акчасын аябастан Батыш ѳзү ынтызар, болбосо жаштарды тескери жолго түшүрѳ турган берүүлѳрдү, дилге жат музыкаларды күнү-түнү уктурууга канчалаган каражатты бекерден-бекер сарптабай калсын.  Ошентсе да  аларды эңсеп уккан жаштар кантсе да азырынча аздыгына шүгүрчүлүк кылалы, анткени кээде  алардын угармандарга зар экендиктери да байкалып калат: дембе-дем «түз байланыш» уюштуруп, бизге байланышка чыккыла деп телефон номурун улам-улам айтып, «маектешүүгѳ» чакыргандары канча? Ал эми андай радиого кимдир-бирѳѳ «музыкалык салам» суранып кокустан чалып калса, угарман табылганына кудум эле эркек уулдуу болгондой, ободон кубанычы койнуна батпай сүйүнүшкѳнүчү ?!!…

Жалаң кыргызча же аны аралаштырып сүйлѳгѳн жана ырдаган радиолорду алсак, алар деле азырынча анчейин жарытыша элек. Бул жерде алардын радиоберүүлѳрүн талдоо максатыбыз жок, болгону накта музыка жаатында учкай айтсак, жалгыз Улуттук радио гана жетиштүү даражада ага кѳрѳңгѳлүү келери музыка сүйүүчүлѳргѳ жакшы маалым. Бул түшүнүктүү, анткени 80 жылдан бери анын фондунда топтолгон кыргыз музыкасынын антологиясы – анын кѳѳнѳрбѳс байлыгы, кенчи, «менчиги».  Бүгүн базар заманы, андыктан ал  ѳз кенчинен калган радиолорго бѳлүшпѳйт, андыктан бѳлѳк  радиолорго кулак тѳшѳсѳң, алар жогорку сапаттагы таанымал кыргыз музыкасына ѳтѳ жарды. Бирок Улуттук радионун бир зор кемчилиги – ошол колдо бар накта музыканы, деги эле музыканы башка радиолорго салыштырмалуу ѳтѳ эле аз уктурганы, ошол эле мезгилде обо убактысынын кѳбүн мурдагыдай эле мамлекеттик саясатты, бийликтин жүргүзгѳн ишин  чагылдырууга кетиргени. Менимче, Улуттук радионун дагы бир мүчүлүштүгү – жаңылыктардын улам, саат сайын жаңыланып берилбегендиги. Албетте, аларды укуктурууда «Азаттыктан» үйрѳнүшсѳ, мен мындан Батыш «таасирин» кѳрбѳс элем. Ошондо аны эртеден кечке чейин уккандар кѳбѳйѳр эле. Ал эми жаштарды тарбиялоо багытындагы берүүлѳрү болсо ѳтѳ эле ашкере «акыл үйрѳтмѳйгѳ» толтура, ынандыруу кептери тайкы. Ошол эле мезгилде калган радиолор обо убактысынын кѳпчүлүгүн жогоруда айткандай негнизинен музыка уктурууга арнап, ошону менен гана угармандарды ѳздѳрүнѳ тартып алууда, анткени бүгүнкү серт жашоодо жок дегенде музыка угуп кѳңүл кѳтѳрүштүн камын кѳрүш керек го. Ал эми жаштарга эмне, кайсы радиодон музыка (эгер музыка дешке арзыганы болсо) жаңырса, ошону угат да. Ал эми ѳздѳрүндѳгү мыкты ырларга болгон таңкыстыкты  алар эл арасында эчактан бери ырдалып келаткан таанымал ырларды жаштардан чыккан «жылдыз»  аттуулардын аткаруусунда жаздыруу менен «толтурушуп», анан ободон улам кайра-кайра кое берип келатышканын белгилей кетүү абзел..  Ушул жааттан башка ырларды коюп, мисалга «Алтын балалык» деген эски ырдын жаңы версиясын, менимче,  «Миң кыял» радиосу кийинки кезде башка уктура турган ыры жоктой ободон улам-улам эле кое берип келет… Ушул жааттан кѳптѳгѳн жеке менчик радиолор сапатсыз ырлардын оболоруна айланды. Жаштар чыгарган жана ырдаган ырларды уга келсек, кѳпчүлүгүнүн же делебени козгой турган кайрыгы, же сѳзүнүн мааниси жок. Жалаң курулай кыйкырыкка, жасалма ыргак-шаңга толгон. Болгону ошол чала музыканттар кантсе да ѳздѳрүнүн «чыгармаларынын»  ушул радиолордон жаңырганына, ал эми радиолор, ѳз кезегинде,  - ушул  «авторлорунун» бар экендигине ыраазы. Ошентсе да бүгүнкү жаш «музыканттар» эски таанымал ырларсыз  ѳздѳрүнүн чыгармачылыгы кунарсыз болуп жаткандыгын аңдай башташты кѳрүнѳт, айтор, кийинки кезде эзели эскирбестен эчен муундар ырдап келаткан Боогачынын, Мусанын, Ж.Шералиевдин, Р.Абдыкадыровдун… ырларын «реймейк» кылышып, кайрадан оболотушууда. «Сулуу ыйлаганда деле сулуу кѳрүнѳт» дегендей, бул ырларды аткаруучу дээрине жеткире албай ырдаса деле уккуң келе берет, бирок ошол эле мезгилде аткаруучунун деңгээлин да дароо билгизип коет.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×