Добавить статью
3:56, 24 ноября 2011 18211

Кыргыз либерал демократиялык партиясынын Манифести

Кыргыз либерал демократиялык партиясынын максаты - адамдардын эркиндигин арттыруу, жеке ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө реалдуу шарттарды жаратуу, мыйзамдардын үстөмдүгүн орнотуу, коомчулук менен биргеликте Кыргыз мамлекеттүүлүгүн чыңдоо жана бирдиктүү Кыргыз атуулдугун түптөө.

Көздөгөн максатка жетүүнүн жолдору:

1. Кыргыз мамлекеттүүлүгүн чыңдоо

1.1. Мамлекетти башкаруу системасынын жаңы, тунук, чакан, кудуреттүү жана туруктуу моделин калыптандыруу;

1.2. Мамлекеттик кызматтарды калыс профессионал кадрлар комиссиясынын катышуусу менен баардык атуулдарга тең бирдей шартка жана атаандаштыкка негизделген сынак системасы аркылуу гана сунуштоо, “Ачык каалга” принцибин турмушка ашыруу;

1.3. Мамлекеттин адамдардын эркиндигине жана жеке турмушуна кийлигишүүсүн чектөө;

1.4. Мамлекеттин негизги милдеттерин аткарган укук коргоо, сот жана жазалоо органдарын тазалоо реформаларын жасоо аркылуу алардын ишмердүүлугүнун адилеттүүлүгүн жана натыйжалуулугун күчөтүү;

1.5. Баардык атуулдарды тең, калыс, натыйжалуу, жемиштүү тейлей билген кубаттуу

Кыргыз мамлекетин куруу.

2. Бирдиктүү Кыргыз атуулдугун түптөө

2.1. Өнүккөн мамлекеттердин калыптанган заманбап салттарына, сыноодон өткөн тажрыйбаларына таянып, “бир өлкө - бир улут” (“one nation - one state”) деген концепцияны ишке ашыруу;

2.2. Кыргыз тилин жалпы элдин өз-ара баарлашуу тили катары калыптандыруунун негизинде, Кыргыз Республикасындагы баардык этностук топторду Кыргыз элинин бооруна тартып, жоопкерчиликти алып, чыныгы интернационалдык бир туугандык сезимдеги бирдиктүү Кыргыз атуулдугун түптөө үчүн баардык керектүү иш-чараларды аткаруу;

2.3. Баардык этникалык топтордун окуучуларын бирдей окутуу программасынын алкагында адамгерчиликтүү, мекенчил, ыймандуу, сыпайы нукта тарбиялап өстүрүү;

2.4. Активдүүлук менен жоопкерчиликти жогорулатуу аркылуу мамлекет менен атуулдардын мамилеси бири-бирин күчөтүүгө алып келе турган жөндүү шарттарды калыптандыруу.

3. Либерал маркет экономикасын куруу

3.1. Мамлекеттин экономикадагы эбегейсиз чоң ролун, өндүрүшчүлөрдүн, ишкерлердин, фермерлердин, соодагерлердин, айдоочулардын ишине кийлигишүүсүн кескин чектөө;

3.2. Коррупциялык аракеттердин башаты болгон түйүндөрдүн, алгачкы шарттардын тамырын кыркуу, экономикалык эркиндикти өстүрүүгө багытталган мамлекеттик чараларды иш жүзүнө ашыруу:

мамлекеттик мүлктөрдүн жеке менчик секторго трансформацияланышын мыйзамдарга ылайык жана адилетүү өтүшүн камсыз кылуу;

финансылык чөйрөдө, эл аралык соода-сатыкта, чакан жана орто бизнес тармактарындагы мамлекеттин көзөмөлдөө укуктарын кыскартуу;

бюджеттик ресурстарды топтоонун жана бөлүштүрүүнүн түйүндөрүн борбордон четтетип, жергиликтүү органдарга өткөрүп берүү;

бизнести каттоо, көзөмөлдөө жана уруксат берүү укугуна ээлик кылган мамлекеттик кызматтарды реформалоону чечкиндүү жүргүзүү;

салык, социалдык камсыздандыруу системаларынын ийкемдүү жана адилеттүү эрежелерин түптөө;

эл агартуу системасын туп-тамырынан бери өзгөртүп, окутуунун заманбап уюштуруу технологияларын, ыкмаларын колдонуу, жеке менчик мектептердин, жумушчу адистерди даярдоочу жана жогорку окуу жайларынын калыптанышына жол ачуу.

4. Демократияны кеңейтүүнү жөнгө салуу жана адам укуктары

4.1. Ар бир адамдын атуулдук милдеттерин жана укуктарын так аныктоо;

4.2. Адам укуктарынын сакталышын, эркиндиктерин жана коопсуздугун эл аралык денгээлдеги калыптарга ылайык өнүктүрүү;

4.3. Шайлоолордун тазалыгын кепилдеген туруктуу эрежелерди түптөө, электрондук добуш берүү системасын орнотуу, саясий күчтөрдүн бийликке акыйкаттуу шайлоо аркылуу гана келишин камсыз кылуу;

4.4. Атуулдар атаандаштыктын негизинде саясий ишмердүүлүккө катышуу укугун камсыздоого багытталган мыйзамдарды негиздөө:

ар бир атуулдун саясатка катыша алуусун камсыз кылуу;

атуулдардын саясатта өз ара атаандаш боло алуусун камсыз кылуу;

4.5. Атуулдардын чыгармачылык ой жүгүртүү жана өз пикирин эркин билдирүү мүмкүнчүлүктөрүн арттыруу, интернетти эркин пайдалануусун камсыздоо;

4.6. Улууларды урматтоого, жетим-жесир, майыптарга өзгөчө көңүл буруп, укуктарын коргоо.

5. Тең салмактуу, жөндүү тышкы саясатты жүргүзүү

5.1. Кыргыз Республикасынын дүйнөдөгү баардык мамлекеттер менен достук, тең салмактуу кызматташтык мамиледе болуусу;

5.2. Тышкы саясаттын багыты, эл аралык мамилелердин өзөгү - Кыргыз мамлекетинин ички кызыкчылыктарын жактоо, дайыма аларды кынтыксыз камсыз кылууну көздөө;

5.3. Коңшу мамлекеттер менен достук мамилелерди чыңдап, регионалдык дипломатияны өрчүтүүгө өзгөчө басым жасап, натыйжалуулугун арттыруу;

5.4. Журт тышында жүргөн атуулдардын коопсуздугун камсыздоого, кызыкчылыктарын коргоого багытталган эл аралык таасирдүү келишимдерди түзүү;

5.5. Жаштардын өздөрү тандаган дүйнөдөгү алдыңкы саптагы окуу жайлардан билим алууга, эл аралык маанидеги мекемелерде, уюмдарда, мыкты өндүрүш ишканаларында иштөөгө умтулган аракеттерине көмөктөш болуу.

Партиянын мүчөлөрү

Партияга өлкөбүздүн либерал демократиялык багытта өнүгүүсүн колдогон, партиянын Уставын кабыл алган Кыргыз Республикасынын баардык атуулдарынын мүчө болууга укугу бар. Мүчөлөр жынысына, этностук тобуна, өңү-түсүнө, диний көз-караштарына, курагына, уруусуна, туулган жерине карата бөлүнбөйт жана эч кайсы мүчөгө эч кандай чектөөлөр, өзгөчөлүктөр же артыкчылыктар берилбейт.

Партия өз ишмердүүлүгүн Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык жана башка кабыл алынган мыйзамдардын чегинде жүргүзөт.

Кыргыз либерал демократиялык партиясы (КЛДП), саясий партия катары Кыргыз Республикасынын Адилет министирлиги тарабынан 2011 жылдын 1 сентябрында каттого алынган.

Жаңы муун - жаңы көз караш менен жаркын, ынтымактуу, сапаттуу жашоого кол созолу!

Партия менен байланышуу үчүн төмөнкү электрондук дарек жана телефондор аркылуу Баш катчынын кеңсесине кайрылсаңыздар болот:

kldp.party@gmail.com, + 996 (0) 312 623 658, + 996 (0) 555 111 626

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

28-10-2011
Кыргыз Республикасы - учурдагы кырдаал
28720

06-06-2011
Европада жасалган  айыл-чарба шаймандары жөнүндө баяндама
88943

04-04-2011
Кыргызстандын айыл чарбасында лизинг кызматын өрчүтүү керек
86280

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×