Добавить статью
5:02, 2 декабря 2011 21610

Карыларга көңүл буруу ойдогудай эмес

Улгайган атуулдардын саясий жана коомдук турмуштагы активдүүлүгү, түрдүү деңгээлдеги чечимдерди кабыл алууда толук кандуу катышуусу, дегеле алардын ушул процесстерге тартылуусу солгундап бара жатат. Мындай билдирүүнү 26-ноябрда Баткен облусунун Лейлек районунда өткөн «Улгайган атуулдардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо багытында Карыялар Кеңештеринин коомдогу ролу» аттуу конференциясынын катышуучуларынын коомчулукка кайрылуусунда жазылган. Анда төмөндөгүдөй деп жазылган:

Элибизде накыл сөздөр бекеринен айтылган эмес чыгар. Качандыр бир убак баарыбыз карыйбыз. Коомдун руханий, социалдык жетишкендиктерин улгайгандарга болгон мамиледен байкасак болот. Кыргыз эли илгертеден эле, кары адамдарды кадырлап-барктап келген. Ошентсе да кээ бир убактарда карылар үйүндөгү карыларыбызды көрүп зээн кейип, өкүнбөй койбойсун.

Учурда, Кыргыз Республикасында мамлекетибизди түптөөгө зор салымдарын кошкон улуу муундагы инсандарыбыздын турмуш-шартын жеңилдетүүгө бир топ иш-чаралар көрүлүүдө. Эл аралык документтерге таянуу менен (Мадрид Эл аралык карылык маселеси боюнча иш-аракеттеринин планы), айрым бир иш пландар түзүлүп, ишке ашып жаткандыгына карабастан, көңүл буруу ойдогудай эмес. Муну менен бирге эле улгайган атуулдардын саясий жана коомдук турмуштагы активдүүлүгү, түрдүү деңгээлдеги чечимдерди кабыл алууда толук кандуу катышуусу, дегеле алардын ушул процесстерге тартылуусу солгун болуп жаткандай.

Мындан сырткары, Баткен областынын аймагында эле, жүздөгөн жайында жаткан, атайын медициналык тейлөөгө, күнүмдүк кароого, коомчулук тарабынан жөнөкөй көңүл бурууга муктаж болгон карылар бар.

Кайрылууда жазылгандай, аталган конференциянын катышуучулары коомчулукту карыларга жардам берүүгө чакырык менен чыгышкан.

Эртеңки келечектин пайдубалын бүгүн түптөйлү-жергиликтүү деңгээлде карылар үчүн укуктук-ченемдик актыларды (Жергиликтүү Кеңештердин чечимдери, райондук бийликтин денгээлиндеги чечимдер ж.б.) иштеп чыгалы, алар кадырман карыларыбыз үчүн кызмат кылгыдай болсун. Ар бир айылдык округдун деңгээлинде улгайгандар үчүн атайын иш-чаралар иштелип чыгуу менен Карыялар Кеңештеринин ишмердүүлүгүн жер-жерлерде жандандыралы, алардын коомдогу ролун жогорулатуу менен жергиликтүү бюджеттердин эсебинен аларды каржылоону колго алалы;

Жыл сайын 1-октябрь күнү белгиленүүчү эл аралык улгайгандар күнүн татыктуу өткөрөлү, жардамга муктаж болгон карылардан материалдык да, моралдык да жардамыбызды аябайлы. Карыларды колдоо айлыгында өтүлүүчү ар бир иш чарага активдүү катышканыңыз - сиздин салымыңыз - деп билебиз;

Улуу муун менен кичүү муундун ортосундагы байланышты чыңдап-бекемдейли. Белгилүү болгон улуу инсандарыбыздын өрнөктүү жолун келечек муундарга татыктуу өткөрүп берүү биздин кечиктирилгис милдет;

Илгертеден ата-бабаларабыз аздектеп келген улуттук көнөрбөс асыл мурастарыбызды, нукура улуттук салтыбызды сактайлы. Калк арасында кадыры арткан кутман карыларыбыздын, асылзат энелерибиздин көмөгү менен көкөйгө тийген ашыкча каада-салттарыбызга бөгөт коюу мезгили келди.

Биз укуктук-жарандык демократиялык коом курабыз дейбиз. Ал үчүн ар бир жаран эртеңки күнүнө кайдыгерлик мамиле жасабастан, өз салымын кошуусу зарыл.

Сиздердин салымыңыздар-бул иш-аракетиңиздер, жалындуу демилгеңиздер.

Жогорудагы белгиленген иш-чараларды биз биргелешүү менен гана иш жүзүнө ашыра алабыз.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×