Добавить статью
9:42, 19 декабря 2011 73612

Идеялаш, санаалаш жана пикирлеш тандем

Жогорку Кеңеште көпчүлүктүн коалициясы түзүлдү, анын алгачкы жыйынында өкмөт башчылыгына, парламент спикерлигине талапкерлер альтернативдүү жол менен тандалды. Натыйжада, коалициядан премьер-министрликке – Өмүрбек Бабанов, төраганын кызматына - Асылбек Жээнбеков көсөтүлдү. Эртең алар жалпы палатада колго салынат. Жаңы коалициянын 93 мандаты бар, демек, эки талапкерди жыдытпай өткөргөнгө добушу толук жетет.

Коалицияга кирген фракциялар, алар түзгөн келишим, анын принциптери, дегеле бу маселенин ар кайсы өңүттөрү, өзгөчө өкмөт башчылыгына жана спикерликке тандалган талапкерлер тууралуу коомчулукта, айрыкча эксперттер арасында ар түрдүү пикирлер айтыла баштады. Мунун эч кандай эрөөн-терөөнү жок, тескерисинче, ары талашсыз, ары табигый көрүнүш.

Бизде бийликтин ич ара кризиси негизинен президент, спикер жана премьер-министр ортосундагы талаштардан, пикир келишпестиктен, анан, арийне, алардын амбициясынан улам келип чыгып жатканы жашыруун эмес. Азыркы конституцияда буга негиз берген жагдайлар жок эмес, бар. Атап айтканда, президент жалпы элден мандат алганы менен анын бийлик укуктары бир топ эле чектелип калган. Стратегиялык маанидеги реформаларга, ички жана тышкы саясатка байланышкан маселелер мындай турсун, кээде күтүүсүз пайда болгон кырдаалдарга ыкчам кийлигишкенге деле «колу кыскалык» кылат. Айрым иштерде өкмөт, парламент менен макулдашканга, алардын колдоосун алганга туура келет. Булардын баарына убакыт кетет, илгиртпей чечиле турган маселелер кечендеп, жалпы ишке кедерги болот.

Биздин соңку эгемен тарыхта президент, спикер, премьер-министр, конституциялык жана жогорку сот жетекчилери өңчөй бир аймактан чыккан кишилердин колунда болгон учурду жакшы билебиз. Бирок алар идеясы, көз карашы жактан ирише албай, айрыкча мамлекет башчысы менен спикер ортосундагы өз ара мамиленин начардыгы кезинде парламенттин таркатылышына, анын арты негизги мыйзамды өз мүдөөсүнө ылайыктап өзгөртүү өнөкөтүнө алып келген. Биздеги саясий осол салт ошондон калыптанган.

Жаңы коалиция өкмөт менен парламент башчылыгына ылайыктуу талапкерлерди тандап алууда ушул жана башка жагдайларды эске алганында калет жок. Коалицияны түзүү озуйпасын алган «КСДП» депутаттык фракциясы, анын жетекчиси Чыныбай Турсунбеков ийкемдүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү менен милдеттин өтөсүнө чыга алды. Плюрализм шартында мамлекеттеги жогорку жетекчиликтин ортоктоштугу, идеялаштыгы, бийликтин бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарган бирдиктүү кадамдары болмоюнча өлкөнү өнүктүрүп, экономиканы көтөрүп, калктын баргер турмушун камсыз кылуу кыйынга турат. Мындайда үч лидердин өз ара тил таба билиши, санаалаштыгы жана пикирлештиги керек.

Ушул өңүттөн алганда Өмүрбек Бабанов менен Асылбек Жээнбековду президент Алмазбек Атамбаевге, айрым бирөөлөр айтып жаткандай, «оңтойлуу», «тил алчаак» саясатчылар катары эмес, баарыдан мурда мамлекет башчысынын идеялаштары, пикирлештери таризде караган оң. Экөө тең, айрыкча Бабанов кадимкидей такшалып, мамлекеттин зылдай оор жүгүн аркалаганга жарай турган азаматтардан экенин көрсөтө алышты. Удулу келип турган соң, артыкбаш болбос, алардын турмуш жолуна, саясий таржымакалына азын оолак токтоло кетели.

Ө.Бабанов кезинде коомдук чарбанын коён жатагына чейин мыкты билген ишкер кишинин уулу. Анын атасы Токтогул Бабанов өз учурунда ири чарбанын жетекчиси, Кыргыз ССРинин колхоздор Кеңешинин төрагасы, СССР Жогорку Советинин депутаты болгон. Ата таалими жана тарбиясы Өмүрбектин ишинен, жүрүм-турумунан таасын байкалып турат. Жаш болсо да өлкөдөгү демократиялык өзгөрүштөргө активдүү аралашты. Бир кезде авторитардык режимге каршы оппозицияда жүрдү. 2006-жылы «Реформа үчүн» кыймылынын алдыңкы катарында болду, өзгөчө ноябрь митингдеринде Бакиев бийлигинин атына катуу жана батыл айткан сөздөрү менен көпчүлүктүн көзүнө түшкөн. 2007-жылдагы шайлоодо катуу каршылыктарга карабастан КСДПнын партиялык тизмеси аркылуу депутат болуп шайланды, кийин тизмедеги ордун өз эрки менен Роза Отунбаевага бошотуп берген. Депутаттык Р.Отунбаеванын активдүү саясий айдыңга чыгуусуна өбөлгө болгонун, аягы аны КР президенттигине алып келгенин, буга Ө.Бабановдун үлүшү бар экендиги элибизге жакшы маалым. Бакиев режими Бабановдун иштин көзүн билген кесипкерлигин, билимдүүлүгүн эске алып, анын күчүн пайдалануу үчүн өкмөттүн биринчи вице-премьерлик кызматына чакырган. Бирок бул кызматта бир жылга жетпеген убакыт - январдан октябрга чейин гана иштеди.

2010-жылы апрелде бийлик алмашып, Бакиевдер өлкөдөн куулгандан кийин Бабанов кайра саясатка аралашты. Кыска мөөнөттө «Республика» партиясын түптөп, октябрдагы парламенттик шайлоого катышты. Анын партиясы парламентке өткөн беш партиянын ичинен үчүнчү орунду ээледи. Башкаруучу коалиция түзүү боюнча алгачкы аракеттер үзгүлтүккө учураган соң президент Роза Отунбаева бул милдетти «Республика» фракциясынын лидери Өмурбек Бабановго тапшырат, натыйжада ал «Республика», КСДП, «Ата-Журт» фракцияларынын ортосунда коалиция түзгөнгө жетишет. Ошол эле жылы декабрда биринчи вице-премьерликке шайланган. Быйыл 25-сентябрдан бери премьер-министрдин милдетин аткарып келатат. Бул кызматта ал көп иштерди жасаганга үлгүрдү. Өлкөдө экономикалык-социалдык туруктуулукту камсыз кылууга жетише алды. Көп курч маселелерди батыл чече ала тургандыгын көрсөттү. Эл аралык жолугушууларда, сүйлөшүүлөрдө Кыргызстандын кызыкчылыгын татыктуу жактай алды.

Өткөн аптада жаңы коалициянын жыйынында «Стабилдүүлүк жана татыктуу жашоо» аттуу программасынын долбоорун сунуштады. Документте калктын жетиштүү турмушун камсыз кылуу, адам укуктарын жана эркиндиктерин бекемдөө, улуттар арасындагы ынтымак,мамлекеттин бүтүндүгү, каада-салттарды, тарыхый мурастар, эне тилди өнүктүрүү, бийликтин коом алдындагы жоопкерчилиги жана ачыктыгы тууралуу багыттарга басым жасалган. Булардын баары президент Атамбаевдин шайлоо платформасында белгиленген милдеттер менен максаттарга төп келет.

Асылбек Жээнбековго келсек, ал саясаттагы жаны ысым эмес. Мындан мурунку шайланган парламентке мүчө болгон, жетекчилик кызматтарда жүргөн. Дегеле бир тууган Жээнбековтордун ысымы Кыргызстанга кыйла белгилүү. Агалары Жусупбек Шарипов жана Сооронбай Жээнбеков көп жылдардан бери бир катар областтардын губернаторлору, министр, элчи болушуп, эл оозуна алынып, көзүнө көрүнүшкөн. Россиянын эң мыкты окуу жайларынан билим алышып, адис, инсан жана жетекчи катары, туруктуу саясий көз караштары менен абройго ээ болушкан.

Спикерлик кызматта А. Жээнбеков парламенттеги бардык фракциялар менен тил табышып, аларды жалпы мамлекеттик кызыкчылыктагы максаттарга багыттай алат, Жогорку Кеңештин ишин жакшыртат, ага элдин ишенимин арттырат деп ишенсе болот. Ошондуктан, эртең Жогорку Кеңеш идеялаш, пикирлеш тандем колдоого алынса, эл кызыкчылыгы үчүн жасалган өңдүү кадам болмокчу.

Өзү да Конституцияны ыйык тутарын, регламентке ылайык так иштеерин, парламенттик башкаруунун жаңы стилин калыптандыраарын, бардык фракцияларга, депутаттарга бирдей, адилет мамиле жасаарын, Жогорку Кеңештин артыкбаш түзүмдөрүн кыскартаарын, ашык чыгымдарга жол бербей турганын, мыйзам чыгаруу ишин жакшыртууга бардык аракетин, тажрыйбасын, билимин жумшай тургандыгын бек, ишенимдүү айтты. Коалициялык көпчүлүктүн да бир добуштан колдогону ушундан улам болду. Мурдагы төраганын тегерегиндеги ызы-чуудан кийин жаамы журт жаңы боло турган спикерден мына ушундай жоопкерчиликтүү, чечкиндүү сөздөрдү күтүшкөн эле.

Акыркы жылдары А.Жээнбековдун инсандык жана ишмердүүлүк сапатын жакындан байкап келе жаткан адам катары анын айткан сөзүнө турарына, көпчүлүктүн тилегин актай аларына, Жогорку Кеңешке болгон үмүт отун кайра жандырарына ишенсек болот.

Иши кылып, өлкөнүн жогорку жетекчилигинде биринчи ирет ийиндеше иштей ала турган идеялаш тандем түзүлдү. Бу жаны «союздун» биринчи өзгөчөлүгү мына ушунда. Президент - ойго, премьер - тоого, спикер –коого тарткан мурдагы жагдайдан чыкканга реалдуу мүмкүнчүлүк жаралды. Мунун өзү жогорку бийлик органдары ортосундагы тымызын күрөштүн мизин мокотот, алардын стабилдүү иштешине шарт түзөт, түпкү эсепте барып жалпы коомдогу кырдаалды жакшыртканга өбөлгө болот.

Албетте, жаңы жетекчиликтин колунда 2сыйкырдуу таякча» жок. Мурдагы эки режимден калган экономикалык, социалдык жана саясий оор залакаларды жоюп, реформаларды илгерилеткенге, калктын жашоо-тиричилигинде таасын сезилгидей өзгөрүүлөрдү жүргүзгөнгө белгилүү убакыт талап кылынат. Бу жагынан коомчулуктан да аларга колдоо керек. Бери эле дегенде жаңы түзүлгөн үчилтик тандемге шымалана иштеп, ири милдеттерди чечкенге мүмкүнчүлүк берүү керек.

Ошондуктан, Жогорку Кеңеште идеялаш, максатташ тандем, А. Жээнбеков, Ө.Бабановдун талапкерликтери колдоого алынса жалпы кызыкчылык жана өлкөнүн жаңы өнүгүш багыты үчүн туура чечим болор эле.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×