Добавить статью
8:18, 20 декабря 2011 0

Кыргызстандын суу чарбасы экcперимент болуудан качан токтойт?

Жаңы коалиция, жаңы өкмөт түзүлүп жатат дегенден улам атайын ушул кайрылуумду коомчулукка айткым келди.

1966-жылы Москвадан гидромелиорация институтун аяктагандан бери 45 жыл Кыргызстандын Суу чарба тармагында жетекчи кызматтарды аркалап келе жатам. Эмне деген гана тармактарда иштебедим. 2 жолу министрдин орун басары, 2 жолу Суу чарба министри, бир жолу кыргыз өкмөтүнүн вице-премьер министри, бир нече суу чарба жана курулуш тармактарынын начальниги болуп иштедим. Ушул жылдарда Кыргыз элине, кыргыз жерине ак кызматымды арнап эмгектендим.

Менин көз алдымда Кыргызстандын суу сактагычтары, миңдеген чакырым каналдары курулду. Менин көз алдымда Суу чарба жана мелиорация боюнча мамлекеттик комитети канча ирет айыл чарбасына биригип, канча ирет ар кандай статустарга алмашты. Мен ошол окуялардын баарына саресеп салсам, суу чарбасын абдан эле жүдөтүп койгон учурлар көп болуптур.

Акыркы 14 жылда суу чарба тармагы айыл чарба министрлигине кошулуп анын жашоосу экинчи максатта каралып келди. Ошол мезгилде канчалаган насостук станциялар талкаланып, каналдар каралбай калды. Натыйжада миңдеген га жерлер суугарылбай абалы начарлап, агромелиорациянын талабы бузулгандыктан айдалбай калды. Мындай көрүнүш мамлекетке чыккынчылык жана саботаж катары каралууга тийиш.

Бүгүн жаңы өкмөттү түзүп жаткандар кайра дагы Суу чарба жана мелиорация боюнча мамлекеттик комитетин, эки минстрликке бөлүп, коомдогу ролун төмөндөтүп жатат. Бул туура эмес. Кыргыз баласы, мекенчил адам мындай иш кылбайт. Кыргызстан агрардык өлкө болсо, Кыргызстан Орто-Азия жана Казакстанга суу берген мамлекет болсо, анан кантип суу маселеси кайра да айыл чарбасына биригиши керек?.

Суу Кыргызстандын бирден бир стратегиялык байлыктарынын бири. Аны эч качан атрка түртпөй алдыга чыгарышыбыз керек.Түркмөнстан нефтиси менен, Өзбекстан пахта, газы менен, Казакстан өнөр-жайы менен, Кыргызстан таза мөңгүлүү суулары жана мал чарбасы менен даңазаланган. Эгерде биз мамлекеттин суу чарба тармагын көтөрө албасак, анда эч качан алдыга жылбайбыз.

Ким суу чарбасына адал кызмат кылса, кудай ага суудай өмүр, суудай улуу касиеттерди берет. Ким сууга кастык, пастык кылса ал кыргыздын, Кыргызстандын душманы. Анткени суу чарба бул мамлекеттин артериясы катары өзгөчө маанилүү тармак. Аны колдогондун ордуна кордоп бөлүп жаруу, Кыргызстандын келечегине ачык айкын каршылык кылуу дегенди гана билдирет. Айланайын эл суунун баркын билели, сууну сыйлайлы, суунун наркын көтөрөлү ошондо кыргыз өсөт.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×