Добавить статью
11:58, 20 декабря 2011 55212

Кызмат эмес Кыргызстанды ойлойлу!

Суу Кыргызстандын башкы байлыгы! Анда эмнеге Суу чарба жана мелиорация боюнча мамлекеттик комитеттин маанисин түшүнбөйбүз?

-Зиядин Исламович, жаңы түзүлүп жаткан өкмөттүн долбоорунда сиз жетектеген Суу чарба жана мелиорация боюнча мамлекеттик комитети кайрадан жарымы Айыл чарба министрлигине жарымы Энергетика министрлигине кошулат сыяктуу. Буга сиз кандай карайсыз?

-Албетте азыр суу чарба комитетинин мелиорация тармагын Айыл чарба министрлигине дарыя-бассейндер тармагын Энергетика министрлигине бир башкармалыктын деңгээлинде кошкону жатат. Бул структуранын долбоорун түзгөндөр менимче алар кыргыз эместер. Мен ойлойм, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде абдан билимдүү жана мекенчил адамдар отурат. Алар бул маселени чечкенде бүгүнкү мезгилдеги кызмат орундарын эмес, Кыргызстандын эртеңки келечегин терең ойлонушат деп ишенем. Кыргызстандын 90 пайыздан ашуун аймагы тоолордон турат. Мунун өзү Кыргызстан кошуна өлкөлөр үчүн ири суу бассейндерин жаратуучу мамлекет болуп саналат. Бул деген Кыргызстандын негизги байлыгы болгон сууну жаратат жана аны башка өлкөлөргө берип турат. Суусуз Кыргызстан гана эмес Орто Азия жашоосу кыйын болуп калаарын дүйнөнүн эли алда качан түшүндү. Бирок бул түшүнүк илимий негизде аныкталып иш жүзүндө бийлик тарабынан кубатталбай жатканы канчалык өкүнүчтүү ?

-Эмне үчүн колдоого алынбайт деп жатасыз?

-Анткенимдин себеби, бүгүнкү мезгилде Суу чарба жана Мелиорация боюнча мамлекеттик комитетте 5 миңге жакын адам эмгектенип, алар өлкө аймагындагы 6 миң километрден ашык стратегиялык каналарды көзөмөлгө алып иш жүргүзүп жатышат. Киров, Орто-Токой, Папан суу сактагычтары сыяктуу жүздөн ашуун суу сактагычтарда жыл сайын миллиарддаган куб суулар топтолуп, ал аркылуу бир-нече мамлекеттин эли жашоосун улантат. Булардан сырткары 107 насостук станция суу чыгарса, 5 миңден ашуун суу алуучу жана бөлүүчү гидро курулмаларда биздин комитеттин жумушчулары жана кызматкерлери иштеп келе жатышат. Айтканга оңой болгону менен бул багытта биздин комитеттин гана эмес Кыргыз өкмөтүнүн, кыргыз элинин алдында жасай турган иштер арбын. Кыргызстандагы суу чарбасы биздин мамлекеттин экономикасын көтөрө турган тармак. Ал мамлекеттин негизги байлыгынын булактары катары көздүн карегиндей сакталууга тийиш.

-Сиз жетекчи катары салыштырып көрдүңүзбү, суу чарба тармагы Айыл чарба министрлиги менен биригип турганда кандай абалда болду?

-Кандай болмок эле, колхоз-совхоз кандай кыйраса суу чарба тармагы да ошондой эле кордуктарга дуушар болду. Совет доорунда курулган канчалаган каналдар, насостук станциялар, бетон арыктары чарбасыздыктан жана талаш тартыштардан кыйрап каралбай калды. Бир эле мисалды айтайын Балыкчыдан чыгып, Кочкорду көздөй баратканда тоонун арасындагы Кызыл-Омпол деген кыйрап жаткан айылды көрдүңүз беле? Мындан 10-15 жыл мурда Кызыл-Омполго эки кабат үйлөр салынып, Кызыл-Омпол тоо арасындагы шаарча эле. Бүгүн ал жерде бир үй да бүтүн калбай талкаланды. Көрсөң зээниң кейийт. Талкаланган шаарчанын жок болуп кетиши анын жанындагы Кызыл-Омпол насостук станциясынын талкаланып каралбай калышына байланыштуу болгон. Миңден ашуун адамдар жашаган бул шаарчаны жок кылгандар, насостук станцияны талкалагандар бүгүн кимдер экени белгисиз, жооп берген да адам болгон жок. Дал ушундай окуялар Суу чарба департаменти Айыл чарба министрлиги менен кошулуп турганда болгон.

-Жаңы түзүлүп жаткан өкмөткө кандай сунуш айтат элеңиз?

-Кыргызда «эл башы болгуча суу башы бол» деген сөз бар. Кудайдын кудурети менен Кыргызстан Орто Азияда суу башындагы өлкө болуп калганына тобо дейли. Бирок биз суу башындагы элбиз, жербиз деп колдо бар алтынды баалабай жатабыз. Бүгүнкү күндө кошуна өлкөлөрдө суунун тартыштыгы байкалып жатат. Андыктан Кыргызстан суу чарба жана мелиорация тармагын илимий жана стратегиялык негизде бекемдеп өркүндөтүүсү зарыл. Дагы бир мисалды айта кетейинчи, бир литр бензиндин баасы 40 сомдун тегерегинде болсо, 1 жарым литрлик суулар 20-30 сомдон болуп жатканын көрүп турабыз. Эмне үчүн биз бензинден кем эмес суубуздун баркын, наркын өркүндөтүүнү ойлобойбуз. Башканы башкадай көрсөк да суу чарба тармагына өзгөчө көңүл бурчу мезгил келди. Жаңы өкмөттү түзүү мезгилинде кызматты эмес Кыргызстанды ойлойлу. Мен бул сөздү мекенчил сезим менен айтып жатам. Кимдир бирөөлөр министрлик креслого жармашып жаткандай ойлобосун. Бул тармакка ким жетекчи болсо да Кыргызстандын суу чарбасы анын негизги байлыгы катары ар тараптан өркүндөп өсүшү керек. Мен ишенем, парламенттик бийлик Кыргызстан үчүн суу адам өмүрүндөй кымбат экендигин билет жана аны сактап өркүндөтөт.

Маектешкен Илязбек Балташев

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×