Добавить статью
4:24, 27 декабря 2011 60415

куттуктоосу

Жалал-Абад областтык ички иштер башкармасынын башчысы Малик Нурдинов кызматкерлерин, ардагерлерин жана мекендештерин келе жаткан Жаңы жыл майрамы менен куттуктады.

М.Нурдиновдун куттуктоосу:

Урматтуу Жалал-Абад областтык ички иштер башкармасынын кызматкерлери, ардагерлери жана  мекендештер,

Сиздерди алдыңыздарда келе жаткан 2012-жаңы жылыңыздар менен Жалал-Абад областык ички иштер башкармалыгынын жана өзүмдүн атымдан чын дилимден куттуктаймын!

Өтүп жаткан 2011-жыл кыргыз элинин тарыхында кала турган жылдардан булуп калды деп айтсак жанылышпайбыз. Себеби, 2010-жылы коогалаң мезгилинен кийинки абалды жөнгө салуу да кыйынчылыктарды туудурбай койгон жок, ушундай кыйынчылыктарды басып өтүп, 2011-жылы мамлекетибизде туруктуулукту, тынчтыкты эки улуттун ортосундагы ынтымактыкты сактап калууда милиция кызматкерлеринин, милиция ардагерлеринин, элдик кошундардын кошкон салымы чоң деп эсептеймин.

Ушул жылы мамлекетибиздин, элибиздин келечегин ойлогон акыйкатчы, демократ эл башчыбызды тандап алдык. Мындан ары мамлекетибиздин туруктуулугуна, өнүп өсүшүнө тоскоолдуктарды жаратпай, мен Кыргызстандын жаранымын деп эсептеген атуул жаны шайланган президентибизди колдоп, койгон талаптарын так аткарсак, мамлекетибиз башка өнүккөн чет мамлекеттердин катарына кошулуп, андан да өнүгүп кетишине ишенемин.

Ошону менен бирге мекендештер, кесиптештер жаңырган жаңы жыл элибизге тынчтык, ырыскы жана жергебизге береке алып келген жылдардан болсун, жаңыргын жыл жаңы дем берип, эл журтун аркалаган ары түйшүктүү, ары жооптуу, сыймыктуу да кызматыңыздарды албан-албан ийгиликтер коштоп, дайыма элдин кызматында болуп, үй-бүлөңүздөргө чын ден-соолук, ырыс, ынтымак жарык чачсын.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×