Добавить статью
6:25, 5 января 2012 66569

Темир кендин буусу, чуусу жана дымы

Өлкөнүн ресурсу - элдин ресурсу

Темир кендин буусу, чуусу жана дымы

Дүйнөдөгү эң ири темир топтомдору Ала Тоонун арасындагы муштумдай болгон Жетим кырка тоосунда бар экендиги ары жагы абалтадан, бери жагы ыраматылык Кеңеш өкмөт заманында белгилүү болгон. Бирок тынч жаткан эбегейсиз кен байлыктуу береги тоо кыркалары тууралуу уу-дуу айың кептер соңку жылдары ааламга үнү угулуп турган кербезде. Эгемендүүлүк келгенден кийинки доордо кенди кайрадан чалгындоо кенемтемеси башталбай жатып, туна чөккөндүгүн жергиликтүү калк бийликтин кемчилигине байланыштырса, мурунку бийлик оңчулуктуу үн катпай кайра-кайра чалгындоого аракет кылып, элди дүрбөткөн болчу. 2010-жылдагы апрель ынкылабынан кийин дагы темир кен топтомдорун пайдалануу керектиги дембе-дем кере-кере айтылып келген. Бирок акыры тиешелүү лицензиялар жокко чыгарылып, кандайдыр бир убакка чейин Жетим тоосунун чуусуна чекит коюлду.

Жылаандын башы кылтайган 2006-жыл

Жетим кырка тоосунун алты жеринде болжолдуу 10 -11 миллиард тонна темир бар экендиги Кеңеш өкмөт заманында эле белгиленген. Бирок СССР өкмөтү бул темир кенди казуу

тууралуу эч качан кеп кылган эмес. Тек, ошол заманда жергиликтүү калкта, темир кенге босоголош жайгашкан Эки-Нарын айылына суу электр бекети (ГЭС) 2000-жылдарда курулат экен деген күбүр-шыбыр кептер гана айтылчу. Ал эми Кыргызстан эгемендик алган алгачкы жылдардан тарта бүтүндөй Нарын дайра суу курамынын башында жайгашкан Жетим кырка тоосундагы темир кени тууралуу маалыматтар кеңири кепке алына баштады. Акыры кенди кайрадан чалгындоо иштери 2006-жылы башат алып, кытайлык «ТЕН-ЛИН» аттуу фирма Жетим тоосунун батыш ыптасындагы Даңги тоосуна унаалары менен келип, ишти баштаганга бийлик аларга ак батасын ар тараптан жолдогон эле. Оболу 2006-жылдын соңуна чейин ишмердүүлүк кылат делинген «ТЕН-ЛИН» фирмасынын чалгындоо аракеттери кийинки жылы дагы эки жылга узартылган. Ошентип күргүштөгөн эмгек ыргагы шаңдалган. Чет элден келген коңшулар менен жергиликтүү калктар, асырэсе жайкысын дал ошол жерлерге жайлоого чыккан малчылар алака катнаш түзүшүп, бир катар уландар ишке тартылып чалгындоону ынтымак ырашкерликте жүзөгө ашыра баштагандыгын мындагы бир катар тургундар ар дайым унутушпайт.

Кара мышык кайдан чыкты?

Союз мезгилинде дал ошол Даңгиге чейин салынган унаа жолу, 80-жылдарда андан ары узартылып, Тянь-Шань районундагы Ленин атындагы колхоздун башкармалыгы тарабынан Чоң Нарын капчыгайынын Айран-Суу өрөөнүнө дейре жеткирилген. Бирок 90-жылдарда төрт түлүк мал биргелешкен чарбадан ажыратылып, айдоо жерлер тургундарга үлүшкө берилгенден кийин, кайран ак койдун саны дээрлик чыгаша учурап, жайлоолор ээнсиреген. Натыйжада тоо жолдору да бузулган. Ал эми кытайлык чалгындоо фирмасы ошол жолдорду калыбына келтирип, а түгүл Айран-Суу өрөөнүнөн чыгышты карай жаңы жол салууга киришкен. Мында деле кенди чалгындоону токтотуу барабаны кагылган эмес. Качан алар тараптан жардыруу иштери жүргүзүлө баштагандан соң баткалашта жайгашкан Нарын Мамлекеттик коруктун кызматкерлери мыйзамсыз иш-аракет болгондугун эскертишкен. Тилекке каршы береги добулбас кытайлыктардын кулагынын сыртынан кеткени менен жагдай

кенге тапанташ жайгашкан айыл элдеринин маанайларына бүлүк түшүргөн. Бара-бара Нарын районундагы Орток, Дөбөлү, Чет-Нура айыл округдарындагы 13 айылды кайдадыр көчүрөт экен деген аңыз кептин желдей тарай баштагандыгы элдин дүрбөлөңүн күчөткөнгө тамызга болгондугу айныгыз акыйкаттык. Акыры Нарын облустук бийликтин кийлигишүүсү менен чалгындоо иштер 2008-жылы токтотулган. Ошону менен жергиликтүү калк ичинде дагы кабатырлануу тыйылган эле. Көрсө кабатырлануу убактылуу экендигин бийлик билсе дагы, жергиликтүү калк билген эмес тура.

Каңшаар кептин капшабы

2009-жыл жаңырганда эл ичинде айылдарды көчүрөтэкен деген каңшаарлар калк катмарын кайрадан каптап, ага кошул-ташыл Нарын районундагы Дөбөлү, Орток айыл округ башчылары кенди чалгындоого макул болушуптур, элден жалган кол топтоо жүргүзүптүр, деген күдүк кептер тарап, натыйжада элдик жыйын да өткөрүлгөн.

-«Мына ПТУ, мектеп макул болуптур деп кечээ тизмесин көрсөтүп атат. Алар эмненин негизде макул болгондуктары белгисиз. Бул жалган документ» - деп маалымат берген эле 2009-жылдын май айында болгон элдик жыйын учурда Дөбөлү айылдык кеңешинин төрагасы Улан Боогачиев. Мындай маалыматтан кийин Дөбөлү айыл округ башчысы Алтымыш Мамбетисаев кеп төркүнүн мойнуна алып, эки айыл округка 8 миллион сомдон беребиз дегенде кенди чалгындоого макул болгондугун да ырастаган.

-«Эми ал келген балдардын союп берген этин баарыңар эле жегенсиңер. Күнөөнү айыл өкмөт башчыларга шылтабагыла. 8 миллион сомдон айылдын өнүгүшү үчүн берели дегендиктеринен макул болгонбуз»,-деп ынанган айыл өкмөт башчысы. Албетте ырасталган далилге эл катмары каршылыктарын катуу көрсөтүшүп, эч кандай чалгындоо иштер жүргүзүлбөйт деген бүтүмгө токтолушкан. Абалды өлкөнүн Геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттиги ошол 2009-жылы андан ары бекемдеп, чалгындоого сынак болоорлугун шарданалаган:

-«Бул демилге көп участоктордон турат. Ошонун эң чоңу Даңги деген участок эсептелет. Биз ошону өкмөттүн деңгээлинде тендер кылалы, конкурс жарыялайлы деп атабыз. Конкурсту быйыл (2009-жыл) өткөрөбүз, - деп маалымат берген Геология жана минералдык ресурстар агенттигинин статс-катчысы Дүйшөн Кыргызбаев. Бирок береги маалымат учурунда Нарын облусунун губернатору Өмүрбек Суваналиев тарабынан, андагы ЖКнын төрагасы Айтибай Тагаев жана бир катар министрлердин катышуусундагы депутаттык курамдын мүчөлөрүнүн Жумгал районунда болгон жыйынында дагы бир ирээт четке кагылган.

Күбүң кептин бет пардасын сыйырган Күрмөнтү

Кеп удулуна келсек, ошентип шыбың дагы, ачык дагы кептер акыры чындыкка айланып, Mylin Resources («Мейлин Ресурс» ) деген фирма Жетим кырка тоосунун чыгыш тарабындагы Күрмөнтү деген жерге жол салып, эч кандай документтери жок кытайлык 60 адамды иштете баштагандыгы 2009-жылдын август айында ачыкка чыкты. Демек, нарындыктардан кагуу жеген бийлик темир кенди чалгындоону Жети-Өгүз району аркылуу жүзөгө ашырганга белсенген экен. Кырдаалды ошол маалда ошол учурдагы Жети-Өгүз районунун акиминин биринчи орун басары Акылбек Жаныбеков берегидей сыпаттаган:

-Минералдык ресурстар жана геология деген лицензияны бериптир. Жетим-Тоо эмес Күрмөнтү деп турат. Ошол боюнча лицензиясын алып келип комиссия карап чечимин чыгарып берип атат. Комиссиянын чечими бар 34 гектар жерге. Нарын районуна караштуу жер, бирок көп жылга Жети-Өгүз районуна колдонууга берилген, союздун убагында эле берилген. 47 миң 188 гектар Жети-Өгүз районунун эсебинде көрсөтүлүп, картасында турат. Биз ал жерди чалгындоого бердик, - деген Акылбек Жаныбековго учурунда Нарын Мамлекеттик коруктун деректири Дамир Оморов мындай каршы маалыматтарды берген эле:

«Ал жерде геология чалгындоо эмес, керек болсо жардырууга багытталган жабдуулар, техникалар көп экен. Маселен жогорку кубаттуулуктагы тракторлордон үчөө, тоонун баштарына чейин чыгып кеткен эксковаторлор, укмуштай көп суммадагы жабдуулар келип түшүрүлгөн. Эң жаман жери ал жерде Күрмөнтүнүн биринчи участогуна биринчи лагери, тоонун боорунда экинчи лагери жайгаштырылган. Экинчи лагерде экинчи контейнерде сакталып аткан Амонит-6-Ж деген маркасындагы жогорку жарылуудагы заттар алып келинип коюлган. Бул участок 2005-жылы мамлекеттик актынын негизинде Нарын мамлекетик коругуна атайын жер картасы менен чийилип берилген.Бул жерде да бир түшүнүксүз нерсе, лицензия «Мейлин- Ресурс» ЖЧКга берилген. Бирок иштеген 57 кытайлык «ХУА-ЕР» деген ЖЧКнын адамдары болуп чыккан. Ошол эле маалда эки фирма ортосунда келишимдери болгон эместиги айкындалды.

Экинчиден, ал адамдардын жандарында эч кандай паспорттору болгон эмес. Эч кандай визалык документтери да жок болуп чыкты. Алар болгону бир барак кагазды Бишкек шаарынын миграция комитети тарабынан берилген справканы беттерине кармап алышкан. Ал справка болсо Бишкек шаарынын айланасында иштөөгө аныкталган эле чечим экен. Бирок ал справканын дагы мөөнөтү бүткөн. Ошондуктан коруктун аймагынан аларды сыртка чыгарууга муктаж болдук.

үчүнчүдөн, ал жерде чалгындоо иштерине эле эмес, кен казуучу дагы техникалар, жабдуулар көп экен. Жанакы тракторлор, экскваторлор, а түгүл тоо теше алуучу жабдыктар баарысы Кытай өндүрүшүнөн чыккандар. Айтор укмуштай техникалар келген.Мындан сырткары эң кооптуусу ошол Күрмөнтүдө детонаторлор, тез от ала турган жабдыктар бар. Мындай жарылуучу заттар атайын уюмдар аркылуу гана ташылуусу керек. Бирок аларды жөнөкөй эки адам гана кайтарып турушат. Бир дагы тиешелүү документтери жок. Алар эмнени кайтарып тургандыктарын да билишпейт. Бул заттарды Улан деген алып келген, документтерин жасатканы Бишкекке кетти дешет алар. Мен түшүнбөйм Бишкектен бери кантип ушул тоолорго чейин келгендигине бул заттардын.

Төртүнчүсү, эки башка жолду жаңы курушкан. Биринчи лагерден коруктун аймагын карай Нарын сууну бойлото 5 чакырым жолду туурасын 5 метрге дейре, бийиктигин 4 метрге чейин салышкандыктан өйдө жактагы арча, шилби сыяктуу өсүмдүктөр талкаланган. Андан сырткары Күрмөнтү участкасын бойлоп тоону карай дагы 4 чакырымдан ашык жол салынган. Жолдорду эч кандай уруксаатсыз, өздөрү каалагандай талкалап гана сала беришкен экен». Бул маалыматтар Нарын Мамлекеттик коругун деректири Дамир Оморовдуку болду.

Акыры ошол кездеги Нарын облусунун губернатору Өмүрбек Суваналиев баш, биринчи орун басары Мирадил Бакашов төш болушуп, Күрмөнтүгө чейин күндөп ат менен жүрүш жасашып, кыйтайлыктарды кетирүүгө салым кошушкан. КРнын Акыйкатчысы Турсунбек Акун дагы окуя болгон жерге чейин барып, иликтөө жүргүзкөн. Ошентип Жетим тоосундагы темирдин айланасындагы абал тындым болгонсуган. Бирок боло элек экен?

Тиктешкен бакыраң көздөр

Үстүбүдөгү жылдын февраль айында Нарын районундагы Таш-Башат айылындагы орто мектепте элдик жыйын өткөрүлүп, чогулушка кырктан ашуун адам катышты. Күн тартибине облустук жана Республикалык элдик курултайларга делегат шайлоо менен катар Жетим тоосундагы кен тууралуу эки маселе киргизилди. Жыйынга төрагалык кылган Сыртбай Турусбеков өткөн жыл аягында кыргыз улутундагы жарандар кенди чалгындоо керектигин билдирип келгендиктерин, аларга калк катмары каршы болушуп, Жогорку Кеңештин фракцияларына, Президентке жана Өкмөткө каршы маанайдагы кайрылуу кабылдангандыгын билдирди.

«Урмат деген жигит келиптир. Кытайлыктар жолобойт, биз өзүбүз чалгындайбыз дейт. Макул болгон жокпуз. Алардын үстүндө баари бир кытайлыктар турат да. Тынч жаткан элди тынч жайларына коюшсун. Пайдасынан зыяны көп болоорлугун биз билип калдык. Ошондуктан кайрылуу кабыл алып жөнөттүк». Ал эми Орток айылдык кеңештин төрагасы Миртемир Турдалиев кышкысын кийинки жылдары Нарын сууга муз тоңбой, карагайлардын бүчүрлөрү саргая баштагандыгын, мунун кесепети Кум-Төр экендигин, эгерде Жетим тоону чалгындоо башталса, сөссүз жардыруу иштер аткарылаарын, акыры экологиялык кыйроо келип чыгаарлыгын билдирди. Жергиликтүү педагог Аят Касымалиева эч кандай чалгындоолорду жүргүзбөөгө чакырык салды. Кайыңды айылынын тургуну Эркин Орозоев Жетим тоого сырттан бир эле жаран келгени угулса эле, ал жерге жергиликтүү балдар атчан барууга даяр экендиктерин кыйкыра үн катты. Коңшулаш Эки-Нарын айылындагы орто мектептин мугалими Кеңешбек Мүсүров мындай дейт: - «Кийинки үч жылдан бери айылда курулуш токтоду. Жаштар там салгылары келбей калды. Элдин миграциясы күч алууда. Айрымдар малдарын сатышып Чүйгө, көл тарапка байкалбай кетишүүдө. Мисалы өткөн окуу жылында мектепте 175 бала окуган болсо, быйыл 155 бала окуп жатат. Биринчи себеби Кум-Төр. Мисалы Кичи Нарын суусу кадимкидей эле тоңсо, Чоң Нарын суусу тоңбой калды. Биз 10 жыл мурда эле Чоң Нарын суусунан өтүп, кышкысын кичи Орток деген жерден муз аркылуу отун алып турчубуз.Эми ал жакка муз турбагандыктан бара албай калдык. Экинчиси бул жердеги темир кендин таасири тийүүдө. Келет экен, казат экен, жок антпей калыптыр деген эле кептер. Айтор так маалымат жок».

Ал ортодо Нарын облусунун жетекчилиги алмашылып, жаңы губернатор Канатбек Муратбековду тааныштыруу маалда ЖКнын депутаты Чыныбай Турсунбеков Нарын облусунда суу элект бекеттери (ГЭС) курулаарын, кен байлыктарды эл менен биргелешип иштетүү керектигин маалымдаган. Көп өтпөй же болбосо 25-феврал күнү Нарын шаарында элдик курултай өткөрүлгөндө курултайга төрагалык кылган Асейин Аракеев мырза Нарын облусунун келечек багыттары тууралуу баяндама жасап, анда дагы темир кенди иштетүү зарылдыгын белгилеген. Ошентип токойдон бети калды коёнго маңдай тескей кездеше калган апенди, аны менен далайга чейин тиктешип туруп, акыры чыгынып: -«сен мага тийбе бакыраң көз, мен сага тийбейин бакыраң көз» деп акырын артка жылып бир бадалга жашырынган сыңары, бийлик менен жергиликтүү калктын араларында бир жаңсыл масилеттешүү жараяны жүзөгө ашпай келген.

Алгачкы бүтүм

Ошентип кыңыр иш 40 жылда билинет демекчи, бир чындыктын бет пардасы быйылкы жылдын октябрь айында ачыкка чыкты. Көрсө мурунку бийлик 2010-жылдын 18-февралында Жетим кырка тоосунун «Күрмөнтү» участкасынан темир кенине изилдөө жүргүзүү үчүн №1706 MP лицензияны «Мейлин-Ресурс» ЖЧКсына кайрадан ыроолоп, аны 2015-жылдын 25-мартына чейин узартып дагы бериптир. Ал эми Убактылуу жана Техникалык Өкмөт дагы куру кол калбай 2010-жылдын 5-июлунда ошол эле Жетим кырка тоосунун «Молдо-Башы» участкасынан темир кенди чалгындоону ошол эле «Мейлин-Ресурска» №1765 МР лицензиясы менен ырайым кылып, анын мөөнөтүн 2015-жылдын 25-апрелине чейин узартып, кытайлыктарды кубанычка бөлөптүр. Акыры КРнын Жаратылыш ресурстар министрлигинин жер байлыктарын иштетүүгө лицензия берүү боюнча курамы (комиссия) 2011-жылдын 25-октябрында №192-АН-11 протоколу менен жогорудагы эки лицензияны жокко чыгарат. Мындай маалыматты Нарын облустук мамлекеттик администрациясы ырасмий жарыялады.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

05-01-2012
Нарындагы эки кендин айланасындагы айгайлар
45815

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×