Добавить статью
4:15, 11 января 2012 25815

Оштун базары да - базар, жолдору да - базар болуп келүүдө

Ош шаарынын борбордук А.Новои, А.Масалиев, Зайнабетдинова көчөлөрүндө ирээтсиздик, баш аламандык орун алып, тартиптин жоктугунан шаар тургундары жана меймандары кыйналып келишүүдө. Аталган көчөлөрдө автоунаа жүрүүчү жолдорго жөө адамдар, араба түрткөн адамдар толуп алгандыктан машиналар дайыма тыгын болуп турганы турган. Анысы аз келгенсип жолдун эки четине тең машиналар токтоп турат. Ал эми жөө кишилер жүрүүчү жол четиндеги жолдорго (тротуарга) сатуучулар каз катар тизилип соода кылышат. Кыскасын айтканда, Оштун базары да - базар, жолдору да - базар болуп келүүдө. Шаардагы мындай жапайы турмушту маданияттуу нукка салуучу бийлик жок, бул боюнча мэрия иш алып барбай жатат. Дүйнө шаарларын көрүп, Ош шаары да ошондой болсо деп тилейт экенсиң. Ош цивилдүү шаар болуусу үчүн оболу караламан калкты цивилдүү жашоого көздөй баштаган мэрия жана анын жетекчиси цивилдүү болуусу кажет. Мэр М.Мырзакматов популисттик иштер менен гана алек болуп, калктын чыныгы кыйналган турмушун шаарлашуу процессине кошуу ниети байкалбайт. Кайран кыргыздарым Мырзакматов арзыбаган иштерди жасап койсо, аны баатыр кылып алышыптыр. Ал эми чындыкка келсек Ош шаарында жасалбай жаткан иштер толтура. Бул жөнүндө мэрия олуттуу ойлонуусу кажет.
Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×