Добавить статью
6:05, 11 января 2012 11277

Кайрылуу

Кыргыз Республикасынын премьер-министри Ө. Бабановго

Жалал-Абад областтык мамлекеттик администрациясынын башчысы-губернатор А. Турсунбаевге

Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким У.Өсөровко

Ноокен районунун прокурору Т. Кожошевге

КАЙРЫЛУУ

Биз Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын жооптуу аппарат кызматкерлери Сиздерге кайрылуубуздун себеби төмөндөгүчө:

2010-жылдын сентябрь айында дайындалган райондук мамлекеттик администрациясынын социалдык маселелер боюнча орун басары У.Кадыркулова кызматка келген күндөн тартып аппарат кызматкерлерин себепсиз маданияттуулукка жатпаган, жетекчиге туура келбеген, адамдын укугун тебелеген, кемсинткен (дүлөй, эшек, таз, ж.б.у.с) сөздөр менен эл алдында кыйкырууну адатка айландырып алган.

Аппарат кызматкерлерин бири-бирине жамандап, жамааттын ыркын кетирүүдө. Мындан сырткары мекеме-ишканалардын жетекчилерине да асылып, кыйкырып, жамандап, кызматка тиешеси жок иштерди талап кылат. Ишке жөндөмү жок. Мамлекеттик кызматкерлердин кадыр-баркын кетирүүдө.

Районубуз областта алдыңкы райондордон экени өзүңүздөргө белгилүү. Бирок ошол жетишкендиктерди бир адам тебелеп, райондун аброюн кетирип жатканына биз жөн карап тура албайбыз.

У. Кадыркуловага чейин келип иштеген жетекчилер эч ким менен конфликтке барбай эле, кызматкерлерге талапты туура коюп, райондун ишин алдыга жылдырып келишкен.

Биз У. Кадыркулованы азыркы ээлеген кызматына татыксыз деп эсептейбиз. Себеби өзүнүн ишин билбейт, тиешеси жок тармакка түшүнбөй эле кирише берет. Жумуш мезгилинде спирттик ичимдик ичип алып аппаратка чогулуш өткөрөт жана ал жерде кызматкерлерди жаман сөздөр менен акарат кылат. Райондук мамлекеттик администрацияны мекеме-уюмдардын, элдин алдында шерменде кылып, аброюн түшүрүп жатат.

Биз бул маселе боюнча 2010-жылдын ноябрь айында райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким У. Өсөровго жазуу түрүндө кайрылганбыз. Ошол учурда аким аппарат кызматкерлерин чогултуп, жыйналыш өткөрүп, У. Кадыркуловага туура иштөөнү эскерткен. Тилекке каршы көп өтпөй эле үйрөнгөн адат калабы дегендей У. Кадыркулова мурдагы кейпин кийди. Мындайга чыдабаган райондук мамлекеттик администрациясынын У. Кадыркулова тейлеген социалдык бөлүмдүн көп жылдан бери иштеген 3 кызматкери мындай жетекчи менен иштеше албайбыз деп арызын жазып кетишти.

2011-жылдын 29-декабрында райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат кызматкерлеринин Жаңы жылдык кечесинде мас абалда колунда иштеген кызматкер Э. Токтомуратовду оозго алгыс жаман сөздөр менен кыйкырып урушуп, бетине бир нече жолу уруп жиберген.

У. Кадыркулова өзүнүн милдетин так түшүнбөй туруп колунда иштеген кызматкер Ч. Акматованы маданияттуулукка жатпаган сөздөр менен урушуп, жада калса иш бөлмөлөрүн жаап, ачкычын алып, арызыңы жазып кеткин деп элдин алдында адамдык укугун тебеледи.

Жогорудагылардын негизинде Сиздерден У. Кадыркулованын ордуна өзүнүн ишин билген, жетекчилик сапаттарга ээ болгон, райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары болуп иштөөгө ар тараптан татыктуу, тажрыйбалуу, маданияттуу инсанды дайындап берүүңүздөрдү суранабыз.

Сиздерди терең урматтоо менен Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын жооптуу аппарат кызматкерлери:

Э. Токтомуратов

Ч. Акматова

Г. Алимбаева

А. Абдыкадыров

С. Ибрахимов

Т. Төлөнов

К. Шеров

Ч. Курманова

Г. Рыскулова

М. Казакбаев

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×