Добавить статью
4:49, 13 января 2012 17277

Мамлекеттик тил талаш жаратпоого тийиш

Акыркы мезгилдерде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили кайрадан басмырлоого тушугуп жаткандай туюлууда. Жогорку Кеңештин кечээги отурумундагы депутат Ирина Карамушкинанын мамлекеттик тилге карата айткан сөзү кыргыз эли үчүн кечиримсиз деп эсептейм. Ушул жерде жашап, ушул жердин тузун жеп, билимин алып, ушул элдин колдоосу менен ушул мамлекеттин Жогорку Кеңешине депутат болуп отуруп алып Кыргыз мамлекетиндеги кыргыз тилинин күндөн күнгө абалы оорлоп бараткандыгынын маселесин көтөрүүнүн ордуна, тескерисинче аны теңине албай, тебелегиси келген чиновниктерди колдоп, ал эле эмес мамлекеттик тилдин мындан ары өнүгүшүнө ачыктан –ачык бут тоскондугун кантип кечирүүгө болсун. Өз учурунда мындай депутаттардын тизгинин тартып коюучу ЖКнын төрагасы же анын орун басарлары да жок экендиги өкүндүрөт. Качанкыга чейин «Жаман үйдү коногу бийлейт» болуп жүрө беребиз?

Мен премьер-министр Өмүрбек Токтогулович Бабановдон саясий чечим кабыл алып, Жогорку Кеңештин трибунасынан кыргыз тилинде сүйлөбөй койгон статс- катчыны тез арада жумушунан четтетүүсүн суранат элем. Себеби «Эне тилин сүйбөгөн, элин сүйүп жарытпайт» - эмеспи. Мына ушуга окшоп кыргыз элин сыйлабаган, кыргыз тилинде сүйлөгүсү келбеген чиновниктердин кесепетинен Кыргызстан өнүкпөй жатат. Кыргыз мамлекетин жалпыбыздын үйүбүздөн, жалпыбыздын «уйубузга» айланткан маңкурттардын айыбынан, улутубузду даңктай ала турган идеологиябызды таппай келебиз. Алар кыргыз элинин салыгынан жыйналган акчасына нан жеп, ажайып кыргыз жеринин суусун ичип, абасын жутушуп, анан кыргыз элинин тилин билбей турушуп кыргыздарды башкарышып, кыргыз элинин бешене теринен табылган кирешесинен чогулган салыктарынан түшкөн акчасын бөлүштүрүшүп жатып, кыргыз элинин тилин чанышат. Мына сага «акылдуулук». Демек, алардын ою боюнча биз коло доорунда жашап жаткан жапайылар болсок, алар алтын доордо жашагандар болуп эсептелеби? Орус тили эл аралык байланыштардын тили деп кыргыз тилин кемсинтүүгө кыргыз катары жол бербешибиз керек. Эгер антип жүрө берсек, ыргыз тили качан Кыргызстандын аймагында эл аралык байланыштардын тили болот?

Менин билишимче мамлекеттик тил мыйзамына ылайык мамлекеттик кызматтын бош орунуна конкурска катышып жаткан жаран мамлекеттик тилди өз деңгээлинде билүүсү зарыл деген шарт бар. Бүгүнкү күндө ошол шарт аткарылбай келет. Ал шартты аткарылышын көзөмөлдөй турган кызматтын бар экендиги да күмөн жаратат. Себеби стас-катчылар ошол конкурстан өтүүсү зарыл. Бул мыйзамда көрсөтүлгөн. Кыргыз Республикасындагы көп эле статс-катчылар мамлекеттик тилди өз деңгээлинде билбей тургандыгы жалпыга маалым. Депутат Ирина Карамушкинанын кечээги сүйлөгөн сөзүнөн кийин депутаттарды да талапкер болуп катталаардын алдында сөзсүз мамлекеттик тил боюнча комиссия аркылуу экзаменден өткөрүү керек деген ой пайда болду.

Биздин мамлекетте жашап жаткан акыл-эстүү жарандар бул маселени ушул бойдон калтырбоого тийиш деп ойлоймун. Мамлекетте жашап жатып, ошол жердин жогорку кызматында иштеп, бирок ошол элдин тилине карата сый мамиле жасай албаган чиновник да, ага колдоо көрсөткөн депутат да өз абийирлери менен ошол эл өкүлдөрү отурган ыйык трибунадан туруп жалпы элден кечирим сурайт деп (эгер аларда абийир, намысы болсо) ойлоймун. Аны кыргыз эли кечиреби же жокпу, ал башка маселе.

Урматтуу «Баракелде» маалымат агенттигинин жетекчилиги жана чыгармачыл жамааты, сиздер мамлекеттик тилди өнүктүрүүдө опол тоодой эмгек кылып жатасыздар. Кыргыз тилин өнүктүрүү, мамлекеттик тил мыйзамынын аткарылышы боюнча талкууларды уюштуруп турсаңыздар жакшы болоор эле.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×