Добавить статью
8:13, 13 января 2012 35056

Жаратылышты коргоо бул - мекенди коргоо

Учурда Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигин жоюу боюнча коомчулукта карама-каршы, талаш-пикирлер пайда болду. Бул маселе боюнча биринчиден эл, жерибизди сүйөбүз деп элдин добушун алган саясатчылар өз позициясын билдирсе жакшы жана салмактуу болмок.

Чындыгында азыркы учурда дүйнө жүзүндө жаратылышка эбегейсиз басым жасалып, адамзаттын кийинки өмүр сүрүшүнө ар кандай экологиялык коркунучтар пайда болуп жатканда, экологиялык коопсуздукту сактай турган мекеми жоюу акылга сыйбаган көрүнүш. Жаратылышты коргоо бул - мекенди коргоо, бул жөн эле айтыла калган сөздөр эмес.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында ар бир ведомстволор, ишкана-мекемелер, атуулдар табиятка аяр мамиле жасап, коргоо милдеттендирилген. Бирок, иш жүзүндө биз табиятка жырткычтык менен эле мамиле кылып жатабыз. Азыркы жашап жаткан ар бир адам жаратылыш байлыктарын пайдалануучу жана табиятты булгоочу болуп эсептелет. Ошондуктан алардын кандай деңгээлде иш жүргүзүп жатканына мамлекеттик экологиялык көзөмөл жүргүзө турган орган сөзсүз түрдө керек.

Ал эми жакшы инвестициялык климат түзөбүз деген, бул - инвесторлор келип Кыргызстандын жаратылыш байлыктарын каалагандай пайдаланып, пайда таап кетүүсүнө шарт түзүү элибизге, келечекке болгон чыккынчылык. Мен ушул тармакта 20-жылдан ашык иштеген адис катары айтаарым, бул жаратылышты коргоо тармагы инвесторлордун тамагына тыгылган сөөктөй болуп турганы да чын экенин жашырбайм. Себеби, ар бир келген бизнесмен аз каражат жумшап, көп пайда табууну көздөгөнү эч кимге жашыруун сыр эмес.

Аларга эртеңки Кыргызстандын жаратылышы кандай абалда калаары түк кызыктырбайт. Ал эми мыйзамда көрсөтүлгөн экологиялык талаптарды аткарууга көп каражат жана убакыттары кетет. Ошондуктан алардын талабы биз үчүн милдет болуп жатканы өкүнүчтүү.

Акыркы 20-жылдык жаратылышты коргоо ведомствосу көп жолу функуцианалдык өзгөрүүгө, таза иштеген өз кадрларын жоготууга, алардын өлүмүнө, майып болушуна алып келди. Себеби биз үчүн Кыргызтандын ар бир тоосу, суусу ар бир жапайы жаныбары, ар бир бак дарак менен курт кумурскасына чейин ыйык. Бүгүн биз ач болуп, ар кандай экономикалык кыйынчылыктарды башыбыздан өткөрсөк да ушул жаратылышты мындан да кооз кылып урпактарыбызга өткөрүп берүүбуз ата бабалардан койгон милдетибиз жана балдарбыздын алдындагы карызыбыз.

Кыргызды кыргыз кылып сактап калган ушул улуу тоолорубуз.

Ал эми Кыргызтанды экономикалык кризистен чыгаруунун 100 жолу бар, биз ойлонгонду билбей калганыбыз көрүнүп турат, баягы эле эски кадрлар, баягы эле эски методдор, мамлекеттик структураны талкалап, экономикалык өсүш жасоо - бул баланы бага албай өзүнүн этин өзүнө жегизгенге барабар.

Кандай гана экономикалык, саясый кризис болбосун бир күнү калыбына келет, ал эми экологиялык кризиске кептелсек, табияттагы тен салмактуулукту бузуп алсак кайра ордуна келбей калышы да мүмкүн. Азыркы Советтер Союзунан калган Кыргызстандагы хвостохранилищалар бир гана бизге эмес кошуна мамлекеттерге коркунуч туудуруп жатат.

Бир жылдары биздин кызматкерлер жаңгак уюлуна заказ берген инвесторлор жана жаңгак уюлун уурдаган кылмыштуу топтор менен аеосуз күрөш жүргүзүп жатсак, бир чон чиновник Жогорку Кеңешти кап менен ондомокмун деп чыкканы да тарых болуп калды.

Азыр да тарыхта калчу чиновниктер пайда болуп жатат.

Табияттын бир сырын айтайын дегеним, ал эч кечирбейт, ошондуктан өтө этият мамиле кылууга чакырат элем. Азыркы күндө да көп мисалдар бар, аны убагы келгенде айтып өтөм, бирок элибизде дастан болуп калып кеткен «Карагул ботом», «Кошожашты» эсибизден чыгарбашыбыз керек.

Ал эми пикир түзүп жаткан айрым серепчилер баягы дежур чалдардай эле болуп калды, ошону менен элге туура эмес маалымат берип, саясый элитаны да адаштырып жатышат. Эл аларга эмчи домчуларга ишенгендей эле ишенип жатышат. Туура эмес. Адистиги башка кызматкер кантип экология, токой чарбага баа берет?! Алар Жараткандын үйү - жаратылышка эс алганы эле барып, булгап ошондой женил баа берип жатса керек. Бул илимдин аягына чыга албай канча окумуштуунун өмүрү өтүп жатат. Мен медицинанын таш балекетин түшүнбөй туруп эле хирургдарды жок кылыш керек адамдарды кескилеп жатат десем тигилерге караганда абийирдүүрөөк болмок.

Бул тармакты абстракту эмес ичинен билем. Туура, кемчиликтер да бар. Биринчи кезекте бул тармакты алсыратуу кадр маселесинен келип чыгып жатканы да факт, билими туура келбеген дос — жар, күйөө бала, тууган уруктарды жетекчилик кызматтарга коюп жатып ушул денгээлге жеткиришти. Ошондуктан табият да ал адамдарды жазасыз калтырбады.

Экинчиден бул тарамктын материалдык техникалык базасы мышык ыйлай турган деңгээлге түштү, мыйзамда каралган курал жарак, форманы түшүндө гана көрүп калды. Ал эми жаңы кызматка келгендердин түшүнө да кирбей калды. Кайыгы жок кайсы балыкчыны, мылтыгы жок кайсы мергенчини, браконьерди кармайсын. Ошондуктан кызмат учурунда жабыр таркан кызматчылар болуп жатат.

Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигин сактап калуу менен статусун көтөрүү азыркы дүйнөдө түзүлгөн шарттын талабы.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×