Добавить статью
8:31, 13 января 2012 33767

Премьер-министр Өмүрбек Бабановго Кайрылуу

Урматтуу! Өмүрбек Токтогулович сизге кайрылуумдун себеби төмөндөгүчө. Мен Ош шаардык салык кызматында бөлүм башчы болуп иштегем. 2011-жылдын декабрь айында мени Кыргыз мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Аширов мыйзамсыз кызматтан четтетип буйрук чыгарган. Буйрук чыгаруунун себебине Ош шаардык салык кызматынын башчысы Турганбаевдын көрсөтмөсү себеп болгон.

Себеби төмөндөгүдөй, мен бөлүм башчы болуп иштеп турганда Турганбаев «Торагага акча беришибиз керек» - деп ай сайын акча топтоп туруучу, мен башка бөлүм башчылары катары колумдагы кызматкерлерден акча топтоп берип турчумун. Бир күнү мени чакырып «Ашировго акча алып барып беришим керек», деп мындайча айтканда, «балдардан акча топтоп бересин»- деп мага талап койду, мен ага каршы туруп колумда иштеген кызматкерлердин эмгек акысын үйлөрүнө толук алып барып беришин каалап баш тарттым, ошол күндөн баштап мен Турганбевге душман боло баштадым.

Урматтуу! Өмүрбек Токтогулович, жогоруудагы аты аталгандар менин адамдык укугуму тебелеп, кызмат абалдарынан кыянаттык менен пайдаланып, менин укугуму тебелеп-тепсеп, болбогон шылтоолор менен мыйзамсыз жумуштан четтетишти. Экинчи себеби - мен болгон нерселерди бетке айтып, мамлекеттик кызматка туура көз карашымдын негизинде мен Аширов жана Турганбаевтерге жакпай жатамын.

Урматтуу! Өмүрбек Токтогулович муну менен мен эмнени айткым келет, Аширов жана Турганбаевтерге окшогон коррупционерлер жана бюрократтар адам эмгегин туура баалабай, адам укугун тебелеп, башкача айтканда бийликте турган адамдар катары мен эле эмес менден башка канчалаган адамдардын укуктарын тепсеп келишүүдө. Мындайча айтканда, сиздердин кабыл алган мыйзамдарыңыздарга таянып, тагыраак айтканда, 2010- жылкы Ош окуясын шылтоо кылуу менен Аширов менен Турганбаев салыктан бошотулган деген шылтоолор менен коррупцияга белчеден батышып, мамлекетке төлөнө турган салыкты өз чөнтөктөрүнө ыйгаруу менен Ош шаардык салык кызматынын башчысы Турганбаев өзүнө Хан- арай тургузду. Менин бөлүмүм салык толоону көзөмөлдөө жана хронометраждык текшерүү болгондуктан, шаар ичиндеги бардык ишкерлерден «Мен башчымын, менден кыйын адам Ошто жок», деген ураанда шаардагы жай кафелер, ресторандар, супермаркеттер, ашканалар өз алдынча Турганбаевдин кабылдамасында болушуп, айлык төлөмдөрүн акчалай түрдө беришип эсептен өтүп келишүүдө. Мен иштеген болум «текшерүү бөлүмү» болгондуктан, балдар текшерүүгө чыкса же болбосо пландык иштерди аткарууда, Турганбаев « шаардын 80%ы мага караштуу, азыр бизде салык жок качан салык киргенде текшере аласынар ага чейин Аширов жана мен жооп берем , эгерде сөзүмдү албасан бүгүнкү күндөн баштап жумуштан жоксун», деген сөздөр менен балдарды коркутуп, акча алуунун жолун издеп келүүдө. Жогорудагыдан башка автозаправкалардын бардыгына ай сайын салык салуу менен өзүнүн жакын адамын «Ушул иштейт»- деген буйругу менен менин функционалдык милдетимде тургандыгына карабастан, Байтокоев деген жакшы санаалашына берип төгүлүүчү салыктын эсебинен Хан-сарайын бүтүрүүнүн алегинде.

Урматтуу! Өмүрбек Токтогулович сиздерге мага окшогон укуктары тебеленген адамдарга жардам берип, Кыргызстанда бюджеттин аткарылышын көзөмөлгө алып, жогоруда айтылган коррупционерлерге же бюрократтарга туура көз караш карайт деген ишеничтемин. Эгерде сиз тарабынан туура жыйынтык чыгарылбай калган болсо, мен президентке, маалымат массалык каражаттарга же болбосо « Эркин Тоо», « Кыргыз Туусу» газеталарына кайрылууга мажбур боломун. Ошондуктан өкмөт тарабынан комиссия түзүп, Ош шаардык салык кызматын текшерүүдөн өткөрүп, мага окшогон кызматкерлердин укуктарын коргойт деген ишеничте сизге кайрылуу жасап жатамын.

Урматтуу! Өмурбек Токтогулович сиз ушул кайрылууга туура көз караш менен карап, жогорку коррупционерлер, бюрократтарга жол жок экендигин далилдеп, керек болсо куруп жаткан Хан- сарайын мамлекеттин эсебине алып, социалдык имарат катары пайдаланууга берилсе деген ойдомун. Элдин ишеничи ошондо сиздерге: жаңы түзүлгөн өкмөттүн курамына ишеничи артмак. Сиз тарабынан дагы бир ирет өтүнүч катары өкмөттүк топ түзүп, мен жазган далилдердин тууралыгын аныктап, жыйынтык чыгарат деген ойдомун.

Урматтуу! Өмүрбек Токтогулович « Күйгон адам кошокчу» дегендей биздин өлкөбүздүн өнүгүүсүнө бут тоскон Аширов, Турганбаевдерге окшогон бюрократтарга орун жок деп айткым келет. Ачык айтканда өз милдеттерин аткарган кызматкерлерди баш көтөртпөй жок кылып турса кандайча мамлекет оңолушу мумкун.

Урматтуу! Өмүрбек Токтогулович сизден өтүнүч, менин жазган кайрылуумдан туура жыйынтык чыгарат деген чон ишенич бар.

Менин дарегим: Ош шаары Масалиев проспектиси уй№15 кв.13

Байланыш телефондор: (0552 81 59 81) (0777 81 81 59)

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×