Добавить статью
9:40, 16 января 2012 32229

Түрк элинин улуу уулу Рауф Деңкташты эскерип...

Рауф Деңкташ Түрк элдеринин ички биримдигин, бир туугандыгын каалаган инсан болчу.

Түндүк Кипр Республикасынын экс-президенти, Түрк элинин патриот уулдарынын алдыңкы сабында турган Рауф Деңкташтын дүйнөдөн өткөндүгү аны жакшы билген адамдар үчүн, жалпы Түрк элдери үчүн оор жоготуу болгонун сезип жатабыз. Ал 25 жылдан ашуун убакыт Түндүк Кипр Республикасын башкарып, мамлекеттин түптөлүшүнө, өнүгүшүнө эбегейсиз салым кошкон элдик лидер эле. 2003-жылы биз да маданий-илимий делегация менен Түндүк Кипр Республикасында болуп, Рауф Деңкташ менен жолугушууга мүмкүнчүлүк алганбыз. Ошол жолугушуу боюнча кыскача эскергим келет.

2003-жылы 3-январда Түндүк Кипр Республикасынын президенти Рауф Деңкташ менен 16:30да жолугуштук. Байыркы сепилдин ичине жайгашкан президенттин резиденциясына Гирнедеги Америка университетинин президенти Серхетбай Акпинар, Кипрдеги Улуттук Олимпиада Комитетинин президенти Еип Зафер Гокбилен, Рауф Деңкташтын досу, өтө окумал мударис Муталипбей болуп келдик. Өтө ызаат урмат менен бизге мамиле жасашып, президент менен жолугушуучу азем залга узатып келишти. Рауф Деңкташ баарыбызды жаңы жыл менен куттуктады. Өз кезегинде биз да кыргыз элинин өкүлү катары, ОшМУнун окутуучулары жана студенттеринин атынан Кипр калкына тынчтык, жакшылык кааладык. Кыргызстан, университет жөнүндө чын ыкласыбыздан айтып бердик. Кайсыл жерге барбайлы ОшМУнун студенттери Эмил Балтагулов менен Зуура Алымкулованын репертуарындагы «Мемлекетим» аттуу түрк эл ыры жаңырганда көрүүчүлөр баары ордуларынан турушуп, өзгөчө ынтаа, башкача коштоо менен колдоп, өздөрү да кошо ырдашып, өз мамлекетине, эли жерине карата чексиз сүйүүсүн билдирип жатышты.

Өлкөнүн президенти Рауф Деңкташка да «Мемлекетим» аттуу ырды аткарып беришти. Президент кубануу менен ыраазы болуп, ырды угуп, Эмил менен Зуурага дагы ырдап берүүнү өтүндү. Эмил Италия эл ыры «O sole mio», Зуура «Кызыл гүл» аттуу кыргыз эл ырын жогорку чеберчиликте аткарып беришти. Рауф Деңкташ студенттерибиздин ар бири менен пикир алышып, «Жан дүйнөмдүн сөзү» аттуу өзүнүн автордук китебин белекке берди. Эң жагымдуусу жана күтүүсүзү Кипрдеги «Беллапаиз» деп аталган тарыхый, маданий борборунда жыл сайын 21-майдан 23-июнь аралыгында өтүүчү Кипрдеги «Беллапаиз» Эл аралык фестивалына Эмил Балтагулов, Зуура Алымкулова, Аида Баяковаларга чакыруу кагазын берди жана барыш, келиш жол киресин, ал жердеги бир ай жашоосуна өзү демөөрчүлүк кыла турган болду. Бул кабарды өтө сүйүнүү менен кабыл алдык жана президентке ыраазычылык билдирдик. Президент менен өтө жагымдуу маанайда сүрөткө түштүк жана президент өзү да фотографияга кызыга тургандыгын билдик. Резиденциядан өтө көңүлдүү чыгып, жамгырлуу кечте «Лефкоша» шаарынан Гирнеге кайрылып келдик.

Эки күндөн кийин президенттин маданият боюнча кеңешчиси (санат даанышманы) Йылмас Танер бизди түшкү сый тамакка чакырды. Ал музыканы өтө жакшы түшүнгөн нукура интеллигент экен. Анын кызы Руя Германиядан, Италиядан билим алган белгилүү пианист экендигин, 1996-жылы Кыргызстанга келип, опера-балет театрында кызынын концерти болгондугун билдик. Эң башкысы Йылмас Танер музыканын билерманы катары биздин студенттер менен профессионалдык жактан тил табышып, жакшы аңгемелешти. Түшкү тамактагы жолугушуу Ак деңиздин шарпылдап ак көбүк чачкан жээгинде жайгашкан «Алтын-Кыя» аттуу ресторанында өттү. Йылмас Танер Беллапаизте өтүүчү эл аралык фестивалдын шарттары менен тааныштырды жана май айында Эмил, Зуура, Аидаларды ушул музыка майрамында күтө тургандыгын билдирди.

Биздин эсибизде Түрк элдеринин ички биримдигин, бир туугандыгын каалаган инсан катарында эсибизде калды. Жолугушуунун соңунда, ал өзүнүн китептерин белекке берди. Түндүк Кипр Республикасында жашаган боордошторубузга Рауф Деңкташтан айрылып турган учурда терең кайгыруу менен көңүл айтып, улуу агабыздын жаткан жери жайлуу болсун деп тилек кылабыз.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×