Добавить статью
3:56, 17 января 2012 69665

Жогорку Соттун төрайымы Ф.Жамашевага кайрылуу

«Жалал-Абад» санаториясынын эмгек жамааты, жергиликтүү бийлик Жогорку Соттун төрайымы Ф.Жамашевага, Кыргызстан Профсоюздар федерациясынын кеңешинин мүчөлөрүнө кайрылуу жолдоду.

«Жалал-Абад» санаториясынын жалпы эмгек жамааты төмөнкүдөй мазмундагы өтүнүч менен сиздерге кайрылып жатат:

Биздин мурдагы директорубуз коррупционер-жегич Р.Матраимов 25-март, 2011-жылы Кыргызстан Профсоюздар Федерациясынын Кеңешинин чечими менен санаторияга ири чоң суммадагы финансылык жана материалдык чыгымдарды кетиргендиги үчүн жумуштан четтетилген.

Ошондой эле көп суммадагы акчаларды туура эмес пайдалангандыгын, өз пайдасына иштеткендигин жана алынган курулуш материалдын жогорулатылган баада сатып алынган фактыларды Эсептөө палатасы, Ревизорлору жана Аудитордук текшерүү аныктаган.

Р.Матраимов иштеген мезгилдин чыгымдарынын суммасы 4 млн 164 миң 192 сомду түзгөн.

Анын үстүнөн Жалал-Абад областтык прокуратура тарабынан 2010-жылы 24-майда 172-10-63-беренеге ылайык, кылмыш иши ачылган. Андан кийин Түштүк региону боюнча УБОП, МВД тергөөчү М.Каримов тарабынан да кылмыш иштери ачылган. Бирок тергөө азыркы убакытка чейин белгисиз себептер менен токтотулган. Ошого карабастан Р.Матраимов 2011-жылы 7-декабрь күнү Бишкек шаардык сотунун чечимин чыгарып, өз жумуш ордуна келүүнүн аракетин жасап жатат.

2011-жылы 1-декабрда Кыргызстан Профсоюздар Федерациясы Бишкек шаардык сотунун чечимине каршы көзөмөл катары Жогорку Сотко кайрылышкан. Азырынча эч кандай натыйжа жок.

Биз «Жалал-Абад» санаториясынын эмгек жамааты, жергиликтүү бийлик Р.Матраимовтун кайра жумушка келишине каршыбыз.

Сиздер адилеттүүлүк жана акыйкаттык гарант катары, укугубузду туура чечип берүүңүздөрдү суранабыз!

«Жалал-Абад» санаториясынын эмгек жамааты: кайрылууга 58 адамдын колу коюлган.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×