Добавить статью
10:33, 17 января 2012 8192

анын укугу бузулду деп эсептешет

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин бир тууганы Акмат Бакиевдин туугандары азыркы кезде анын укугунун бузулганына кабатыр болуп жатышат. Бул тууралуу анын тууганы Сабыржан ажы Жолдошев билдирди. Бул кайрылуу «Баракелде» сайтынын дарегине келип түшкөн.

Анын айтымында, Акмат Бакиев үстүнөн козголгон кылмыш иштери боюнча жазасын дээрлик өтөп бүттү. Бишкек шаарындагы Ленин райондук сотунун өкүмү чечими менен ал колония-поселениеге чыгарылган. Бирок, колония-поселениенин администрациясы аны үйүнө чыкканга уруксат бербей, абакта кармап турат.

Ал эми Акмат Бакиевдин адвокаты Абабакир Кудайбердиевдин билдиришинче, соттолгон Акмат Бакиевдин дагы эки жылдан ашуун мөөнөтү калган, аны сот колония-поселениеден өткөрүү тууралуу чечим кабыл алган. Жаза аткаруу кодексинин 92-статьясына ылайык, эгер жаза аткарып жаткан адам өзүн иш менен камсыз кылса, тийиштүү сумманы төлөп турууга жөндөмдүү болсо жана жубайынын макулдугу болсо, үйүнө барууга уруксат берилет. Бирок, Акмат Бакиевдин ушундай мүмкүндүктөрү турса деле колония-поселениенин администрациясы аны үйүнө чыгууга уруксат бербей жатат.

Эскерте кетсек, Бишкектеги Ленин райондук соту өз чечимин 2011-жылдын 23-декбарында чыгарган.

С. Жолдошевдин айтымында, бакиевдердин туугандары Акмат Бакиевдин укугунун бузулушуна жана анын ден соолугунун началап кеткенине катуу кабатыр болуп жатышат. Себеби, Акмат Бакиев мурда эле ден соолугу начар болуп келген жана тыкан дарыланууга жатат. Алар эми коомдук жана укук коргоо уюмдары аркылуу тийиштүү органдарга талап жөнөтүү ниетинде турушканын билдиишет туугандары.

.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×