Добавить статью
11:19, 20 января 2012 19012

Экс-жетекчи К.Саттаровдун билдирүүсү негизсиз

Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Исфана шаарында жайгашкан «Исфана» аэропортунун эмгек жамааты К.Саттаровдун 18-январдагы билдирүүсүн толугу менен негизсиз, деп эсептейт.

Анткени, К.Саттаров 2007-2009-жылдары аэропорттун жетекчиси катары иштеген мезгилде кызматкерлердин айлык-акыларына кол салып, аэропорт аймагын жайыт катары пайдаланып, менчик мал ээлеринен акча алып, аэропорт имаратын жеңил ой кыздар менен көңүл ачуучу жай катары пайдаланганы баарыбызга белгилүү. Ошол себептен 2012-жылы 19-январда мекеменин эмгек жамааты чогулуш өткөрүп, К.Саттаровдун бул кызматка атаандашуусуна моралдык укугу жок деген таянакты камтыган чечим кабыл алганбыз. К.Саттаровдун инсандык жетекчилик терс сапаттарын, биздин Оштогу, Бишкектеги жетекчилерибиз да жакшы билишет.

Сиздерди урматтоо менен «Исфана» аэропортунун эмгек жамааты.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×