Добавить статью
7:48, 18 января 2012 31796

«Исфана» аэропортунун башчысы тууралуу

Автор: К.Саттаров

Кыргыз Республикасынын президенти А.Атамбаевге, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин төрагасы А.Жээнбековго, Кыргыз Республикасынын премьер-министири Ө.Бабановго, Кыргыз Республикасынын башкы прокурору А.Саляновага, Кыргыз Республикасынын акыйкатчысы Турсунбек Акунга

Менин Сиздерге кайрылуумдун себеби, биздин мамлекет адам укугун урматтаган жана коргогон демократиялык багытына таянып, Сиздерди укуктук гарант катары кабылдап жана туу тутуп кайрылууну туура таптым.

«Исфана» аэропортунун мурдагы начальниги башка жумушка которулгандыгына байланыштуу 2011-жылдын 4-октябрында Ош аэропортунун директорунун орун басары Ж.Исмаилов жана аэропорттун юристи Б.Осмонов жаны начальникти дайындоо үчүн келишип, Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын милдетин аткаруучу – аким Нууман Сайдуллаевдин кабыл алуусуна акимдин биринчи орун басары А.Хамраев жана мен болуп чогуу киргенбиз. Ж.Исмаилов «Исфана» аэропортунун начальнигине менин наамыма буйрук алып келгендигин маалымдады. Аким Н.Сайдуллаев эмгек жамаатына тааныштыруу үчүн биринчи орун басары А.Хамраевдин кошо бара тургандыгын табыштады.

Эмгек жамаат алдында Ж.Исмаилов Ош аэропортунун буйругун окуп, К.Саттаров «Исфана» аэропортунун начальнигинин милдетин аткаруучу деп буйрук менен тааныштырды.

Мен ага чейин Кыргыз Республикасынын президенттигине шайлоону өткөрүү боюнча Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы милдетин аткарып турганмын.

Бирок, тан калаарлык окуя 15 күн өткөндөн соң мен бир канча учак каттамдарына уруксат берип, иш жүргүзүп жатканымда мага эч кандай билдирүүсүз кайрадан ошол эле Ж.Исмаилов Ош аэропортунун буйругун окуп дайындап кетишкен кызматымдан бошотуп, башка бирөөнү дайындашыптыр. Кызыгы мага буйруктан көчүрмө беришкен эмес. Бул аралыкта мен аэропортто начальник катары учактарга учуучу-конуучу тилкесинин даярдыгы жөнүндөгү расмий журналга кол коюп, уруксат берип турганмын. Мени өздөрү кызмат орунга коюп, кайра өздөрү эч кандай себепсиз мага жолукпай сырттан «жалаа кат бар экен» деген шылтоо менен кызматтан четтетүүсү адилеттикке жатабы?

Эмне үчүн арыздануучулар менен бетме-бет тексти менен тааныштырып, ак-карасын иликтеп, аныктаган соң баа берип, чечим кабыл алышпады?

Менин атуулдук укугум, абийирим менен эсептешүү эстерине келбедиби?

Маселени оң чечип берүүнү суранып, «Манас» эл аралык аэропорту ААКсына кайрылсам, ААКнын Оштогу филиалынын көрсөткөн маалыматы боюнча мен «Исфана» аэропортуна кызматка кабыл алынган эмес имишмин. Так ушундай мазмундагы жооп кат АККнын президенти Э.Шайдиновдон келди. 400 чакырымдан өздөрү келишип, район акиминде болуп, буйрукту жамаат алдында окуп, кызмат орунга олтургузуп коюп, анан 15-16 күндөн кийинки теңирден тескери мамилелерине али күнгө чейин таңмын.

Ж. Исмаилов менен Б.Осмонов оюна келгендей буйрук токуп, кааласа окуп, кааласа кайра кайта берүүсүнө мыйзам жана эмгек кодекси жол береби? Менин кызматка кирүү арызым жана буйруктун катталбай калуусуна ким жоопкер?

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын билдирүүсүндө мындай деп айтылат. Сиздин «Манас» эл аралык аэропортунун Ош филиалынын директору О.Калдаровдун наамына жазган кызматка кирүү арызыңыздын жоктугунан буйрук чыгарылбаптыр. Кантип андай болсун? Менин арызым болгондугу үчүн Ж.Исмаилов жана Б.Осмонов Лейлекке буйрук көтөрүп келип, акимге кирип макулдашып, жамаатка тааныштырып кетишпедиби эле.

Мен Кыргыз Републикасынын президенттигине шайлоону өткөрүү боюнча Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы катары Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө КРнын Мыйзамынын 22-беренесинин 8-пунктунда көрсөтүлгөндөй аймактык, участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү шайлоо, референдумду өткөрүү мезгилинде жана шайлоо референдум аяктагандан кийин 6 айдын ичинде администрациянын (иш берүүчүнүн) демилгеси боюнча иштен бошотулушу же анын макулдугу болмоюнча башка ишке которулушу мүмкүн эмес деген пунктуна да таянамын. Мындан сырткары райондун акиминин, анын биринчи орун басарынын маалыматтары да тиркелет.

Менин тагдырымдын үстүнөн спектакль ойногон, маралдык жана материалдык чыгымга кириптер кылган Ж.Исмаилов менен Б.Осмоновду теске салып, мыйзам чегинде жооп берүүлөрүн талап кыламын.

Ош аэропортунун жетекчилигинин кызмат адамдарына ой келди мындай мамилеси тыюулуусу абзел.

Маселени оң чечип берүүнүздөргө үмүттөнөмүн.

Сиздерди терең урматтоо менен

К. Саттаров

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×