Добавить статью
5:11, 25 января 2012 72697

Айыл чарбасындагы кайра кайра кайталануучу ыкмадан качуу мезгили келди

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты

Абдимуталип Кочкорбаев

Өлкөбүздөгү 2012-жылдын жазгы талаа жумуштарына карата даярдыктардын жүрүшү 20 жылдан бери пайдаланылып келинген эски ыкма менен башталууда. Мурункудай эле арпа, буудай, жүгөрү, кант кызылчасы, пахта, тамеки, май өсүмдүктөрүн жана башка жашылчаларды мынча аянтка эгебиз деген план милдеттенме алып жатабыз. Аталган эгиндерге жетиштүү үрөн, жер семирткич, күйүүчү май таап, аларды айыл чарба техникалары менен камсыз кылып, колдоо көрсөтүп келе жатабыз деген аракеттер болууда. Бирок булардын баары чындыкка туура келбеген, кошуп жазуу болуп келүүдө. Бир гана «Дыйкандарга жеткиликтүү кредит» дегенден башка дыйкандарга иштиктүү жардам жок. «Дыйкандарга жеткиликтүү кредит» да банк аркылуу берилип, ал банктан колунда бар, күрөөгө коё турган мүлкү бар гана дыйкан алып, карапайым дыйкан тиешелүү кагаздарды топтой албай, ал кредитке жете албай келүүдө. Жогорудагы аталган иш-чараларды көп жылдардан бери кайталап, талкаланган айыл чарбабызды андан ары да талкалоонун алдында турабыз. Башкача айтканда, өткөн жылдардан сабак албай келүүдөбүз. Белгилүү болгондой жогоруда аталган эгиндер дыйкандар тарабынан өндүрүлгөндөн кийин, арзан баада сатылып, өзүн өзү актабай келүүдө. Анын натыйжасында продукция өндүрүүчүлөр эч пайда таба албай, же курсагын бага албай же алган кредиттерин өз убагында төгө албай кыйналышууда.

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн, анын ичинде Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин милдеттеринин бири дыйкандардын өндүргөн продукцияларын сатууга көмөк көрсөтүү болуп саналат. Бул иштерди аткарууга өтө чоң акылдын кереги жок. Башкача айтканда, тез арада Кыргыз Республикасынын өкмөтү, Айыл чарба жана мелиорация министрлиги кошуна мамлекеттерде (Россия, Казакстан ж.б.) кандай айыл чарба продукциялары көбүрөөк керектелерин алар менен биргеликте аныктап, биздин дыйкандардын мүмкүнчүлүгүн эске алып, ал мамлекеттер менен атайын келишим түзүүсү зарыл. Андан кийин ал келишимдин негизинде биздин айыл чарба продукцияларын өндүрүүчү дыйкандарга, талап кылынуучу эгиндин түрү жана көлөмү жөнүндө маалыматтарды тез жана өз убагында жеткирүү керек.

Бүгүнкү күндө 20 жыл мурдагыдай кайра кайра кайталануучу ыкмадан качуу мезгили келди. Аталган сунуш Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан айтылганына карабастан, өкмөт тарабынан бир да кадамдар жасалбай, айтылган сөз айтылган боюнча калууда.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×