Добавить статью
8:40, 28 января 2012 49077

Жетекчисин кызматтан алууга каршы болгон жамаат

Ноокен райондук суу чарба башкармасынын жетекчиси Жолчу Калбаевди кызматынан алуу аракети жүрүп, анын артында аким Улан Өсөров турат, дейт райондук суу чарба башкармасында иштегендер. Алар акимдин аракетине нааразылык билдирип, 24-январда 89 адам катышкан жыйын өткөрүп, Ж.Калбаевди Ноокен райондук суу чарба башкармасынын жетекчисин кызматтан кетүүсүн убактылуу токтотуу маселесин көтөрүшкөн.

Бул тууралуу чогулушка төрагалык кылган М.Жолдошев маалымдап, Ж.Калбаевдин жетекчилик тажрыйбасы мол, эмгекчил жетекчи катары көптөгөн иштерди аткарганын айтып, райондук коллегияда Ж.Калбаевге айтылган сын пикирлерге жана коюлуп жаткан күнөөлөргө каршы экендигин айтты. Жыйында мындай пикирде жарыш сөзгө чыккан Майлуу-Суу башкы суу түйүнүнүн башчысы А.Исмаилов да коштоп: «Жетекчибиздин бул жерде күнөөсү жок. Аким күнөөлөп жаткан Майлуу-Суу плотинасы көп жылдардан бери капиталдык ремонт болбогондуктан жана сел өткөрүүчү төмөнкү (донный) галереясы иштебегендиктен плотинанын жогору жагы шагылга толуп калган. Жаз айларында плотинага 50 метр куб суу үстүнөн ашып кетип жатканы өтө коркунучтуу абалга келип калган болчу. Ошондуктан тез арада төмөнкү (донный) галереяны ачып, суу өткөрүү керек болгон. Бул боюнча Суу чарба мелиорация комитетине кайрылганбыз. Комитеттин төрагасынын орун басары В.Г.Гутник келип, ачууга уруксат берген. Бул жерде начальниктин күнөөсү жок. Райондук жетекчилердин жана жогору жактагылардын коюп жаткан күнөөлөрүнө каршымын. Ж.Калбаев баштаган ишин акырына жеткизиши керек», - деген пикирин билдирген.

Таш-Көмүр гидроучасткасынын башчысы М.Садыров Ж.Калбаевдин колдоосу менен өзүнүн участкасындагы насостук станциялар тууралуу айтып,12 жылдан бери насостук станциялардын ремонтуна 3,5 млн сомдук жабдыктарды алганын, мындан сырткары 19, млн сомдук долбоор утуп алганын белгилеп, Ж.Калбаевдин Теңдик айыл округуна көрсөтүп жаткан жардамын эске алып, Таш-Көмүр шаардык мэриясы жетекчибиздин өз ишинде калуусу керек экендигин жана аны колдой тургандыгын билдирген.

К.Джуманов, А.Сариков, С.Абдуллаева, М.Капашовдор «Ж.Калбаевди плотина боюнча айыптап жатканы туура эмес, ажы аке көп иштерди Өзбекстандан тетик, техника алып келип бүтүрүп коюучу, начальникке убакыт бериш керек, плотинаны бүтүргөндөн кийин минтип кызмат ордун алуу үчүн жаманатты кылбай көп жыл иштеген, эмгеги сиңген адамды сый менен узатып койгон жакшы болот эле», - дешип акимге нааразы болушуп, жамаат катары биз жетекчибизди коргоп калышыбыз керек дешти.

Жамаат жетекчиси Ж.Калбаев башка жактан келсе да көп жылдар үзүрлүү иштеп, ишкананын көрсөткүчтөрүн алдыга жылдырып, айыл чарбасына сиңирген мыкты кызматкер наамына жетишип, эми пенсия курагына келгенде Майлуу-Суу плотинасы боюнча баштаган ишин бүтүрүп, сый-урмат менен узаткандын ордуна өздөрүнүн кишилерин алып келүү үчүн жаманатты кылып кетирип жатканына каршы болушу жыйынга келген райондук мамлекеттик администрациясынын биринчи орун басары К.Камбаралиев менен агрардык өнүктүрүү боюнча орун басары Т.Эшиевден суранышты.

Жогоруда айтылгандарды угуп, талкуулап, жыйынтыгында Ноокен райондук суу чарба башкармасынын жамаатынын жалпы чогулушу «Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын 2012-жылдын 18-январындагы коллегиясынын Ж.Калбаевди жумуштан четтетүү боюнча чечимине чуу чарба башкармасынын жамаатынан нааразычылык билдирилсин. Суу чарбасындагы көп жылдык эмгегин, айыл чарбасына сиңирген эмгегин эске алып, райондук, облустук жана суу чарба департаментинин жетекчилигинен Ж.Калбаевди 2011-жылдын эсебинде суу пайдалануучулардан калган карыздарды толук өндүрүп, ошондой эле Майлуу-Суу плотинасын оңдоо иштерин бүткөрүүгө убакыт берүү суралсын» деген токтом кабыл алышып, Жогорку Кеңешке, өкмөткө, Айыл, суу чарба мелиорация министрлигине, суу чарба департаментине, облустук суу чарба башкармалыгына, райондук эл депутаттар кеңешине, райондук мамлекеттик администрациясына жана райондук Элдик коомдук коргоо комитетине жөнөтүштү.

Суу чарба кызматкерлеринин айтымында, жаңы келе турган жетекчи деле кетирген кемчиликтери үчүн «Базар-Коргон районунун суу чарба кызматынын жетекчисинен четтетилген. Демек, бул жерде акимдин жеке кызыкчылыгы болушу мүмкүн» дешет суу чарба кызматкерлери.

Ал эми Ноокен райондук администрация башчысынын агрардык өнүктүрүү боюнча орун басары Т.Эшиев «Каалайсыңарбы, каалабайсыңарбы суу чарба департаментинен ким буйрук алып келген болсо, ошону менен иштешүүгө мажбурсуңар», - деп жооп берген.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×