Добавить статью
7:54, 1 февраля 2012 36685

Ректорлорду  шайлоо менен коррупцияга сокку урабыз!

Жогорку окуу жайлардын ректорлорун шайлоодон өткөрүү бүгүнкү күндүн эң актуалдуу маселелеринин бири болуп калды. Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндөгү» мыйзамына толуктоолорду киргизүү Жогорку Кеңештин пленардык жана профилдик комитеттин кеңешмелеринде бир нече жолу каралды. Тилекке каршы, бүгүнкү күнгө чейин тийиштүү чечим кабыл алына элек. Эмне себептен чечим кабыл алынбай жатат? Биз бул проблеманын төркүнүнө саресеп салсак.

1992-жылы кабыл алынган Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндөгү» мыйзамында ректорлорду министрлик дайындайт деп белгиленсе, кийинчерээк мыйзамга толуктоолор киргизилип, ректорлор профессордук-окутуучулук курам тарабынан шайланат деп көрсөтүлгөн. Мындай чечим убагындагы демократиялык көрүнүш катары бааланып, коомчулук өз баасын берген эле. Жамаат татыктуу жетекчилерди тандап алып, билим берүүнүн сапатын жогорулатууга өбөлгө түзүлгөн. Ректор бийликтин марионеткасы болбой, жамааттын кызыкчылыгын биринчи орунга койгон болчу.

2008-жылы министр И.Болжурова К.Бакиевдин көрсөтмөсү менен ЖКга ректорлорду бийлик тарабынан дайындоо маселесин койгон. Бул маселе 2008-жылдын 16-декабрында профилдик комитетте каралып, «Ак жолчулар» тарабынан колдоо тапкан. Комитетте жападан жалгыз Иса Омуркулов бул чечимди «демократиядан четтөө» деп каршы пикир айтып кеткен. 25-декабрда ЖКнын пленардык кеңешмесинде министрдин сунушу кабыл алынып, 3 окуу жайдын ректорлорун Президент, 29 ректорду премьер-министр дайындайт деген бүтүм чыгарылган.

өлкөдө, саясий өзгөрүүлөр болуп, коомдо демократиялык баалуулуктарга умтулуу тенденциясы башталганда бул проблема кайрадан көтөрүлө баштады. Алгачкылардан болуп 2010-жылы ОшМУнун Окумуштуулар  Кеңеши өкмөткө ректорлорду шайлоодон өткөрүү маселесин жолдогон. 2011-жылы 9-июнда ЖКнын профилдик комитетинде К.Осмоналиев кээ бир окуу жайлардагы проблемаларды талдап чыгып, ректорлорду шайлоодон өткөрүүнү туура экендигин далилдеген, аны Турсунбай Бакир уулу колдоп чыккан. 2011-жылдын 27-июнунда комитетте маселе официалдуу каралып, Р.Акназарова, Н.Никитина, К.Иманалиев, ж.б. мыйзамга толуктоолорду киргизүүнү кубатташып, ректорлорду шайлоо маселеси пленардык кеңешмеге сунушталган. 17-ноябрда депутаттар пленардык кеңешмеде бул маселени кайрадан иштеп чыгуу үчүн  мыйзамды комитетке кайтарып берген. Депутаттар Ш.Айтматова, Д.Бекешовдордун пленардык кеёештеги принципиалдуу сөздөрү коомчулуктун эсинде алиге чейин турат.

2011-жылдын 20-декабрында ректорлорду шайлоо проблемасы комитетте кайрадан каралып, толуктоолор киргизилип, экинчи окуудан өтүп, Пленардык кенешке сунушталган болчу. 2012-жылдын 20-январында интернеттен «Вечерний Бишкек» гезитине таянып жазылган кабарга күбө болдук. Анда ректорлорду шайлоо маселеси 21-январда Пленардык кеңеште каралат деп айтылган эле. Тилекке каршы, кеңешмеде ректорлорду шайлоо маселеси белгисиз себептер менен каралбай калды….

Ушундан улам суроо туулат: Бул маселе эмне үчүн чечилбей келе жатат? Кимдер бут тосуп жатат? Мүмкүн, өкмөт, депутаттар, ректорлордун өздөрү да каршылык көрсөтүп жатышкандыр? Катардагы окутуучу, доцент, профессор, кафедра башчысы, декан, айыл өкмөтү, мэр, райондук акимдер, президент шайлоодон өтүшсө, ал эми ректор эмне үчүн шайлоодон өтпөөсү керек?

Биздин ойубузча, өкмөт өз бийлигин бергиси келбей, депутаттык фракциялар саясий кызыкчылыктарды көздөп жатышкандай сезилет.

 Кечээки болуп өткөн Коопсуздук кеңешменин жыйынында Президент А.Атамбаев бийлик бутактарындагы коррупция менен күрөшүүнү алдыңкы орунга койуп, коомчулукту ачык күрөшкө чакырды.

Чындыгында ректорлорду дайындоо процедурасы, коррупциянын туу чокусуна чыкканын  сокур деле көрүп, дүлөй деле угуп турганын баарыбыз билебиз, бирок эч ким аны айткысы келбейт. Ал тургай ректордук кызматтын ставкасынын ченеми эл арасында байма-бай айтылып жүрөт.

ЖКнын комитетинде алгачкылардан болуп депутат К.Абдиев (20.12.2011-ж.) «Ректорду жогорку жактан дайындоо көпчүлүк убакта коррупция менен байланышкан» - деп акыйкат сөзүн ачык эле айтып чыкты. Рахмат  Курмантай Абдиевич!

Урматтуу депутаттар, эгерде коомдогу коррупцияны жоюуга кадам таштайбыз, Президенттин туура демилгесин колдойбуз десениздер, ректорлорду шайлоо маселесин тез аранын ичинде чечип беришиёиздер зарыл. Качан гана ректор шайлоодон өтсө бийлик бутагындагы коррупциянын бир багытына чек коюлат. Ошондо, ректор бийликке эмес, өз жааматына ишеним артат.

Ректорлор өздөрүнүн функционалдык милдеттерин аткарууну,  жамааттын кызыкчылыгын коргоону унутуп калышып , бийликке жагынуу максатында саясий оюндарга баш оту менен кирип кетишти.

Урматтуу Каныбек Осмоналиевич! комитеттин баштаган ишин аягына чыгарып берүүңүздү Сизден суранабыз. Сизди билим берүү системасындагы компетенттүү, принципиалдуу адам катары көптөн бери билебиз.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×