Добавить статью
3:13, 2 февраля 2012 29102

Электрондук өкмөт аркылуу бюрократияны азайтуу

Эгерде коомдо бюрократиянын чектелбеген иш-аракеттери боло турган болсо, анда экономиканын бардык мүмкүнчүлүктөрүн туура колдонуу менен дүңгүрөп өсүүсүн элестетүү кыйын. Бүгүнкү күндө бюрократиянын аштоосуна бөгөт койбосо болбогондой, антпесе ал коомдук көйгөйгө айланып дагы калды. Бизнести жөнү жок текшерүү жана көзөмөлдөө – бул кереги жок нерсе экенин баары түшүнө баштады. Кандай жол менен бюрократияны кыскартууга (дебюрократизация) болот – өкмөттүн функционалдык бөлүгүн кыскартуу мененби? Бул макалада эң эффективдүү ыкмалардын бири болгон – электрондук өкмөт жөнүндө баяндайбыз. Ар бир мамлекеттик мекемени дыкааттык менен карап чыгып, алардын иш-аракетин кескин кыскартпасак, электрондук өкмөттү ишке ашыруу максатыбызга жетүү кыйын.

Түштүк Корея, Эстония жана Сингапур мамлекеттеринде электрондук өкмөт (ЭӨ) күнүмдүк турмуштун эле көрүнүшүнө айланган. Казакстанды ала турган болсок, ал жерде мамлекеттик башкарууда ЭӨ киргизүү менен көптөгөн жетишкендиктерге жетише башташты. Ал эми Кыргызстанда бул тууралуу көптөгөн талкуулар жүрүп келгени менен, тилекке каршы, калктын көп катмарында электрондук өкмөттүн артыкчылыктары жана мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалыматты билгендер жокко эсе.

Электрондук өкмөт – бул өлкөнүн жарандарына жана бизнеске маалымат технологияларын колдонуу менен мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү ыкмасы болуп саналат. ЭӨ иш кагаздарын жүгүртүүдө жана башкаруу процесстерин автоматташтырууга шарт түзөт. Мисалы, сиз өзүңүздүн маалыматыңызды ар бир мекемеге алып баруунун кажети жок, ал маалыматты бир гана мекеме кабыл алат, башкача айтканда мекемелер аралык маалымат алмашууну мамлекет өзү колго алат. Анда паспортту, айдоочу күбөлүктү, күбөлүктү, уруксаат берүүчү кагаздарды алуунун убактысы жарым сааттан ашпайт. Жарандар жөнү жок убакыттарын, каражаттарын коротпостон, керектүү маалыматтарды мамлекеттик органдардандын электрондук базаларынан бир нече мүнөттүн ичинде таба алышат. Ар бир адам өз үйүнөн чыкпастан эле, мамлекетти башкарууда да өз салымын кошо алат. Технологиянын өнүгүүсү менен шайлоолорду интернет аркылуу өткөргөнгө да шарттар түзүлгөн, бул өз убагында шайлоого кеткен убакытты жана каражаттарды кескин азайтканга алып келет.

Электрондук-санарип кол коюу (ЭСК) – бул электрондук өкмөттүн эң негизги аспабы жана кадимки кагаздарга кол коюудан баш тартуунун бирден-бир булагы болуп саналат. Бул аспапты колдонууда ар кандай макулдашуулардын жана уруксат берүүчү кагаздарынын саны кескин түрдө кыскарат. Электрондук өкмөттүн кагазы жок иш-кагаздарын жүгүртүү иштеринде, биз миллиондогон бюджеттик каражаттарды үнөмдөп калат элек. Бир гана Экономика жана монополияга каршы министрлигинин бир айлык чыгымын алсак, иш-кагаздарын жүгүртүү үчүн кеткен чыгым 1,5 млн. сомду түзөт экен. Жогорудагы технологияны ишке киргизүү менен мекемелер аралык кагаз документтерин ташуу, же аларды райондук, облустук, борбордук бийлик арасында жүгүртүү өз актуалдуулугун жоготот.

E-stonia

Электрондук кызмат көрсөтүү жагынан Эстония мамлекети дүйнөдө биринчи орунда турат. Эстонияда “өкмөт бизнеске” (G2B) деген кызматташуусу, бизнеске болгон чектөөлөрдүн кыскарышынын негизинде өнүккөн, мисалга алсак, бул өлкөдө кандайдыр бир компанияны интернет аркылуу каттоодогу сарпталган убакыт 18 минөттү түзөт! Электрондук тармак аркылуу каалаган лицензия жана сертификатты алууга болот. Контролдоочу мекемелердин кызматкерлери менен түздөн-түз сүйлөшүү кыскарган, бул болсо коррупциянын көлөмүнүн азайышына алып келген. Калктын 90%дан ушуун салык декларацияларын интернет аркылуу толтурушат жана жөнөтүшөт. 2005 жылдан тартып Эстония мамлекетинин жарандары кайсы гана жерде болбосун, шайлоо убагында интернет аркылуу шайлаганга шарттар түзүлүп берилген.

Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу бийлигинин ишин жүзөгө ашырууда, электрондук башкаруу жергиликтүү калкка бийликтин иштерине катышууга шарт түзүп берет. Кабыл алына турган чечимдер тууралуу маалыматтар менен жарандарды камсыз кылуучу өлкөдөгү баардык муниципалдык башкаруу органдарынын официалдуу сайттары бар. Муниципалитеттин отурумунда каралуучу кандайдыр бир маселеге жергиликтүү калк “макул” же “каршы” деген добушун бере алат. Ушундай иш чараларды өткөрүү менен жергиликтүү бийлик жарандардын оюн, алардын бийликке болгон ишенимин биле алышат.

Эстония мамлекети ЭӨ программасын, өлкөдө информатизациялоонун деңгээлинин төмөндүгүнө карабастан ишке киргизген. Биздин мамлекеттин ушул тармактагы окшош абалын эске алып, бул балтика мамлектинин жүргүзгөн тажрыйбасын биз да колдонсок болот. Эстонияда ЭӨ долбоорун иштеп чыгуу жана аны ишке ашыруу, бул тармакты жакшы өздөштүргөн бизнес чөйрөсүнө тапшырылган, ал эми мамлекет болсо алармандын гана ролун ойногон.

Биздин курулай аракеттер жана имитациялар

Кыргызстанда ЭӨ долбоорун ишке ашыруу демилгеси жөнүндө көбү биле беришпесе керек. Кыргызстанда бюджетти автоматташтыра ала турган, анын ачыктыгын жогорулатуу үчүн “IS: Казына. Бюджет 1.0” деген маалыматтык системасы иштелип чыккан. Тилекке каршы бюджеттик процессти автоматташтырууга кандайдыр бир себептердин негизинде каржы министрлиги жана борбордук казыналык ишке ашыра алышпай жатышат. Башка мекемелерде иштеп келе жаткан автоматташтырылган долбоорлор, эл аралык донорлордун каржылоосу токтогонуна байланыштуу кыймылдабай турат. Системалык, ырааттуулук ыкмасы жок болгондуктан, кээ бир министрликтердеги түзүлгөн электрондук базалар бири-бири менен төп келишпей, иштебей турат. Бийликте отурган кээ бир чоңдордун жаңы технологиялык стандарттарга өтүүнү каалабастыгы, бул проектти ишке ашыруу боюнча демилгечи топту аябай үмүтсүздөндүрөт.

Өлкөдөгү ЭӨ өнүктүрүүдө эффективдүү анализдин жана мониторингдин жоктугун байкоого болот. Түштүк Кореянын тажрыйбасын алсак, 1990-жылдары электрондук өкмөт тармагында негизги көңүл башкаруу процесстеринин эффективдүүлүгүн жогорулатууга бурулган. 2000-жылдан тартып калктын мамлекет көрсөткөн кызматтарына канааттангандыгына бурула баштаган. Ал эми 2003-жылдан баштап, мамлекеттик иштерге калктын катышуусунун деңгээлин жогорулатуу иштери жүргүзүлө баштаган.

ЭӨ бул келечекте өнүгүүнүн бирден бир фактору

Азыркы убакта дүйнө жүзүндө коомду модернизациялоодо жана улуттук атаандаштыкты жогорулатууда электрондук өкмөт чоң ролду ойнойт. Биздин мисалды ала турган болсок, ЭӨ ишке ашыруу маселеси стандарттык бюрократиялык ыкмалар менен чечилет – ИКТ боюнча атайын кеңеш түзүлүп, электрондук өкмөттүү ишке ашыруу, анын негизги максатын иштеп чыгуу маселелери салтанаттуу түрдө гана жарыяланып, иш жүзүндө мамлекеттик башкарууну маалыматташтыруу жана автоматташтыруу программасынын жоктугуна байланыштуу, бул проект үзгүлтүккө учураган. Эң таң калтырганы, жада калса мамлекеттик органдар өздөрүнүн бланктарын электрондук түрүндө сайттарга чыгарганга мүмкүнчүлүктөрү жок.

Кыргызстандагы интернетти колдонуучулардын саны жылдан-жылга өсүүдө, негизги маалыматтарга ылайык алардын саны 2 млн.адамды түзөт (калктын 36%), бул КМШ мамлекеттеринин арасындагы жогорку көрсөткүчтөрдүн бири болуп саналат. Интернет аркылуу калк тарабынан мамлекеттик тейлөөлөргө болгон суроо-талаптар түзүлгөн жана убакыттын өтүшү менен бул жогорулай берет. Маалымат агымынын күчөшү, регионалдык жана дүйнөлүк деңгээлдеги  кызматташуулар – мамлекетти заманбап стандарттык электрондук башкарууга өтүүгө мажбур кылат.

ЭӨ артыкчылыгы:

•    Мамлекеттик башкаруунун сапатын жана эффективдүүлүгүн жогорулатат

•    Мамлекеттик органдардын ишинин тазалыгы

•    Жарандар үчүн мамлекеттик кызматтарды ыңгайлуу жана бат жеткирүү

•    Жарандар менен кербайланыш (обратная связь) түзүү

•    Мамлекетти башкарууда жарандардын катышуусундагы сапаттуу жаңы деңгээли

•    Бюджеттик каражаттарды олуттуу үнөмдөө

ЭӨ өтүү жана аны ишке ашырууда Өкмөткө атайын талаптарды коюу, ага жооптуу адамдарды аныктоо жана ошондой эле коюлган талаптардын көрсөткүчтөрүн аныктоо. Антпесе, Паркинсондун мыйзамынын негизинде бул процесс өмүр бою чоюлат, себеби бюрократия мындай иш чараларды артка тартканга шарт түзүп берет.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

28-12-2011
Кыргызстандын Бажы Биримдигине кирүүсүнүн натыйжасын анализдөө
36111

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×