Добавить статью
10:31, 2 февраля 2012 90962

Кыргызстанда жылына 11 800 кыз ала качууга дуушар болот

Кыргызстанда жылына 11 800 кыз ала качууга дуушар болот

Кыргызстандагы аялдарды коргоо Борборунун өкүлү Айгүл Алымкулованын маалыматына ылайык, орто эсеп менен алганда ар бир 4,5 саатта 6 кыз ала качууга дуушар болот, ошондо бир сутка ичинде 32 кызды ала качышат. Бир жума ичинде - 227, ал эми бир айда болсо 1 000, жылына 11 800дөн ашуун кыз кыргыз элинде салт катары кабылданып келген ала качуунун курмандыгына айланса, анын ичинен бир айда 200гө жакыны сексуалдык кыйноого дуушар болушат.

«Аялзатын күйөөгө күч менен берүү ал салтпы же башкабы, моралга жатпаган жорук», - Турсунбек Акун

Ал эми КР Акыйкат институтунун статистикалык маалыматтарына таянсак, жылына Кыргызстанда 15-16 миң кызды кыйнап никеге тургузуу үчүн ала качышат. Жакында адам укугу боюнча иш алып барган Кыргызстандын акыйкатчы институту массалык маалымат каражаттарында жана республиканын бардык мектептеринде кыз ала качууга каршы күрөшүү боюнча кампания өткөрдү. «Биз XXI кылымда, прогресстин кылымында жашап жатабыз, ал эми биздин өлкөдө дале болсо кыздарды ала качуу көрүнүшү бар. Колуктуну ала качып алуу кыргыз салты деп эсептегендери туура эмес. Аялзатын күйөөгө күч менен берүү ал салтпы же башкабы, моралга жатпаган жорук», - дейт Турсунбек Акун. Анын айтымында, илгерки кыз ала качуу азыркыдан айырмаланчу. Кылымдар бою бул каада-салт же ар башка класстагы же үй-бүлөсү каршы болгон эки уруунун ортосундагы жаштар арасында болгон. «Ал эки жаштын өз ара макулдашуусу менен болгон жана эч кандай зомбулукка жол берилген эмес. Ал эми бүгүн кыз ала качууну адамды уурдоо деп эсептесек болот.Бул практика мыйзамсыз деп эсептелгенине карабай, кызын ала качкан учурда бир дагы үй-бүлө сотко барбайт. Бул көп учурда кызды ала качып кетишкенден кийин барган жерине олтуруп калбаса уят иш деген түшүнүккө байланыштуу», - дейт акыйкатчы.

Ал кыз ала качуу маселеси бүгүнкү күндө аябай курч маселелердин бирине айлангандыгын айтып, «бардык мамлекеттик органдар тарабынан бул маселе активдүү түрдө чечүүнү талап кылат.  Азыр ала качуу боюнча жазалоону күчөтүү зарыл. Бул көрүнүш салт эмес, кылмыш.  Кыз ала качууга жол берген жарандарга карата административдик жаза эмес, адамды уурдагандыгы үчүн статья боюнча 7-15 жыл жазаланышы керек», - дейт акыйкатчы Турсунбек Акун. Жакында акыйкатчы Ош шаарына болгон иш сапары учурунда Өзгөн районунун кыз ала качуудан жабыр тарткан жашоочусу К.Г. аттуу кыз ага 2011-жылы 30-мартта аны Нургазы Алдашев деген ала качкандыгын билдирип, бирок 10 күн чогуу жашагандан кийин ал мурда үйлөнгөндүгүн жана аялы Москвада иштеп жүргөндүгүн айтып, Россияга кетип калгандыгын билдирди. Бирок, бул маселе боюнча анын кылмыш ишин козгоо боюнча арызын Өзгөн районунун жана Ош облусунун прокуратуралары Н.Алдашевдин аракетинде кылмыштуулук жок деген шылтоо менен карабай коюшкан. Акыйкатчы бул окуяны жеке көзөмөлүнө алуу пикирин билдирди.

Гинеколог адистер да кыздардын эрте жашында турмушка чыгуусуна каршы

Белгилей кетчү жагдай айыл жергесинде 16 жашка толо элек, секелек кыздар бул салт деп калыптанып калган түшүнүктүн курмандыгына айланып жатат. Психологдордун айтымында, 15-16 жашта ала качууга дуушар болгон кыздар айыктырылгыс, дарылангыс жан-дүйнө травмасын алышат. Гинеколог адистер да кыздардын эрте жашында турмушка чыгуусуна каршы. Анткени бул кыздардын ден-соолугуна да терс таасирин тийгизбей койбойт жана кыздардын боюна бүткөн мезгилде да эрте жаштагы никелердин көпчүлүгүндө балдары ара төрөлөт.Баарынан да ошол эрте жашында ала качуунун курмандыгына айланган кыздардын ата-энелери кыздарын арачалап, коргоп калууга аракет да кылбагандыгы  өкүнүчтүү.

Ошто 16-17 жашында эне болгон кыздардын санынын өсүп жаткандыгы байкалууда

 «Үй-бүлөнү пландаштыруу боюнча кыргыз альянсы» коомдук бирикмесинин жетекчиси Б.Тургенова мына ушундай көрүнүштөрдөн улам, акыркы жылдары Ошто 16-17 жашында эне болгон кыздардын санынын өсүшү байкалгандыгын айтып,  бул жаатта түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгын белгилеп өттү. Анын айтымында, Ош шаарында гендердик саясатты ишке ашыруу, аялдардын, кыздардын зомбулукка кабылышын азайтуу боюнча долбоор иштей баштады. «Долбоордун максаты - кыз ала качуу жана эрте турмуш куруу маселелери боюнча калктын маалымдуулугун көтөрүү», - дейт Б.Тургенова. «Жаш кыздардын үй-бүлө институту жана турмуш курууну пландоо жаатында маалыматтарынын жоктугунан улам үй-бүлө куруу жашына жете электе эле ар кандай жолдор менен турмушка чыгып, соңунда балдары менен көчөдө калган учурларды кезиктирүүгө болот. Үй-бүлөдө зомбулуктун келип чыгышынын себептеринин бири - айыл жергесиндеги калктын айрым катмарынын маалыматынын жоктугу», - дейт Б.Тургенова. Ошондой эле ар түрдүү жаштагы 250 тургундун арасында сурамжылоо жүргүзүлгөн. Сурамжылоонун жыйынтыгы көрсөткөндөй, бардык катышуучулар КРнын аялдардын укугу боюнча маалыматын билишпейт. Алардын баары, бул бүгүнкү күндөгү актуалдуу жана социалдык тема экендигин айтышты. Мына ушундай көп тараптуу ар кандай жагдайлардан улам, канчалаган кыз эрте жашында турмушка чыгып, балдары ара төрөлүп, никеге турганы менен мамлекеттик катоодон өтпөй, жашоодогу оош-кыйыштардын, түшүнбөстүктүн айынан турмушу бузулуп, натыйжада үй-бүлө кыйроого учурап жатат. Статистикага кайрылсак, 2010-жылы Республикалык кризис борборуна 517 аял жардам сурап кайрылган. Алар никеге өздөрүнүн макулдугусуз, бирок, мажбурлоонун натыйжасында турган. Жабыр тарткандардын айтымында, алар үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа тартып келишет.

Ала качуунун айынан кыйылган жаш өмүрлөр

Акыркы кезде ала качуунун айынан өз жанын өзү кыйган (суицид) учурлар көп кездешип жатат.  Бул окуя Ысык-Көлдө облусунда болгон.  «Лидер» жарандык демилге борборунун кызматкери Банур Абдиеванын айтымында, Каракол шаарындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин студенти Венера Касымалиева 2010-жылдын 18-декабрында өз жанын өзү кыйууга барган. Анткени ал ала качууга дуушар болуп, бирок, үй-бүлөдөгү зомбулуктун айынан бир аз убакыттан кийин кат жазып, өз жанын өзү кыйган. Анын өлүмү боюнча кылмыш иши бүгүнкү күнгө чейин сотто каралууда. 2011-жылы 9-март күнү аталган университеттин студенти Нурзат Калыкова да ушундай жагдайдан улам өз жанын өзү кыйууга (суицидге) барган. Баарынан да өкүнүчтүү жагдай, жогоруда аты аталган эки кыздын бирөөсүн ала качкан жигит  бир айдан кийин дагы башка бир кызды ала качып, бирок, ал кыз аны менен никеге туруудан баш тарткан. Ошол окуяга байланыштуу Каракол шаарында  «Ала качуусуз жаз» аттуу акция өткөрүлдү. Акциянын максаты - ала качуунун айынан кырчындай жаш өмүрлөр кыйылып жаткандыгына көпчүлүктүн көңүлун бурдуруу болуп саналат. Бул акцияны Кыргызстандын бардык тарабынан көптөгөн адамдар колдоп, кайрылууга кол коюшту. Өлкө президенти, Ички иштер министринин орун басары, депутаттар да бул акцияга тилектештигин билдиришти. Мына ушул өңдүү иш-чаралар  ала качуудан азап тарткандардын тагдырын жеңилдетиши мүмкүн деген ишеничтебиз.

Кыз ала качууга байланышкан кылмыш иштери боюнча 2009-жылы КР Кылмыш кодексинин (16 жашка чейинкилерди никеге турууга мажбурлоо) №154-беренеси боюнча 3 кылмыш иши козголгон,  (никеге турууга мажбурлоо) №155-беренеси боюнча – 14 кылмыш иши козголгон. Натыйжада 17 тергөө иши жүргүзүлүп, башкаяа айтканда кыз ала качуу боюнча 700 фактынын 1  фактысы. Бул кылмыш иштери боюнча 8 соттук чечим кабыл алынган. Бул 1500 фактынын 1 фактысы дегенди түшүндүрөт.

Кыргыз жарандары кыз ала качууну  чет жерде да унутпай сактап келишет

Орусиянын Москва шаарында жарыкка чыгуучу басылмалардын биринде кыргыздар ала качууну чет жерде да унутпай, кыз ала качып бул көрүнүштү сактап келе жаткандыгы тууралуу айтылган. Кыргыз кинолорунда да чагылдырылып, Батыштын көңүлүн бурдурткан бул көрүнүш, башка өлкөлөрдүн жарандары тарабынан, жапайычылык катары кабылданып, өлкөнүн имиджине терс таасирин тийгизип келе жаткандыгын кино сынчылары жана эксперттер да айтып келишет.

Диний түрдө кыйылган, мамлекеттен каттоодон өтпөгөн никелерди жараксыз

Укук коргоо органдары бул маселени чечиш үчүн жеткиликтүү аракеттерди көрбөй жатат деп өкмөттү сындап, айыптоодо. Бирок Акыйкат институтунун бул маселени чечүүдөгү аракети учурунда өз жемишин бериши мүмкүн. Парламенттин депутаты Асия Сасыкбаева комитет диний түрдө кыйылган, мамлекеттен каттоодон өтпөгөн никелерди жараксыз деп табуу тууралуу мыйзам долбоорун даярдап жатканын айтты.

«Көп учурда колуктуну ала качып кетишкенде никелер расмий мекемелерде катталбайт, жөн гана салттуу болуп калган исламдын нике кыюу жасалат. Ал эми бул аялдар үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган кезде өзүн коргоо үчүн эч кандай расмий каражат таба албай калышат. Жаңы мыйзам боюнча молдолор нике тууралуу расмий документтерди жубайлар көрсөтмөйүн нике кыйбашы керек. Бул өз эрки менен күйөөгө барбаган аялдарды коргоодогу жана үй-бүлөлогү зомбулукту токтотуудагы алгачкы кадамдардын бири болуп калмакчы», - дейт А.Сасыкбаева.

Жогорку Кеңештин январь айындагы жыйынында «Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору каралды. Депутат Айнуру Алтыбаеванын маалыматына ылайык,  коомчулукта жат көрүнүш болгон ала качуунун, никеге мажбурлоонун санынын көбөйүшүн эске алып, аялдардын жана балдардын мүлктүк укуктарын коргоо максатында нике кыюунун диний каадаларын өткөрүүдө жарандык абалдын актыларын жазуу (ЗАГС) органдары тарабынан никенин мамлекеттик катталуусу жөнүндө күбөлүктүн милдеттүү түрдө болушун демилгечи депутаттар мыйзам долбоору менен сунушташкан. Баш мыйзамда «Нике курагына жеткен адамдар никеге турууга жана үй-бүлө күтүүгө укуктуу. Бир дагы нике никеге туруучу адамдардын эки тараптуу макулдугусуз түзүлбөөгө тийиш. Нике мамлекет тарабынан каттоого алынат (ЗАГСтан өтөт)»  деп белгиленген.

Бирок, жарандык абалдын актыларын жазуу (ЗАГС) органдарында мамлекетик каттоодон өтпөй диндик каада боюнча никеге турган учурда мындай никеге турууларды бузуу учурлары сотто каралбайт. Мында жубайлардын кимдир бирөөсүнүн, көбүнчө аялдардын укугун кемсинтүүгө жубайлардын эч кандай мүлктүк укугу жана милдеттери жок. Ажырашкан учурларда балдарынын болушу мүлк талаштарын ого бетер тереңдетет.

Айнуру Алтыбаева Кыргызстанда молдолор мамлекеттик ЗАГСтан нике тууралуу күбөлүк алгандан кийин гана жаш жубайлардын никесин кыйганга укугу бар деген норма киргизилип жатат, деген пикирин билдирди. Бул мыйзам долбооруна ылайык молдолор мамлекеттик ЗАГСтан нике тууралуу күбөлүк алганда кийин гана жаш жубайлардын никесин кыйганга укугу бар деген норма киргизилип жатат. «Кыз ала казуу – Кыргызстанда бренд болуп калды, бирок ошону менен катар ал терс көрүнүштөргө ээ болуп жатат. Ошондуктан, бул мыйзам долбоору иштелип чыкты», - деди депутат.

Жогорку Кеңеште пленардык жыйында мамлекеттик нике каттоосу жок нике кыйылган учурлардагы тараптардын жоопкерчилиги тууралуу маселе каралып, КР Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекске минималдык эсептен он эсе айып салуу, тактап айтканда, 1000 сом өлчөмүндө айып салуу жобосун киргизүүнү депутаттар сунуш кылып жатышат.

Соңку сөз

Коомдо болуп жаткан мына ушундай иш аракеттер албетте, өз натыйжасын бербей койбойт. ЖК депутаттары мына ушундай жол аркылуу коомдогу кыздардын, аялзатынын укугун коргоп, ал эми эркектердин үй-бүлө куруудагы жоопкерчилигин күчөтүүнү максат кылып жатышат.

Дин кызматкерлери бул мыйзамды кабыл алууда ЖК депутаттары кээ бир жагдайларды эске албагандыгын айтып жатышат. “Анткени өлкөнүн кээ бир алыскы аймактарында райондун борборунан алыс жайгашкан айылдарында жашаган жарандарга  мамлекеттик каттоодон өтүү кыйынчылыкты туудурат”, - дешет дин кызматкерлери.

Дегеле бул жашоодогу терс көрүнүштөр, атап айтсак, салт катары кабыл алынган кыз ала качуу, эрте жашында турмушка чыгуу, мамлекеттик каттоодон өтпөгөн никелер, өз жанын өзү кыюу, бири-бирин улай олтуруп, жарандардын турмуштан өз ордун табууга, бактылуу турмушта күн кечирүүсүнө тоскоолдук жаратып канчалаган тагдырлар талкаланып жатат. Мамлекеттик кызматкерлер, бийлик өкүлдөрү, укук коргоо кызматкерлери жана катардагы жарандар тарабынан мындай көрүнүштү жоюуга жасалган аракеттер, мыйзам долбоорлор, акциялар кандайдыр бир деңгээлде өз натыйжасын берет деген ишеничтебиз.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×