Добавить статью
5:22, 8 февраля 2012 95944

Бийликке кайрылуу

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Спикери А.Ш.Жээнбековго,

Премьер-министри Ө.Т.Бабановго,

Финансы министри А.Ү. Жапаровго

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюздарынын өлкөнүн түштүк областтарындагы комитеттеринин жана жогорку окуу жайлардын профсоюз уюмдарынын жалпы

эмгек жамааттарынын атынан

К А Й Р Ы Л У У С У

Урматтуу Асылбек Шарипович!

Урматтуу Өмүрбек Токтогулович!

Урматтуу Акылбек Үсөнбекович!

Биз, билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюздарынын Ош, Жалал-Абат жана Баткен областтык комитеттери, ошондой эле бул шаарларда жайгашып, алды 80 жылдан ашуун тарыхый жолду басып өткөн, мамлекетибиздин калыптанышында, өсүп-өнүгүшүндө эбегейсиз зор орду бар, ар кайсыл мезгилдерде жаш муундарга билим жана тарбия берип жана илимий изилдөө иштерин алып барууда олуттуу маниге ээ болгон жогорку окуу жайлардын атынан Сиздерге ушул жылдын башталышында бирин-экин гана маселе менен кайрылууну туура көрдүк.

Албетте, Кыргызстаныбыздын эгемендүүлүгүнүн бекемделишинде, анын дүйнөлүк аренада цивилизациялык өнүгүүгө багыт алган жаңыча өнүгүп келаткан жаш өлкө катары чыйралышында билим берүү, маданият, саламаттыкты сактоо, экономика, экология, саясат жана жалпы мамлекеттик идеологияны жүргүзүү, дегеле жашообуздун бардык тармактары үчүн заманбап ой жүгүрткөн жаш кадрларды сапаттуу даярдоо менен аз эмес илимий изилдөөлөр милдети жүктөлгөн жогорку окуу жайлардын тарыхый вазыйпасы ары жооптуу да, ары ыйык да экендигинде күмөн болбошу керек! өлкөбүздүн бүгүнкүдөй тарыхый оор сыноолорду башынан кечирип жаткан учурунда да жогорку окуу жайлардын кызматкерлери коомубузда кандай гана социалдык чыңалуулар, саясый процесстер жүрбөсүн, эң негизгиси стабилдүүлүктү, биримдикти сактоодо акыл-парасаттуулук жана сабырдуулук аркылуу башкаларга үлгүнүн эталону болууга да өзүбүздү милдеткер деп сезебиз. Тилекке каршы, жаңы саясый-экономикалык системага ылайыкташуунун өткөөл мезгили адеп-ахлакты, абийир-ыйманды, сабаттуулукту жана интеллигенциянын ордун дээрлик таптакыр четке сүрүп салгандай азыркы учурда башка өңүттөгү баалуулуктар доминанттык кылууда.

Ар кандай чыдамкайлуулуктун да чеги болоору белгилүү эмеспи! Андыктан коомубуздун социалдык эң жакыр катмарларынын бирине айланган, «Даңазасы улук, супурасы курук» билим берүүнүн жогорку мектебинде эмгектенип жаткан административдик башкаруу персоналынан тартып профессордук-окутуучулук курам, илимий кызматкерлер, окуу-көмөкчү, тейлөөчү жана техникалык персоналга чейинки жалпы кызматкерлердин бүгүнкү күндө алып жаткан эмгек акысынын өлчөмүн жогорулатууга кечиктирбестен көңүл бурулушу зарыл деп эсептейбиз! Ошентип саясый, кооптуу жана коогалаңдуу окуяларга жык толгон эки жылды катары менен өткөрсөк да, кирип келген жаңы 2012-жылдын башталышында бизди кабатырлантып турган жагдай, бул жаңы Президент шайланып, Парламентте жаңы Коалиция түзүлүп, жаңы өкмөт бекитилгени менен ЖОЖ системаларында эмгектенгендердин социалдык абалын жакшыртуу боюнча буга чейинки убадаланып келаткан сөздөр арык аттап, суу кечпеген бойдон калчудай туюлуп турат. Тактап айтканда, бир жылдан ашуун мезгилден бери Кыргызстандын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюздарынын Борбордук Комитетинин алдындагы билим берүү тармагында эмгектенгендердин эмгек акысын жогорулатуу боюнча аракеттеги республикалык штабдын талаптарынын бири бул, кайсыл жолугушууларда гана айтылып, канчалаган декларацияларда көрсөтүлбөсүн, К.Бакиевдин президенттиги учурундагы 2009-жылдын январь айынан баштап ЖОЖдордогу атайын каражаттарга киргизилген 20% өлчөмүндөгү салыкты Жогорку Кеңеште Салык Кодексине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү менен 2012-жылдын январь айынан тартып алып салуу жөнүндө эмнегедир жаңы өкмөт да, Жогорку Кеңеш да таптакыр ооз ачпай келүүдө.

Белгилей кетчү нерсе, ошол республикалык штабдын жыйындарына байма-бай катышып, бул боюнча ошол кезде өкмөттүн өпкөсүн сууруп алыш керек деп, элге боор тартып профсоюздар тарап болумуш эткен, бүгүнкү финансы министри А.Жапаров мырза Сиздин, партиялары коалицияга кирип калса эле дымып калгандай болушкан депутаттарыбыз Р.Акназарова менен Н.Никитенколордун позициясы бизге түшүнүксүз болууда.

Маданияттуурагын айтсак, «Ишенген кожоң сууга акса, алды-алдыңдан тал карма» дегендей, билим берүү жана илим министрибиздин мурдагы орун басары Б.Кубаев мындан туптуура бир жыл мурда Ошко келип, бүт түштүктүн окуу жайларынын ректорлорун чогултуп жыйын өткөргөндө профсоюздар 20% салыкты кайтаруу маселеси кантип атат деп сураганыбызда, мынакей бир-эки айда чечип салганы калдык деп министирликтин атынан бекем ишендиргени биздин эсибизден али чыга элек. Турмуш көргөзгөндөй, бул деген абройлуу министрлигибиздин катардагы эле өрдөк учуруусу болгондугун көрбөдүкпү.

Укуктук мамлекет болгон соң, бийлик өзүнүн айтканын аткаруусу, мыйзамдардын бири-бирине каршы келген оркойгон мүчүлүштүктөрүн жоюусу – башкы милдет болууга тийиш. Бул дегенибиз, Салык Кодексинин атайын каражаттардан так ушул 20% алуу боюнча буга чейин далай жолу айтылып келген статьяларынын «Билим берүү жөнүндөгү» мыйзамдын айрым статьяларына каршы келгендиги. Болбосо мунун тегерегинде өкмөт менен ЖОЖдор тирешип соттошуп жүрсөк, канча нервдер кайнап, нааразычылыктар күчөп, мунун эч бир тарапка абийир алып келбеши турган кеп эмеспи! Кыргызстаныбыздын шартында ЖОЖ деген бул коммерциялык, же киреше табууну көздөгөн мекеме эмес, анүстүнө алар билим берүүнүн мамлекеттин кызыкчылыгын көздөгөн саясатын жүргүзөөрү жашыруун эмес да. Анан эле кандай бийлик келбесин, мамлекеттин бюджетин көтөрүп беребиз, таңкыстыгын жоебуз, жыртыгын бүтөп беребиз деп ЖОЖдордун жонунан кайыш тилгендей эле, алардын тапкан каражатынын 20 пайызын шылып, минтип ансыз да араң калган кендирин кесе берсе, бүгүнкү бийликтин деле Акаев менен Бакиевдердин режиминен эмнеси артык? Азыркы бийлик ЖОЖдордо эмгек акыны төлөөнүн жаңы формасын киргиздик деген менен өзүбүз сатып алган жаңы көйнөктү эле эл көзүнчө өзүбүзгө кийгизип койду. Себеби алар өздөрү тапкан атайын каражаттардын эсебинен гана кызматкерлерге кошумча төлөө менен айлык маянаны аздыр-көптүр көтөрүп келатышты да. Бирдиктүү тарифтик торчону алып койсок эле эмгек акынын өлчөмү ашып кеткен жок, кайсыл көйнөктү кийсек да, ошол эле эле бойдон калдык, анткени ЖОЖдорго мамлекеттик бюджеттен эч бир колдоо болбогон соң муну ишке ашыруу кантип мүмкүн болсун?

Соңку статистикалык маалыматтарга ылайык, республика боюнча инфляция 15% жогорулаган, жашоо үчүн керектелген минимум 2010-ж 3734 сом, 2011-ж 4411 сомду, орточо эмгек акы 7400 сомду түзсө, түштүктүн ЖОЖдорунда 40-50 жылдан ашуун өмүрүн билим берүү менен илимге арнаган илимдин доктор-профессорлору колуна 10-15 миң сом тийер-тийбес айлыгы менен күн өткөрүшсө, ал эми илимий даражасы жок, көптөгөн жаш окутуучу-кызматкерлер менен катар лаборант, методист, китепканачы ж.б. кызматкерлер араң 3-4 миң сом алып жатса, жашаганга кантип болсун? Демек жүздөгөн, миңдеген адамдарыбыз жашоо үчүн керектелген минимумдун деңгээлиндеги гана маяна менен тиргилигин өткөрүп, ал эми көптөгөн мыкты кызматкерлерибиз соодага, же башка тармактарга кетип жатканы бекерден эмес да. Алардын үй-бүлөсүндө бери дегенде 2-3 баласы болсо, шаарда жашоо деген оңой эместиги, күйөөсү же аялы экөөнүн бири жумушсуз болсо, өзүнүн башында тамы жок батирден-батирге көчүп жашап жүрсө, инфляция деген асмандап турса, анан кантип жашоону ким айтат? Так ушундай жагдайлар түздөн-түз эле пара алууга, же коррупцияга түртүп жатканын эмнеге түшүнгүбүз келбейт? Андан өтүп, Кудай сактасын, болбогон 1000-2000 сом менен кармалып, жез тырмакка айланган укук коргоо органдарынын колуна түшүп калса, бери эле дегенде он, болбосо жүз эселеп зыян тартып, анысы аз келгенсип жүзүнө кара көө жабылып, эл арасында, бала-чакасынын алдында кемсинип азапка калып атпайбы! Анан ушинтип билмексен-көрмөксөн болуп өзүбүздү-өзүбүз алдап, декан мугалимден, ректор декандан, министирлик ректордон, өкмөт менен Жогорку Кеңеш министирликтен коррупцияны жой деп талап кылып, кайра эле баарыбыз көзүбүздү таңып алып, айланкөчөк-бекинмечек ойноп атпайбызбы!

Көрүнүп тургандай, «Башканы коюп, Манасты айт» демекчи, эмгек акысы туурасындагы бир маселенин тегерегинде айталы десек, ага кошулуп бир канча көкөй кескен маселелердин башы кылтыйып чыга келип атпайбы. ЖОЖдордогу эмгек акыны жогорулатуу үчүн бүгүнкү күндө албетте, салыкка төлөнүп жаткан 20% атайын каражат кайтса эле бул маселе толук чечилип калбайт. Анткени инфляция өсүп кетти, ал эми контракттык төлөмдү жогорулатууга карпайым элдин жон терисин сыйрыгандай болуп турмуш жол бербей турат. Контракттык төлөмдөрдүн азыркы өлчөмү болсо окуу жайлардын материалдык базасын дүйнөлүк стандарттарга ылайык өнүктүрүүгө, жаңы китептерди, компьютерлерди ж.б. каражаттарды сатып алууга, окуу имараттарына ремонтторду жүргүзүүгө, мунун соңунда сапаттуу билим берүүгө өбөлгө боло албай калды. Ошондуктан бүгүнкү күндө ЖОЖдорду 20% салыктан бошотуу менен бир аз болсо да ситуацияны жеңилдетүүгө болоор эле.

Бул убактылуу болсо да маселени чечүүнүн бир жолу дейли, ал эми келечек үчүн десек, бирок төмөндө бүгүнкүдөн кечиктирилбестен чечилүүнү талап кылган дагы бир олуттуу маселе турат. Соңку жылдарда мектептеги билим берүүнүн деңгээлин көтөрүүгө көңүл буруу менен катар ЖОЖдордун санын кыскартуу мамлекеттин оңолушунун өбөлгөсү болоору талашсыз экендиги бийик трибуналардан гана анча-мынча айтылбаса, иш жүзүндө байкаларлык кадамдар жасалбай келүүдө. Эгерде баарыбыз колубузду жүрөгүбүзгө коюп туруп, ЖОЖдордун саны көп, анан да коррупциялашып кеткен, саны бар сапаты жок делинип бизге тагылган көө жарлыктардан арылалы десек, Кыргызстан чындап өнүксүн десек, ар кайсыл бурчта чаласабат адистерди партиялап даярдап чыгарууну токтотуу зарыл деп эсептейбиз. Ансыз да билим берүү жана илим тармагындагы тамтыгы кетип айрылган көрпөнү ар кимиси өзүнө тарткан ЖОЖдор кыскарып сапатка өтүшү үчүн алардын жетекчилерине, ириде бийлик башындагыларга саясый эрк керек! Анткени заман талабына ылайык азыркы кезде адистиги боюнча ЖОЖдор жашашы керек. Айталы профилдик, же спецификалык багыттагы педагогикалык, гуманитардык, медициналык, техникалык ж.б. дегендей, алар оптималдаштыруу аркылуу ирилештирилүүгө жана кайра курууларга муктаж болуп турушат. Антпесек, алыска барып кантип окуйт деген менен сапатка көңүл бурулбай калууда. Бирин-бири кайталаган адистиктер бир эле шаардагы бир канча окуу жайларда кездешет. Лицензиялык, жогорку билим берүү үчүн зарыл болгон окуу-материалдык база жана профессордук-окутуучулук курамдын сапаттуулук көрсөткүчү боюнча талаптар бардыгы үчүн бирдей болбостон, көп учурда көз кысты, бармак басты принциби менен ЖОЖдордун эптеп жан багуунун айласын гана кылуусун шарттап келүүдө. Натыйжада айрым адистерди даярдоо боюнча мамлекет тарабынан бөлүнгөн бюджеттик орундар да кээ бир ЖОЖдордо толбой калып жатпайбы. Ал эми контракттык негизде эптеп эле өтүгүн сүйрөп келген абитуриент да көчөдө калбайт болуп, ЖОЖдордун бири болбосо бири сүйрөп кетип, майда окуу жайлар, филиалдар деп эле жашап жаткан менен көпчүлүк учурда окуу имараттарында эч ким жок бош, бирок окуу жүрүп жатат деп иш кагаз жүзүндө кетип, рынок десе эле акча табуу максатында ушинтип бир кыйла туура эмес аракеттерге жол берилип келүүдө.

Көптөгөн мыкты студенттерибиз чет өлкөлөргө тажрыйба алмашууга окуу стажировкаларга барып келип, ал жактагыларга салыштырмалуу башкасан айтпаганда да бизде окутулган материалдар бала бакча экен, окууга талап таптакыр башка турбайбы деп айтып аткандары бизди да осолдоно ойлонтуп атпайбы. Илгери чоң шаарга барып окугандын баркы, анан да окуунун баркы болуп, аз болсо да саз адистерди даярдап чыгарууга акцент кылынчу. Азыр заман башка болуп, сырттан окуйт дегендерибиздин арты айылда туруп басып келбей жатса, алды Казакстан, Россия, Европа, Азия, Америкада жүрсө кайдан келмек эле? Алардын төлөп койгон контрагына гана ыраазы болуп отурганыбыз менен мындай шартта жок дегенде өткөөл учурдун талабына ылайыкташып дистанттык окуу формасына бир жаңсыл өтүп албасак, уятыбыз барган сайын чыдатпай баратканын эмнеге жашырышыбыз керек?

Айткан сөзүңө жооп бер дейин десең эле азыр деген бийлик туруксуз болуп, бири келсе бири кетип жаткандан, мурдагы вице-премьер-министр Ибрагим Жунусов да өткөн жылдын апрелинде жаңы окуу жылына чейин чоң өзгөрүүлөр болот деп шымалана айткан менен эч нерсе болбогондугун дагын көрбөдүкпү. Жок дегенде эми ушул жылдагы жаңы окуу жылы башталганга чейин бирдеме болобу, кылчактабай-калтылдабай бул тармакта реформаларга кадам таштоого азыркылардын кудурети жетеби, келечекке карай үмүт жаратышабы деген суроо турганы-турган!

Ким билсин? Балким ЖОЖдордун кызматкерлери мектептердин мугалимдерине окшоп жол тоспойт, же иш таштабайт деген ишеничтер болсо, ЖОЖдордун чыдамкайлыгына, сабырына мурдагыдай эле чайкоочулук кылына берсе биздин бул кайрылуубуз жоопсуз калаар. Студенттер деген мектептин окуучулары эмес да, а эгерде контракт төлөп койгом окут деп жакаласа эмне кылабыз? Анда эле нормалдуу, мыйзамдуу жолдор менен сүйлөшүүлөр аркылуу чечилбеген маселе көчөгө чыкса бул жаман кесепеттерге алып келиши мүмкүн экендиги айдан ачык эмеспи!

А эгерде жаңы бийликтер ЖОЖдор маселесине чындап жүзүн бурса, терең ойлонушуп адилеттүү кадамдарга барышса, мындагы иштегендер татыктуу эмгек акыларды алышмак. Жогорку окуу жайда чыныгы адистер тандалып, эмгектенүүнүн да стимулу артмак жана бир кездердеги престижин кайтармак. Мунун баары өлкөбүздө стабилдүүлүктүн бекемделишинин, эл чарбасынын ар кайсыл тармактары үчүн сапаттуу кадрларды даярдоонун, түбү келип социалдык-экономикалык өсүштүн кепилдиги болмок!

Урматтуу Спикер, Урматтуу Премьер-министр,

Урматтуу Министр мырзалар!

Биздин бул кайрылуубузду Кыргызстан эгемендүүлүк алган жылдардан тарта бүгүнгө чейин социалдык жактан эң аярлуу болуп калып келаткан катмардагы миңдеген адмдардын эмгек тапкан, өмүрлөрү менен тагдырлары байланган чоң-чоң жамааттардагы тынчсыздануу катары кабыл алыңыздар! өткөн жылдардагы ар кандай капсалаңдар Кудай буюрса, убакыт өткөн сайын бизден улам арылап, коомубузда аздап болсо да нукка түшүп келе жаткан стабилдүүлүктүн бекемделип баратканын колдоо менен бирге, маселебиздин оң чечилишине чоң үмүт артуу менен сиздердин өлкөбүз бүгүнкүдөй кыйын кезеңдерди башынан кечирип жаткан кездеги эл-журттун оор жүгүн мойнуңуздарга алган түйшүктүү ишиңиздерге ийгиликтерди каалайбыз!

Ош областы боюнча:

Тойгонбаев Сабыр – Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюздарынын Ош областтык комитетинин төрагасы, Ноокат райондук Кеңешинин депутаты;

Аккулов Абдыжапар – Ош мамлекеттик университетинин бириккен профсоюз комитетинин төрагасы, география илимдеринин кандидаты, доцент;

Мамажакып уулу Чыңгыз – Ош мамлекеттик социалдык университетинин бириккен профсоюз комитетинин төрагасы, медицина илимдеринин кандидаты, доцент;

Кошбаев Алманбет – Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун бириккен профсоюз комитетинин төрагасы;

Арзыматов Азизбек – Ош технологиялык университетинин бириккен профсоюз комитетинин төрагасы.

Жалал-Абад областы боюнча:

Мурзакматов Кубанычбек – Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюздарынын Жалал-Абад областтык комитетинин төрагасы;

Болотбаев Керимбек – Жалал-Абат мамлекеттик университетинин профсоюз комитетинин төрагасы, физика-математика илимдеринин кандидаты, профессор.

Баткен областы боюнча:

Бөтөков Завиридин - Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюздарынын Баткен областтык комитетинин төрагасы;

Эшалиева Лайли - Баткен мамлекеттик университетинин профсоюз комитетинин төрайымы.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×