Добавить статью
7:51, 9 февраля 2012 18239

Мамлекетибизге радиоактивдүү көмүрдү алып келгендерди элибиздин келечегине чыккынчылык кылуу деп эсептейбиз

Кыргызстандын жаш демократтары коомдук бирикмеси Жогорку кеңештин төрагасына жана фракция лидерлерине кайрылуу жолдошту.

Урматтуу төрага! Урматтуу депутаттар! Урматтуу мекендештер!

Коомубузга белгилүү болгондой, акыркы учурдагы чуулгандуу радиоактивдүү көмүр маселесинде калкыбыздын калың катмарында жана чет өлкөлөрдө билим алып, иштеп жүргөн жарандарыбыздын нааразычылыктары туулууда. Парламенттеги фракция лидерлеринин көмүр маселесине кайдыгер кылган мамилелерине жана өкмөттүн жергиликтүү администрация башчыларын шайлоодогу коррупция менен алгылыктуу иш алып бара албай жаткандыгына социалдык интернет баракчаларында өтө ыплас сөздөр айтылып, сиздерге болгон ишенбөөчүлүк артып бараткандыгын баса белгилеп кетүүбүз абзел.

Мамлекетибизге радиоактивдүү көмүрдү алып келгендерди элибиздин келечегине чыккынчылык кылуу деп эсептейбиз жана токтоосуз түрдө мамлекеттик кызмат ордуна карабастан жоопкерчиликке тартууну талап кылабыз.

Саясий партияларды, коомдук жана өкмөттүк эмес уюмдарды тереңирээк көңүл буруп, биздин койгон талаптарыбызга кошулууга чакырабыз.

Жогорудагы белгиленген маселелерге бекем туруп бетин ачкан “Ата Журт” фракциясынын лидери Ташиев Камчыбек Кыдыршаевичке Европадагы, Орусия федерациясындагы жана Кыргызстандагы мүчөлөрүбүздүн атынан терең ыраазычылыктарыбызды билдиребиз.

Сиздерди терең урмaттоо менен А.К.Кутбидинов Швеция, Стокгольм.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×