Добавить статью
5:16, 13 февраля 2012 8476

Кош бол, жаратылыш сакчысы

Бүгүн биз кесиптешибиз,жаратылыш коргоочу, 30 жылдан ашык токой чарбаларда токойчудан баштап, директорлук кызматтарда иштеген, биз урматтаган Танабаев Абдымуса менен коштошуп, Жер Эненин кучагына бердик. Акыркы сапарга узатаарда молдокебиз, «Кандай адам эле», деп сурганда, жаназада турган эл, бир ооздон «Жакшы адам эле», - деп жооп берди.

Чынында эле Муса аке жакшы адам эле… Күйүп, жанып иштеди. Акыркы мүнөткө чейин, ооруп турса да кызматын аркалап, ооруканага барууга убакыт таппаса да, жумушка барып турду. Мен да бир жылдары бирге иштешип, ал кишиден таалим тарбия алдым эле.

Канчалаган оор, токой үчүн өмүрүбүздү тобокелге салган күндөр өттү, таяк жедик, кээде уурулар күчтүү болуп кетип доого жыгылып, Муса акени темир тордун артына алып кирип кетип, тамак ташыган күндөрүм болду.

Токой жана акыйкаттык үчүн жанын да аябайт эле.

Кийинки жылдары Мамлекеттик агенстводо иштеп жүрүп, кайберендерди чет элге саткан браконьерлерди кармап алып, ал жерден да колдоосуз калды. Ал эми ошого катышы бар азамат кызматтын чокусуна жетти. Ушундай оор жагдайлар, акыйкатсыз чечимдер, жаратылышты кордоочулардын көтүгү жана күчтүүлүгү, тынымсыз жаратылышты коргоодо ден соолуктан ажыраганын акыркы күндөрү билиптир.

Мүмкүн, өз агасын мактап жатар дешээр, бирок, бири-бирибизди мактабасак, колдобосок, кыргыз жаратылышын коргоочуларын башын кантип бириктирип, ата бабаларыбыздын парзын кантип аткарып, ушул кооз табигатты урпактарыбызга ушул бойдон өткөрүп бере алабыз, бир тууганым?

Убакыт өтөт, сиз да биз да өтөбүз, эч кимдин эсинде деле калбасак керек, бирок, ошол биз тиккен токой көйкөлүп өсүп, мөмөсүн берип, көлөкөсүндө балдар ойноп, канаттуу куштар сайрап турса, тоолордо кайберендер чуркап, улардын үнү таңшып, булактардарда суунун дабышы угулуп турса - бул биздин тирүүлүгүбүз, бактыбыз. Ал эми дагы бир «реформатормун» деген эрен чыгып, жаратылыш коргоочу тармакты жок кылып, сиз тиккен токой адырга айланса, анда ал элибиздин кайгысына, трагедиясына айланат. Себеби, Кыргызстандын жалпы аянтынын 5%га жетпеген токой азайып, булактар соолуп, мөңгүлөр калбай калган болот.

Жаратылышты коргоочулар, Кыргыз элибиздин кайталангыс, табигаттын ач жылаңач, колунда таягы менен болсо да коргоп келди, бирок, азыркы күндө өзүңөр да коргоого муктаж болуп турганынарды жаныбыз менен сезип турабыз.

Элибизге өмүр бою ак кызмат өтөгөн, эмгеги сиңген көп даражалуу аталарыбыз да жаратылышты коргоочу орган болуп калуусун өтүнүп, кайрылып, жооп ала албай ичтеринен сыздап турат.

«Дүйнөдө кандай гана жаман нерсе болсо акындардын жүрөгүнөн өтөт», дегендей аталарыбыз да биз менен бирге Жер энеге, Жараткандын үйү жаратылышка кыянатчылык да, чыккынчылык кыла албай колдоруна калем алгандыр.

Кош бол, жаратылыш сакчысы - Муса аке. Сиз тиккен токойлор, улуу тоолорубуздагы кайберендер жетимсиреп калды. Жайыңыз жаннаттан болсун, омийин.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×