Добавить статью
10:08, 13 февраля 2012 100013

Бийлик башындагыларды «Кыргызнефтегаздагы» абал ойлондурууга тийиш

Жалал-Абад областында жайгашкан Кочкор-Ата шаарындагы «Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коомдунда соңку учурларда кырдаал татаалдаша баштаганда, биз бул жагдай тууралуу 2012-жылдын 3-апрелинде митинг өткөрүп, президент А.Атамбаевге, Жогорку Кеңештин төрагасы А.Жээнбековго, премьер-министр Ө.Бабановго, фракция лидерлерине, Жалал-Абад областтык мамлекеттик администрация башчысы-губернатордун милдетин аткаруучу А.Турсунбаевге Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Осмоновго, Кочкор-Ата шаарынын мэри К.Эгембердиевге кайрылуу жасадык.

Ал кайрылууда төмөнкү маселелер камтылган:

2010-жылдын апрель революциясынан кийин «Кыргызнефтегаз» ААКнын эмгек жамааты, Кочкор-Ата шаарынын, Ноокен районунун тургундары «Кыргызнефтегаз» ААКнын мурдагы жетекчиси И.Пирматовдун мыйзамсыз иш аракеттери менен Кыргыз мамлекетине, эмгек жамаатына миллиондогон чоң зыян алып келип, коррупциялык схеманы М.Бакиев жана башка мамлекеттик чоң кызматкерлер менен түзүп, атайлап ишкананы кыйратууга-банкротко алып келүү пландаштырылгандыктан ээлеген ордунан бошотуп, «Кыргызнефтегаз» ААКнын эмгек жамаатына элдик бийлик орнотуп, өз жетекчилерин шайлап алышкан.

Тилекке каршы, 2011-жылдын жыйынтыгы менен мамлекеттик ишкананын таза кирешеси 400 млнго жакын сомду түзүп, 2009-жылга салыштырмалуу 20 эсе көп түзсө дагы, 2011-жылдын башынан баштап мурунку жетекчи Жогорку Кеңештин депутаты И.Пирматов баш болгон мамлекеттик чоң чиновниктер мамлекетке келтирген зыянды жашырып, өз адамдарын койгонго аракет жасагандыктан «Кыргызнефтегаздын» эмгек жамааты, Кочкор-Ата шаарынын, Ноокен районунун тургундары 2011-жылдын 4-мартында ишкананын жамаатын коргоо боюнча «Ноокен райондук элдик комитети» коомдук бирикмесин түзүшкөн.

2011-жылы 6-июнь күнү президент, ошол кездеги өкмөттүн башчысы А.Атамбаев «Кыргызнефтегаз» ААКнын жамааты, Кочкор-Ата шаарынын, Ноокен районунун тургундары менен жолугуп, мамлекеттик ишкананы эч кимге бербейбиз, сатпайбыз жана ишканага колдоо көрсөтөбүз деген убадасын берип, эмгек жамаатын турукташууга алып келген. Биз ошол кездеги Кыргыз Республикасынын мамлекет башчысы Р.Отунбаевага, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн башчысы А.Атамбаевге, Жалал-Абад областынын мурдагы жетекчиси Б.Асановго ыраазычылык билдиргенбиз. Себеби, бийлик менен элдин ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп, элдин көйгөйлүү маселелерин чечип, Казакстан Республикасындагы Жаңы-Өзөн шаарындагы нефтчилер менен бийлик ортосундагы кагылышууларга окшош окуяларга жол берген жок.

2012-жылдын 3-февралында Ноокен районундагы «Кыргызнефтегаз» ААКда болгон митингинде 4 пункттан турган токтом кабыл алынып, Кыргыз Республикасынын жогорку мамлекеттик кызматкерлерине кайрылуу жөнөткөнбүз. Ошол кайрылуунун эн негизги максаты – Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан «Кыргызнефтегаздын» директорлор кеңешинин мүчөлөрүнө жана анын тышкы башкаруучусунун орун басарына кылмыш ишин козгоо аракетинде улам текшерүүлөр болуп, биздин эмгек жамаатына терс таасирин көрсөтүп жаткандыгын айтканбыз. Ошондой эле Жогорку Сотто 2012-жылдын 9-февралында «Юни Трейд компани» ЖЧКнын «Кыргызнефтегаз» ААКга берген доо арызы мыйзамсыз экендигин белгилегенбиз. Сот адилеттүү чечим кабыл алды.

«Кыргызнефтегаз» ААКнын эмгек жамааты Кочкор-Ата шаарынын, Ноокен районунун тургундары азыркы бийликке ишеними жоголуп баратат. 2011-жылдын апрель айынан бери Башкы прокуратурада «Юни Трейд компани» ЖЧКга ачылган 3 кылмыш иши кыймылдабай турат. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн ведомстволор аралык комиссиясынын корутундусунун негизинде мамлекеттик ишканага 500 млн сомдон ашуун зыян келтиргендигине карабастан, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы эч кандай чара көрбөй келе жатат. Тилекке каршы, кайра коррупция өнүгүп, «Кыргызнефтегаз» ААКнын директорлор кеңешинин мүчөлөрүнө жана тышкы башкаруучусунун орун басарына мыйзамсыз иш аракеттерин жүргүзүүдө.

Ошол себептүү 2012-жылдын 9-февраль күнү кайрадан «Кыргызнефтегаз» эмгек жамааты Кочкор-Ата шаарынын, Ноокен районунун тургундары нааразы митингин өткөрүп, «2012-жылдын 3-февралында Ноокен районундагы «Кыргызнефтегазда» болгон митингдин токтомунун аткарылышы жөнүндө» маселени карадык.

Биз Кыргыз Республикасынын президенти А.Атамбаев 2012-жылдын 30-январында Коргоо кеңешинде сүйлөгөн сөзүн толук колдйбуз. Ал «Кыргызстанда коррупция астрономиялык масштабда чоңоюп кеткен, мамлекеттик чиновниктер ким гана болбосун ошолор менен байланышып, алардын балдары, туугандары уурулук жасап, мамлекетти тоноп жатат. Алар мамлекеттин башкы уурулары жана коррупционерлери» деп туура жана так айтты. Ноокендиктер, нефтчилер Атамбаевдин сөзүн митингдин катышуучулары толук колдойт жана президент А.Атамбаевге ар тараптан коррупцияны женүүгө жардам берет.

Азыркы убакта Кыргыз Республикасында сот, прокуратура жана финансы полиция системасын түп тамыры менен ондоп, реформа жасоо керек деген сөзүн колдойбуз.

Митинг өткөрүүдө койгон талабыбыз төмөнкүлөр болуп жатат:

Башкы ррокурору А.Салянованын 2011-жылдын апрель айынан бери «ЮниТрейд компани» ЖЧКга ачылган кылмыш иштерин аягына чыгарып, жыйынтыгы боюнча «Кыргызнефтегаз» ААКнын эмгек жамаатына толук маалымат берсин.

«Кыргызнефтегаз» ААК директорлор кеңешинин мүчөлөрүнө жана «Кыргызнефтегаздын» тышкы башкаруучусунун орун басарына кылмыш иш козгоо жөнүндөгү негизсиз иш аракеттери токтотулсун.

Кыргыз Республикасынын финансы полиция мамлекеттик кызматы жоюлсун. Биздин талабыбыздан кийин 1-вице-премьер Аалы Карашев келип, 2012-жылдын 10-февралында «Кыргызнефтегаз» ААКда эмгек жамааты, ишкананын жетекчилери, бөлүм башчылары менен жолугуп, 2012-жылдын 3 жана 9-февралында эмгек жамаатында болуп өткөн нааразчылык митингинде көтөргөн маселелерди талкуулады.

Жолугушууда биздин талаптар жана Кыргыз Республикасынын өкмүтүнүн башчысы О.Бабановго азыркы убакта «Кыргызнефтегаздын» ишкерлеринин тегерегинде болуп жаткан мыйзамсыз иш аракеттери жөнүндө маалыматты так жана адилеттүү жеткирип, туура чечим кабыл алышын сурандык.

Ал төмөнкү маселелелер:

1. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан директорлор кенешинин мүчөлөрүнө жана ишкананын тышкы башкаруучусунун орун басарына мыйзамсыз иш аракеттеринин негизинде кылмыш иш козгоо аракетинде мыйзамсыз текшерүүлөр болуп жатат.

2. 2011-жылдан бери «Юнитрейд компани» ЖЧКда жана КР Жогорку Кенешинин депутаты И.Пирматовго ачылган кылмыш иши Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан козголбой кыймылдабай жатат.

3. Өкмөттүн 2011-жылдын июнунда ишкананын 2008-2010-жылдардагы ишмердүүлүгүн текшерүү үчүн түзүлгөн ведовстволор аралык комиссиянын (төрагасы К.Сапарбаев) жыйынтыгы боюнча Башкы прокурор А.Салянова эч кандай жыйынтык чыгарып, мамлекетке 500 млндон сомдон ашуун зыян келтирген чиновник коррупционерлерге кылмыш ишин козгогон жок.

Башкы прокуратуранын ведомстволор аралык тергөө тобунун жетекчиси У.Калыковго жөнөткөн катыбыз жүзүндө жыйынтык чыккан жок. Коррупция мамлекетибизде 20 жылдын ичинде аябай өсүп өнүккөн.

Прокуратура толугу менен реформаланып, мамлекеттин кызыкчылыгын ойлогон прокуратура кызматкерлери дайындалсын.

4. Кыргыз Республикасынын финансы полициясы мыйзамсыз, негизсиз 32 млн сом «Кыргызнефтегаз» ААКнын мамлекеттик салык боюнча карыз деп кылмыш ишин козгогон. Бул маселе боюнча ишкана мамлекеттик салык кызматы менен соттошуп, сот аркылуу өзүбүздүн укугубузду коргоп жатабыз.

КыргызРеспубликасынын финансы полиция мамлекеттик кызматын жоюлсун деген талап коебуз.

5. Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун чечиминин негизинде «Юни Трейд компани» өзүнүн бургулоочу агрегатын «Кыргызнефтегаздан» чыгарып кетиш керек эле. Тилекке каршы азыркы күнгө чейин «Кыргызнефтегаз» ААК бургулоочу агрегатты кайтарып жана тейлеп, 10 млн сомго жакын зыян тартып турат.

Кыргыз Республикасынын сот системасын реформалап, акыйкат соттордун шайлануусун суранабыз.

6. Мамлекеттик маалымат каражаттары КТРК башчысы К.Оторбаев, ЭлТР башчысы Шайырбек уулу Абдрахман, 5-канал 2011-жылдын апрель айынан бери «Кыргызнефтегаз» жамаатын телевидение жана радиодон таза жана акыйкат чагылдырбай келе жатат. Биз бир нече жолу К.Оторбаевге телефон аркылуу жана жазуу жүзүндө акыйкатты көрсөтсүн деп кайрылганбыз. Бирок И.Пирматовдун оюнан чыга албай жатат. ЭлТРдин жетекчиси Шайырбек уулу Абдрахман мамлекеттик кызыкчылыктан жердештик кызыкчылыкты жогору баалап, жердештери И.Пирматовдун, С.Четимбаевдин оюн көрсөтүп Кыргызстандын элине ишкана боюнча акыйкаттык көрсөтпөй тескерисинче жердештерин көп чагылдырып, алардын туура эмес ойлорун көрсөтүп жатат. А.Атамбаевден, Жогорку Кенештин торагасы А.Жээнбековдон, өкмөттүн башчысы Ө.Бабановдон КТРК, ЭлТРК жана 5-канал мамлекеттик телевидениеден мыйзам чегинде ордуна коюп, акыйкатты чагылдырсын деген талапты коебуз.

7. Кыргыз мамлекети 20 жылдык эгемендик күндөн бери «Кыргызнефтегаз» ААКнын эмгек жамаатына Советтер Союзу убагындай бир сом дагы жардам берген жок, тескерисинче ишкана бутуна туруп, акыркы 2010-2011-жылдары ишкананын ичиндеги коррупцияны жеңип, мамлекеттик бюджетке акыркы жыйырма жылда бербеген салык, соцфонд жана дивидендине 822 млн сом акча төлөп берди, таза киреше 605 млн сомду түздү, орточо айлык акысы 18 миң 600 сомду түздү.

Кыргыз Республикасында коррупцияны жеңип, «Кыргызнефтегаз» ААКнын эмгек жамаатындай мамлекеттик бюджетке миллиондогон акча түшүрүп, таза кирешесин көбөйтүп, эмгек акысын көбөйтсө болот.

8. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнөн «Кыргызнефтегаз» мамлекеттик ишкананын базасында үлгүлүү семинар өткөрүүнү суранып, Кыргызстанда коррупцияны женгени болот деген ишеним пайда болду.

9. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлк фондунун директору М.Аманкуловдон «Кыргызнефтегаздын» директорлор кеңешинин мүчөлөрү 2010-жылдын май айында 3 жылдык мөөнөткө шайланган. Ошол себептүү мөөнөтү аяктаганга чейин ордуна калтырууну сурап жатабыз.

Кыргыз эли азыркы мамлекеттик жетекчилердин айланасында убагында А.Масалиевди, А.Акаевди, К.Бакиевди саткан мамлекеттик чиновниктер - коррупционерлер тегеренип жүрүшөт. Элдин башкы максаты ушул мамлекеттик коррупционерлер-кошоматчылардан арылуусу керек.

Кыргыз Республикасынын президенти А.Атамбаевдин 2011-жылдын 30-январында КР Коргоо кенешинде коррпуцияга каршы сүйлөгөн сөзүн колдойбуз. КР өкмөт башчысы Ө.Бабановго 2012-жылдын 3 жана 9-февралында болгон нааразычылык митингдин кайрылуусуна ыкчам убакытта өкмөт башчысынын биринчи орун басары А.Карашевди «Кыргызнефтегаздын» эмгек жамаатына жөнөтүп, жолугуп, ордунда көтөргөн маселелерди чечкени үчүн ыраазычылык билдиребиз. Бийлик менен элдин ортосунда тез-тез жолугушуулар болуп турса, алдыдагы кыйынчылыктарды жеңебиз жана мамлекеттик денгээлдеги коррупционерлер жок болот.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×