Добавить статью
2:36, 15 февраля 2012 7883

Курултай деген эмне?

Курултай;- бул миңдеген жылдар бою сыноодон өткөн Ата жолубуз. Курултай деген;- Кыргызстан үчүн күйгөн ар бир адамдын эл үчүн жасайм деген алгылыктуу иштерине айкын жол ача турган

Эл менен Бийликтин биргелешкен жыйыны!

Максаты: «Көрүнгөндү» туурап жана алдана бербей, Эл өз тагдырын өзү чечүүсүнө жетишүү. Элдүүлүгүбүздү сакташ үчүн бардык аракетибизди Кыргызстан үчүн багыттоо. Тажырыйбалуу карылар, билимдүү жаштар, професионал кесипкөйлөр менен бирге кыргызстанды алга сүрөө.

Курултай кантип түптөлдү? Бул ишти башташ үчүн 2010-жылы сентябрь айында патриот адамдар тарабынан Бишкек шаарында алгачкы уюуштуруу жыйыны болуп өттү. Курултай ишин уюштуруучулар ар дубандан өкүлдөр шайлап, ал өкүлдөр үгүт жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө жер-жерлерге жөнөтүлдү. Алар ар чөйрөдө жана айылдарда жыйындар өткөрүштү.

Декабрь айынан баштап 2011-ж. март айына чейин Талас, Нарын, Ысык көл, Ош, Жалалабат, Баткен, Чүй областарында, Ош менен Бишкек шааларында миңдеген адамдар катышкан жыйындар болуп өттү. Ал жыйындарда бийлик структурасында иштебеген адамдардан тандап Эл өзү ар чөйрөдөн бирден адамды 2011-жылы күзүндө Бишкекте өтө турган Элдик Курултайга делегат шайлашты.

Элдик Курултайдын жүрүшү. 2011-жылы 9 – 11 сентябрь жана 26-ноябрь күндөрү Кожомкул атындагы спорт сарайда ар бир жолу 1200 делегаттардын катышуусунда эки сапар Жалпы Элдик Курултай болуп өттү.

Анда Конституцияда жазылган «Эл – бийликтин ээси» деген закон турмушка ашыш үчүн Президенттен баштап бардык бийлик бутактары Элге баш ийиши керек экендиги айтылды. Ал үчүн «Жалпы Элдик Курултай бүгүнкү Конституциянын 52-курултай беренесине толуктоо катары көзөмөл кылуу жана багыт берүү укугу менен киргизилиши керек» деген чечимге келип, Жалпы Элдик Курултайдын резолюциясы Парламентке жөнөтүлдү.

Курултайдын бүгүнкү абалы. 2012-жылы январда Жогорку Кеңештин биринчи окуусунда курултайдын резолюциясы талкууга алынды. Анда Курултай «көзөмөл кылуу» укугунан ажыратылып, мурдагы Акаев менен Бакиев өткөргөн «кеңеш берүү» укугу менен чектелген «жарым жан» курултайлардын деңгээлине түшүрүлдү.

Көпчүлүк депутаттардын колдоосунда кабыл алынган ал долбоорду кайрадан «жөнөкөйлөтүп оңдоп» иштеп чыгуу милдети курултайдын Төр кеңешине тапшырылды. 20 жыл бою элге отчёт бербей, өз билгендерин кылып көнгөн Бийлик мурдагы көнүмүш «жыргалдуу» жолунан ажырагысы келбей жаткандыгы анык болду.

Бийликтин элге отчёт берүүдөн баш тарткандыгын кайрадан элдин талкуусуна коюу үчүн курултайдын Төр Кеңеши жер-жерлерге жөнөп, аны «Мекенчил күчтөр» уюмунун жетекчилери колдоп, областтарда эл менен жолугушуу өткөрүлүүдө. Бардык чөйрөдө Эл өз мүдөөсүн толук кандуу ишке ашырууну талап кылып жатышат.

Курултайдын тарыхы. Жалпы Элдик Курултайдын чечимдерин аткарган үчүн Чыңгызхан дүйнөдө теңдеши жок падышалык түзгөн. Ага чейин V кылымда Аттила (Адилхан) атабыз Курултайдын күчү менен Бүткүл Европанын Императору болууга жетишкен. Себеби ал заманда Батыштын тарыхчылары:– «Бардык маселени жалпы гундар кеңешип чечет» -деп жазышкан. (2200 жыл мурда кытай тарыхы кыргыздары «Ге Гун» деп атаган ‰ч‰н кыргыз мамлекетт‰‰л‰г‰н 2200 жылдыгын БУУ кабыл алганын эстейли).

Европадан кайтып келген гундар (кыргыздар) Ислам динин жайылтуу үчүн келген араптардан жеңилип, VIII к. Орто Азиядан Алтайга качкан. Алтайдагы кыргыздардын аракети менен Энесайда эмес, Алтай жергесинде IХ кылымдагы Улуу Кыргыз Кагандыгы дагы Курултай аркылуу тургузулган.

Ал кагандыгыбыз Х кылымдагы Алтайда башталган 100 жылга созулган Улуу Кургакчылыктан качып, Түркия жергесине ооп кеткен. Ала Тоодо кыргыздын Арслан Карахан баштаган кичине бөлүгү калганбыз. XIII кылымда Чыңгызхан ошол курултайлардын эрежесин колдонгон ‰ч‰н бийик даражага кµтµр‰лгµн.

Эгерде биз эгемендик алган күндөн баштап Курултайды бардык бийликтин башына коюп, эл өзү бийликти көзөмөлдөп турганда Акаев менен Бакиев жана Парламент Башмыйзамды тарпын чыгара которуп, байлыгыбызды чачып, жерибизди сатып, элибизди атып, миллиондорду ала качып, калкыбыз азыркы кыйынчылыкка батып калбайт эле. Демек бийликтин «оюнчугуна» айланып, элибизди туңгуюкка кептелишин шарттаган Башмыйзамдан курултайдын чечимдери жогору турууга тийиш.

Курултайдын милдети. Президент баш болуп бүт бийлик бутактары эл алдында отчёт берип, чоң кичине дебестен бардык маселелерди Курултайда эл өкүлдөрү менен кеңешип чечүүсүн камсыз кылуу. Эл менен биргеликте мамлекеттин өнүгүү багытын аныктоо.

Жер-жерлердеги өз көйгөйлөрүн толук айтуусуна эл өкүлдөрүнө мүмкүндүк берүү жана Курултай колдогон маселени акыйкаттык менен аткарууга Бийликти милдеттендирүү. Демек Башмыйзамдагы: - «Эл – бийликтин ээси» деген законду толук кандуу ишке ашыруу.

P. S. Бийлик структурасында иштеген адамдар курултайга мүчө боло албайт. Себеби алар курултайга отчёт бериш керек. Ага кошумча мурдагы жолун көздөп жаткан Бийликке Эл ишенбей калды. Ал эми өз чөйрөсүнүн ишенимине ээ болгон, бийлик структурасында иштебеген, ар бир адам Курултайга мүчө болууга жана анын ишке ашышына аракет кылууга тийиш.

Бардык маселени чечүүгө бийлик адамдарынын мүмкүнчүлүгү жетпейт. Ошондуктан «Кыргызстан өсүп-өнсүн» деген ар бир адам жана уюм курултайдын чечимдеринин аткарылышына салымын кошуусу зарыл. Албетте ар кимге аракетине жараша привелегиялар түзүлүп, ар тараптуу акыйкаттыкты орнотуу керек. Кетирилген ар бир кемчиликке кечиримсиз чаралар көрүлүүгө тийиш. Ошондо гана Кыргызстан бакыт-таалай орногон өлкөгө айланат.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×